Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Эдит Пиафтын акыркы сүйүүсү


Эдит Пиаф
Эдит Пиаф

Эдит Пиаф - томаяк жашоодон музыка дүйнөсүнө кирип, Франциянын улуттук ырчысы деген атакка жеткен даңазалуу аял. Бүгүн да Эдит Пиаф өлбөс кылган ырлар таанымал өнөрпоздордун репертуарларынан түшпөй жүрөт.

Буерге, жаныма келиңиз, Мырза

Менин столума отуруңуз.

Көчөдө аябай суук

Буерде жыргал.

Уруксат бериңиз, сизди мен тейлейин.

Өзүңүздү эркин сезиңиз.

Сизди санааркатан ойлорду

Менин жүрөгүмө катыңыз.

Бутуңузду столго артыңыз.

Мен сизди билем, Мырза.

Сиз мени мурда көргөн эмессиз.

Мен болгону портто жашаган кызмын,

Көчөнүн көлөкөсүмүн...

(сөзмө сөз котормосу меники-АА)

Эдит Пиаф жана Поль Сердан
Эдит Пиаф жана Поль Сердан

Бул ыр “Милорд” же “Mырза” деп аталат. Ырдын сөзүн Жорж Мустаки, музыкасын Маргарит Монно жазган. “Милордду” алгач Эдит Пиаф 1959-жылы ырдап, ошо боюнча өлгөнчө репертуарынан түшүрбөйт. “Милордду” кийин атактуу Далида башындагы көптөгөн жылдыз-ырчылар да аткарат жана азырга чейин ырдалып келет.

Бул ыр порттуу шаардагы ресторандардын бирине башбаккан британиялык сымбаттуу мырзага тирилиги көчөдө өткөн бийкечтин кайрылуусу. Эдит Пиаф ырдаган көпчүлүк ырлардын тексти ушундай жөнөкөй, бирок түрдүү курактагы, ар кыл мансаптагы адамдарды жашоонун утурумдук көйгөйүн бир силкинип унутуп, бет маңдайында отурган сулуу менен бийлеп, көңүл ачып, шатыра-шатман болууга чакырат.

Келиңиз, мырза, тартынбаңыз!

Жылмайып коюузчу мага, мырза!

Эми жакшы! Дагы бир аз...

Мына болду.

Эми күлүңүз, мырза!

Эми ырдаңыз, мырза!

Ла-ла-ла...

Ие-ие, бийлеңиз, мырза!

Ла-ла-ла...

Бали, мырза!

Улантыңыз, мырза!

Ла-ла-ла...

Эдит Пиафтын азан чакырып коюлган аты Эдит Жованна Гассьон. Аны көчөдөгү жолбун турмуштан уккан адамды арбаган сыйкырдуу үнү сууруп чыгарган. Нотаны билбей музыка дүйнөсүн багынткан, ырды орфографиялык каталар менен жазган, бирок уккан ыр-күүсү кулагынан кирип көкүрөгүндө коргошундай уюган Эдит Пиафтын музыка ааламындагы өлбөс сапары 1935-жылы башталат.

Эдит Пиафтын бою 142 см, ал эми салмагы кайсы бир замандашы жазгандай, “чемпион короздукундай" гана болгон. Эдит Пиаф ырдаганда залда отургандар анын “бардык кемчиликтерин: бою кыска экенин, сахнада көкүрөгүн кайкалатып турган келбетин, киркиреген үнүн” унутушуп, ырдын ыргагына түшүп, көшүлүп уктагандай музыканын жыргалына батышкан.

Эдит Пиафтын алдында Франциянын мен-мен деген таанымал эркектери тизе бүгүп, жүрөгүн тең бөлүшкөн. Бирок алар Пиафты эмес, Пиаф аларды биринчи таштаган.

“Эркек менен мамилеңди анын көңүлү сага сууй электе өзүң үзгөнүң жакшы. Өзүңдүн көңүлүң калганча күткөндүн кереги жок. Себеби, махабат суутуп жечү тамак эмес”, - дейт Эдит Пиаф автобиографиялык китебинде.

Анын көңүлдөштөрү жана сүйгөндөрү арасында ырчы-шансонье Ив Монтан, шансонье, бард, композитор Жорж Мустаки, бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Марсел Сердан, ырчы-актер Тео Сарапо бар. Эдит Пиафтан беш жаш кичүү Ив Монтан, тогуз жаш кичүү Шарль Азнавур анын түздөн түз шакирттери, жакын саналаштары да. Ал эми теги грек Тео Сарапо болсо Эдит Пиафтын никелүү экинчи жана акыркы күйөөсү.

Негизги кесиби чачтарач, бирок ырчылык дараметин Эдит Пиаф тарбиялап ачкан Тео Сарапо өзгөчө сөз.

Эдит Пиаф жана Тео Сарапо
Эдит Пиаф жана Тео Сарапо

Сарапо грекче «мен сени сүйөм» дегенди билдирет. Минтип аны Эдит Пиаф өзү атаган. Алар үйлөнгөндө уяң, оозунан оңой менен сөз чыкпаган Теофанис Ламбукас же Тео Сарапо 26 жашта болсо, Батыш дүйнөсүнө ысымы таанымал Эдит Пиаф 46 жашта, салмагы 40 килограммдан аз жана оорукчан болчу.

Эдит Пиаф жана Тео Сарапо
Эдит Пиаф жана Тео Сарапо

Ошондо Эдит Пиаф өзүнөн 20 жаш кичүү Теого никелешпей эле жашай берсек болбойбу, эмнеге нике куруп жашообуз керек деп сураганда: “Мунун эмнеси туура эмес? Сүйгөн аялымдын мага ойнош болбой нике куруп жашаганын каалайм. Мен сен үчүн кудай алдында жоопкер болгонду каалайм, сени элдин баарына өз аялым катары тааныштырганды каалайм”, - деп жооп берет Тео Сарапо. Авазы жана ысымы дүйнөнүн жарымына таанылып калган ырчы Эдит Пиаф: “Мен үчүн эч ким эч качан Кудайдын алдында жоопкер болгонду каалаган эмес болчу, алар мени ырчы катары каалашып, бирок аял катары каалашкан эмес. Мен өзүм үчүн өзүм жооп бергем”, - дейт.

Тео Сарапо жана Эдит Пиаф нике кыйып, баш кошкондо улуу ырчыда өзү моюнуна алгандай, “жашоонун акыркы тамчысы" гана калган эле. Тео дагы бир тамчыны тамызып, ырчыга бир жыл тартуулайт, бирок жаңы бөйрөк, жаңы организм бере албады...

Эдит Пиаф(ортодо) 1960-жыл
Эдит Пиаф(ортодо) 1960-жыл

Бир жылдан кийин 1963-жылы 10-октябрда Эдит Пиаф жан берди. Ырчылык өнөр менен 1 миллиард франктан көп акча тапкан аялдын артында 45 миллион франк бересеси калат. Париждин ортосундагы алардын квартирасы да карызды төлөгөнгө алынат.

Шүгүр, Тео Сарапо аткарган «Ырдабай калган үй» жана «Биздин күнүбүз да келет» деген ырлар хит болуп, таланты өрлөп, күйөрмандары көбөйөт. Фильмдерге тартылат. Жети жылда зайыбынан калган карызды толук төлөп, моюнундагы аманаттан кутулат. Бирок Эдит Пиафка төлгөчү лөлү аял айткандай болуп, 1970-жылы 28-августта Тео Сарапо автокырсыктан өлөт жана жубайы Эдит Пиафтын жанына көмүлөт.

Бул санжыргалуу эки тагдыр жөнүндө айтып жатып, бир окуяга токтоло кетүү шарт. Эдит Пиафтын тажиясын чиркөөдө өткөрүүгө Париждин архиепискобу Морис Фельтен "ырчы өмүрүн өзү каалагандай жашады, жүрүм-туруму да адепсиз болду" деп макул болбой коёт. (Католик диниятчысы ушул окуя менен тарыхта калды).

Ага карабай, Эдит Пиафты улуу сапарга узатууга 100 миңден ашуун адам чогулат. Ал эми Эдит Пиафтын дүйнө салганынын 50 жылдыгына Рим католик чиркөөсү өмүрү легендага айланган ырчыны эскерип, Парижде калың эл катышкан эскерүү зыяпатын өткөрдү.

Эдиф Пиаф дүйнөдөн көчкөндөн кийинки тагдыры ушундай болорун көрө билгендей. Себеби автобиографиялык китебинде “Мен күлгө айланганча күйүп болуп, бирок нуру өчпөгөн шордууларданмын. Мен жүрөгүмдү аябадым. Себеби, өзүңдү аясаң бүлбүлдөгөн жылдызга жете албайсың”, -деп жазган бүгүн өмүрү легендага айланса, ырлары дүйнөлүк алтын фондого кирген улуу француз ырчысы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG