Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 05:35

Эмгек сиңирген артист, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин сөөгү 10-декабрда кичи мекени - Чүйдөгү Эркин-Сай айылында жерге берилди. Кыргыз театры жана кино тармагында таланттуу актер жана режиссер катары таанылган өнөр ээси 8-декабрда 47 жашында Бишкекте мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

Ата жолун жолун жолдогон актер

Актердун тажиясында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, Эл жазуучусу Султан Раев президенттик фонд актердун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, 100 миң сом бөлгөнүн билдирип, маркумдун адамдык, актерлук касиеттерине мындайча токтолду:

- Марат Козукеев өзгөчө жигит эле. Анын дүйнө салышы чоң жоготуу. Эми экинчи Марат жаралбайт. Мараттын атасы Жумабек Козукеев байкени да билип калдым. Ал киши 46 жашында көз жумса, сен 47 жашыңда кеттиң. Жүрөгүң менен ойногон актер элең. Эми атаң Жумабек байке бейиштин эшигин ачып, тосуп алар...

1988-1992-жылдар аралыгында Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актерлук факультетин бүтүргөн адис алгачкы эмгек жолун 1992-1993-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган.

1994-жылдан тартып ал кыргыз театрларынын флагманы болгон Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке кирип, ал жерде өмүрү өткүчө эмгектенди. Бул ортодо театралдык актер катар ондогон образдарды жаратып, кино жаатында “Аталар керээзи”, “Гаишниктер” сыяктуу тасмалар баш болгон фильмдерге катышкан. 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардак наамын алган.

Актерлуктан режиссерлукка

Марат Козукеев акыркы жылдарда актерлук кесиптен режиссерлук жакка басым коюп, 2015-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклин кайрадан сахнага алып чыккан. Жаңы режиссердун көз карашында сахналашкан бул спектакль театр күйөрмандарынын арасында кызуу талкуу жаратып, ЖМКда кыргыз театрына дүйнөнү жаңыча көрө билген таланттуу режиссер пайда болгону тууралуу пикирлер айтылган.

Ийгиликке шыктанган Козукеев андан ары өз чыгармачылыгын режиссерлук нукка буруп, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп бекиген. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү басылмалардын биринде мындайча сөз кылган экен:

Марат Козукеев сахнада. 24-август, 2013-жыл.
Марат Козукеев сахнада. 24-август, 2013-жыл.

- Экинчи спектаклим “Коркут ата” болду. Ал дагы ийгилик алып келди деп ойлойм. Аны менен Түркияга, Казакстанга барып келдик, эми Азербайжанга чакыруу болуп жатат. Соңку эмгегим акын Бактыгүл Чотурова театрга сунуш кылган “Тумар ханыша” спектакли болду. Ал дагы минтип эл аралык конкурста баш байгени алып отурат. Бул өлкөдөгү бардык театрлардын жеңиши деп эсептейм. Жетекчи катары абдан сүйүндүм. Анткени бул биринчи кезекте көрүүчүнү чакырат. Бир кезде театр тунжурап калган. Акыркы жылдары көрүүчүлөрдүн, анын ичинде жаштардын көп келиши кубандырат. Мен дайыма айтам, көрүүчүсү жок театр — театр эмес.

Марат Козукеевди акыркы сапарга узаткандан кийин “Коркут Ата” тарыхый спектаклин жазган драматург Кайрат Иманалиев буларды кеп салып отурду:

- Биз бул спектакль менен көптөгөн өлкөлөрдө баш байгеге ээ болдук. Ошол кароо-сынактарда мен-мен деген театр сынчылары Марат Козукеевдин режиссерлук өнөрүн, табылгасын өзгөчө баалап, "мурда "Коркут-Атаны" көп эле спектаклден көргөн элек, бирок бул жолку табылга, бул жолку изденүү, бул жолку режиссуралык чечим боюнча сөз айтуу кыйын" дегендей абдан күчтүү пикирлерин айтышкан. Ошондуктан биз бул режиссер менен өтө ынтызар болуп иштешчү элек.

"Коркут-Ата" спектаклинен көрүнүш. 2017-жыл.
"Коркут-Ата" спектаклинен көрүнүш. 2017-жыл.

Иманалиев режиссер өмүрүнүн аягында да өз жумушун бүтүрүүгө жан-дили менен аракет кылып жүргөнүнө күбө болгонун айтты:

- Мен бир пьеса жазып, Боронбай бий боюнча, азырынча анын атын да толук кое элек элекпиз, аны да Марат сахналаштырып жаткан. Күздөн бери аябай кызуу иштегенбиз. Эмнегедир акыркы мезгилде өтө шашып иштеди. Көзү өтөр күнү эле мени чакырып, "бир көрүп берсең болот эле, эртерек көркөм кеңешке тапшырсак болот эле" деп жолукканбыз. Биздин сахнада негизинен тарыхый чыгармалар көп коюлду да. Бул спектаклди ошолордон айырмалана турган өзгөчөлүктөр менен сахналаштырып жаткан.

XVIII кылымдын инсандары катышкан бул чыгармага режиссерлук кылган Козукеев аны "жаңы жылга чейин коюп калалы" деп шашып иштеген. Спектакль 10 күндөн кийин тапшырылып, тагыраагы, 20-декабрда бет ачары өтмөк.

Жакындарынын айтымында режиссер ушул убакка чейин кант диабетинен жабыркап, дарыланып келген. Кесиптештери буга улай режиссер өз мүмкүнчүлүгүн сөз менен эмес, иш менен далилдегенди жакшы көргөн, жеке турмушун, өзүн элдин көзүнөн далдаа кармаганды жактырган инсан болгонун кеп кылышат. Режиссердун кесиптеши Жолдошбек Жанжигит уулу анын мүнөзүндөгү айрым өзгөчөлүктөрүн сөз кылды:

- Бардыгы эле билет, Марат ага өзү жашоосунда чоң талант болгону менен азыркы көндүм жашоодон өзгөчөлөнүп жашай турган. Тактап айтканда тасма тартууга чакырса барчу эмес, журналисттер маектешүүгө чакырса баш тартып койчу. Гезит, журналдардан качып турар эле. Ал жалаң театр менен кинодо гана жан-дили менен иштеп келген. Ушундай эмгекчилдигинен улам акыркы кезде режиссерлук кесипте да өзүнүн чыныгы талантын көрсөтө алган.

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры.

Жанжигит уулунун айтымында, Марат Козукеев 8-декабрда жумуштан үйүнө кечинде келип, жуунуп чыгып, "Тез жардам" келгиче үзүлүп кеткен. Ал акыркы мезгилде кесиптештери режиссерго дарыланып алууну сунуш кылып, бирок ал көнбөй койгонун өкүнүү менен кеп кылды.

Кийинки мезгилде “жаңы муундун режиссеру” деп тааныла баштаган Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында, чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ушул театрда иштеген. Маркумдун артында үч баласы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG