Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Булбул үндүү ырчынын тили катты


Элмира Кайып кызы.
Элмира Кайып кызы.

Кыргыз эстрада ырчысы Элмира Кайып кызынын сөөгү 2-сентябрда Бишкектин четиндеги Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду. Коштошуу зыйнатында замандаштары таланттуу ырчы өзүнүн аз өмүрүндө мукам үнү менен угармандардын сүймөнчүлүгүнө айланганын белгилеп, бирок, тилекке каршы ага эч кандай мамлекеттик наам берилбей калганы өкүндүрүп турганын айтышты.

Элмира Кайып кызы алгач Рыспай Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадага Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен келген. Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” аттуу ыры менен калктын калың катмарына таанылып, “Сүйүү ыры”, "Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы", "Жылдыздуу түн", "Кыялдагы мырзага" аттуу жана башка ырларды ийине жеткире аткарган.

Булбул үндүү ырчынын тили катты
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:54 0:00
Түз линк

Таланттуу аткаруучу менен коштошуу зыйнатында маркумдун агаларынын бири Абдыкадыр Байтоков болочок ырчынын балалыгын мындайча эскерип турду:

- Карындашыбыздын бала кези азыр да көз алдымда. Чындыгында өтө шок кыз эле. Корообузда көп жылдан бери өсүп турган бай түп өрүк боло турган. Кичинекей Элмира анын башына чыгып алып түшпөй бизди далай азапка салган. Мектепте окуп жүргөндө да аябай тентек кыз болду. Бирок сабагын жакшы окуду. Математика сабагынан республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрдү.

Элмира Кайып кызы.
Элмира Кайып кызы.

Орто мектепте ырчыны окуткан мугалими Мурат Жетимишбаев жыйырма жылдай сахнада ырдап келген окуучусу мамлекет тарабынан эч кандай наамга ээ болбогонуна кейип, буларды айтты:

- Буулуккан булбулубуздун үнүн мындан ары уга албайбыз. Бул ачуу чындык. Көл ак куусуз калды. Мындан ары Элмира жээктеп басып Ысык-Көлүнө суктана албайт.

1992-жылы айылдык орто мектепти күмүш медаль менен аяктаган Элмираны атасы келечекте математик болот деген тилек менен Бишкек шаарындагы финансы техникумуна өткөрөт. Бирок, чыгармачылыкка ышкысы арткан кыз атасы айылга кетери менен Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияны издеп таап, сынак тапшырып, чыгармачылыктын чыйырына түшөт.

Ошол жылдарда Элмира Кайып кызы менен чогуу окуган эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев курсташын мындайча эскерди:

- Биз баарыбыз Улукмырза Полотов агайдан окуп калдык. Кыздардын ичинен Кенже Кубатова менен Элмира Кайып кызынын үнү өзгөчө болчу. Элмира комуз менен ырдаганда үнү ийкемдүү болгондуктан ар бир ырды чегине жеткире аткарар эле. Ошол эле учурда ал ар бир чыгармага өзүнүн жүрөгүн берип ырдачу. Элмира экөөбүз Сталбек Бактыгуловдун "Жалгызымсың" деген ырын чогуу аткарабыз деп тилек кылып жүрдүк эле. Бирок учурунда Элмиранын убактысы болбой, ал ырды мен жалгыз аткарып калгам. Өкүнгөнүм, Элмира менен тирүүчүлүктө бир ырды дует менен ырдай албай калдым.

Мукам үндүү ырчы студияны аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын ырчы-солисти болуп иштеп калат.

Элмира Кайып кызы.
Элмира Кайып кызы.

Мурдагы маданият министри, режиссер Алтынбек Максүтов аталган театрда Элмира Кайып кызы менен чогуу эмгектенгенин айтты:

- Элмира фольклордун же жогорку билимдүү музыкант гана болбостон, актриса катары да эмгектенип, биз театрда "Кызыл алма" спектаклинде өнөктөш болуп ойночубуз. Ошол мезгилде ал биз өткөрө албаган концерттерди, биз жасай албаган клиптерди, биздин колубуздан келбеген маданий иш-чараларды уюштуруп турган. Биз ал кезде Элмиранын артында туруп, аны ээрчип чоң сахналарга чыкканбыз. Элмира филармонияда эң алгачкылардан болуп өзүнүн чоң концертин берген. Бул жагынан ал чыгармачылыкка өзгөчө жол салган чыгаан кыздардан эле.

Ырчынын сахналаш курбусу Нуриса Абасова Элмира өзүнүн репуртуарына көбүнчө салмактуу ырларды тандаганын кеп кылды:

- Элмиранын ыр тандоо табити да жогору болгон. Анын диапозону да бийик, кенен эле. Андыктан Элмира жеңил-желпи ырларды ырдай алмак эмес. Ошондуктан өзүнүн үнүнө ылайык ырларды тандап аткарып келген. Көзү өткөнүн уккандан бери анын ырларын кайра угуп жатам. Эмнегедир чыгармаларынын тематикасы да өзүнүн жашоосун чагылдыргандай болуп калыптыр.

Элмира Кайып кызы акыркы жылдарда Мамлекеттик Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинин солисти болуп иштеп, Мамлекеттин атынан өлкө ичинде же чет элде өткөн маданий иш-чараларга катышып келген.

Кыргыз эл артисти Султан Каримов маркум менен мындай иш-чараларга көп жолу бирге барганын эскерди:

- Чет элге барып калганда Элмира кайсыл элдин ыры болсо да жүрөктөн жүрөккө жеткирип ырдаган ырчы экенине далай жолу күбө болдум. Тилекке каршы биз мындай тубаса таланттарды көбүнчө көрмөксөнгө салабыз. Же байкабай калабыз. Ал көзү тирүүсүндө эле наам ала турган татыктуу инсан эле. Ошондуктан мен таланттууларды көзү тирүүсүндө барктап, сыйлап, наамды учурунда берип калыш керек деп айтып кетер элем.

Эстрада ырчысы Мерген Турган да Элмира Кайып кызынын таланты учурунда бааланбай калды деген пикирде:

- Элмира Кайып кызынын оргиналдуу үнү бар эле. Булбулдай арген үндүү эле. Анын "Булбулум" деген ыр менен чыгышы да бекер эместей. Аман болгондо алдыда дагы да көптөгөн ырларга жан бермек. Бирок шум ажал алып кетти. Ал адамкерчилик жагынан да бийик эле, сонун жар, сонун эне болчу. Мени өкүндүргөнү: ушул убакка чейин бир дагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болбогону. Бул өтө өкүнүчтүү болуп калды. Кайран кыз бир келди да, бир кетти. Анын кадырына ыйлап атабыз. Мен эгер таланттууларга ушундай мамиле боло берсе, бара-бара маданият менен искусстводон деле эч нерсе калбайт го деп ойлоп калдым.

Мерген Турган эгер Элмира Кайып кызына мамлекет татыктуу көңүл буруп, талантын таанып, учурунда наам берсе, ал ырчынын чыгармачылыгына дем болот эле дейт.

Элмира Кайып кызы.
Элмира Кайып кызы.

Чыгармачылык байланышта жүргөн замандаштарынын дээрлик баары Элмира Кайып кызынын адамкерчилик сапаты жогору болгонун, ачык-айрым, шайыр мүнөзүн белгилеп жатышат. Ырчыны жакындан билген курдашы, кесиптеши Нуриса Абасова буларга токтолду:

- Элмира Кайып кызы бир жаралган булбул эле да. Мукам үнүнө жараша таза, жөнөкөй, назик, акылгөй, жароокер, баёо адам эле. Эч кимге жамандык жасабаган, жаман сүйлөбөгөн алпейим жан болчу. Эгер өзүнө бирөө жаман айтса да "ап-пей, ушинтесиңби, ай" деп андан башка жооп деле айтчу эмес. Байкушум, таза, бала кыял боюнча эле кетип калды.

Курдашы Элмиранын жеке турмушу тууралуу мындай деди:

- Эне катары кызын чоңойтту. Аял катары өзү жакшы көргөн адам менен жашап келди. Акыркы кезде үйүндө көптөгөн түйшүктөр Элмиранын башында болуп калды окшойт. Аяш апабыз азыркы күнгө чейин ооруп жатат. Жумасына эки жолу гемодиализ алат. Жумушунан да кыскартууга туш келип калган экен. Элмира мурунтан мамлекеттик кызматта иштеп, айлыкка көнүп алса керек. Анан санаачыл, назик жаны “айлык албасам эми апамды кантип багам"- деп өзүн өзү кыйнап койду окшойт, байкушум.

Маркумдун жакындарынын бири Абдыкадыр Байтоков ырчынын кандай себептен каза болгонун айтып берди:

- Акыркы жолу ал 27-июлда Жети-Өгүз районунда өткөн чоң кароо-сынакка катышып баш байге алды. Бир жыл мурун Элмира боорунан операция болуп, ал дартынан сакайып жакшы эле жүргөн. Бирок акыркы кезде жүрөгүм ооруп жатат деп айтып жүрүп, бирок таптакыр көңүл бөлгөн эмес экен. Ооруканадан "обширный инфаркт" деген диагноз жазылды.

Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган.

2017-жылдын 31-августунда 42 жашында дүйнөдөн өттү. Маркумдун артында жалгыз кызы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG