Алдамчылык фактысына жана зомбулукка байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев эки айга камалды. Биринчи май райондук соту 12-январындагы токтому менен Бердиевдин бөгөт чарасын карап, аны 11-мартка чейин камакка алууну чечти.
60 жаштагы Бердиев кармалганын 11-январда Ички иштер министрлиги маалымдаган. Мекеме тараткан билдирүүдө 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганы жазылган. Андан тышкары мекеме мурдагы депутаттын аялынан да үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн кошумчалаган.
Өзүн Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонова социалдык тармактар аркылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылганына бир нече күн болду.
Ал видео кайрылууда күйөөсүнөн зомбулук көрүп жүргөнүн айткан.
Беш баланын энесимин деген аял коопсуздугу коркунучта экенин белгилеп, күйөөсүн көп аялдуулукка да айыптаган.
Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Адахан Мадумаровдун ордуна депутат болуп келген.
Өмүр баянында Чоң-Алай районунда туулганы, 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенгени, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, кийин диний окуу жайлардын бирин да аяктаганы көрсөтүлгөн.
Өзү же жактоочулары анын дарегине айтылып жаткан айыптоолор боюнча азырынча үн ката элек.
Шерине