Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Айдан түшкөн пери учту арабыздан...


Гүлбү Ороскул кызы
Гүлбү Ороскул кызы

Таланттуу өнөрпоз, эстрада жана фольклор ырчысы, "Сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызынын элесине арналган сөздесте.

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, "Сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрда 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

Туугандарынын жана жакын курбуларынын айтымында, ал буга чейин эч жери оорубай, каза болордун алдында эле маданий иш-чараларга катышып, ырдап, бийлеп жүргөн. Кокустан өзүн жаман сезген ырчы ичи ооруп жатканын айтып, Тез жардам чакырып, түштөн кийин үзүлүп кеткен.

Гүлбү Ороскул кызы угармандарга "Ортомчу бизге көл кечи", "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырларды ийине жеткире аткарганы менен таанымал болгон. Акыркы жылдарда ал чыгармачылыгы менен катар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Сармерден" көрсөтүүсүн алып барып жаткан.

Гүлбү Ороскул кызы
Гүлбү Ороскул кызы

Аталган теледолбоордун жетекчиси, режиссеру Сагын Ниязалиева күтүлбөгөн жоготууга жаны кейип турган экен:

- Кыргызча айтсак көз тийдиби же дуба өттүбү, эмне дейбиз? Мен айта да албайм турам. Эртең менен алтыдан баштап кыйналып, келген Тез жардам эч нерсе таппай, тынчтандыруучу дары берип кеткен экен. Андан кийин кайра бир аздан соң дагы жаман болуп, Тез жардам чакырышып, дарыгерлер үйүнө кирери менен өтүп кетиптир. Бул кыз абдан таланттуу эле. Маданиятка 17 жашында келиптир. 23 жыл ушул тармакта эмгектенди. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болду. Анын ичинен КР президентинин ардак баракчасынын ээси.

Ниязалиева айым Гүлбүнүн жаркылдаган шайыр мүнөзүн, эмгекчилдигин, өз жумушуна астейдил мамиле кылган сергектигин, сахнага кийип чыккан ар бир саркеч кийимин өз колу менен жасап алган чеберлигин, дагы көптөгөн жакшы сапаттарын айтып түгөтө албады.

Кесиптешинин турмуштагы кыйынчылыктарга кабагым-кашым дебей, дайыма жүзүнөн жарык маанай кетпей, эки кызын татыктуу тарбиялап, улуу кызын турмушка узатып, жакында эле неберелүү болгонуна жетине албай жүргөнүн, ушул тапта өзү кыш ташып, шаардын сыртына үй салып жаткан мээнеткечтигин айтып жашыды.

Кечээ эле эл алдында жаркырап-жайнап жүргөн шайыр ырчынын каза болгону тууралуу желдей тараган маалымат уккандарды аң-таң кылып, оорубай-сыркабай эле жүргөн өнөр ээси күйөрмандарын "эмнеден улам каза болду?” деген түпөйүл ойго салды. Маркумдун айылдаш агаларынын бири Малабек Токтоболотовдун айтымында, Гүлбү билинбей жүрүп, кокусунан кармаган оорунун айынан өмүрдөн өттү:

- Бир күн мурун тойдо болуп, жар-жар айтып, келин киргизип, андан кийин мугалимдер күнүндө аларды майрамы менен куттуктаган кечеге барып ырдап, бийлеп аябай сонун кеткен экен. Анан түнкү саат эки-үчтөрдө эле ичим ооруп жатат деп кыйнала баштаганын айтышты... Мен диагнозун азыр билдим. Экспертиза жыйынтыгын чыгарды. Ичинен кансыраптыр. Кан кетип калыптыр. Кечинде биз экспертизадан "эмне үчүн так секирип бийлеп аткан кыз бир заматта эле жан берет, аныгын тактап бериңиздер?" деп суранганбыз.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркум ичинен кансыроодон улам каза болгон. Токтоболотов көзү ачык кеткен көркөмдүү ырчы Гүлбүнүн балалыгы тууралуу кеп баштап, эки жашында атасы каза болуп, таятасы менен таенесинин, апасынын колунда чоңойгон ырчы кыз бармактайынан эле турмушка чыйрак, мээнеткеч болуп бой жеткенин, эми минтип өз эмгегинин ыраатын көрөрдө ичер суусу түгөнгөнү жүрөгүн канатып турганын кеп кылды.

Кайран кызга убал болду. Сырты да, ичи да бөтөнчө сулуу жан эле.
Саламат Садыкова

Эл артисти Саламат Садыкова кийинки ырчылардын арасында Гүлбү Ороскул кызынын өзгөчөлүгү - ал улуу көчтү улаган нускалуу ырчылык жолду тандап алган өнөрпоз катары чыкканын ортого салды:

- Дагы бир өзгөчөлүгү: ал көп ырчыларга салыштырмалуу өзүнүн жаштыгын билип, элпек жана ийкемдүү болчу. Турган турпаты да келишимдүү, Айдын шооласынан жаралгандай жан эле го. Бирок ошого карабай ал өзүнүн тегерегиндегилерге суктанып, аларды баалап, жанындагы адамдарга ийилип, төгүлүп турган жан болчу. Кырк эмне деген жаш... Кайран кызга убал болду. Сырты да, ичи да бөтөнчө сулуу жан эле. Ушундай ажарлуу кызыбыз арабызда жүрсө жакшы болбойт беле...

Социалдык тармактарда Гүлбүнүн каза болгонун уккан интернет колдонуучулар ырчынын мукам үнү, сулуулугу, алпейим, айжаркын мүнөзүн суктана кеп кылып, анын жаш кеткенине кейип, акындар ырчыга арналган аза ырларын жазып жатышат. Таланттуу акын, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты Атантай Акбаров Гүлбү тууралуу мындайча күйүт ыр жазды:

Күн элең түндө дагы тийип турган...

(Ырчы, “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу

Гүлбү Ороскул кызынын жаркын элесине)

Шыргалаң суу куйгандай суук кабар

Укканды ичиркентти!.. Аттиң арман!

Ишенбей биз турабыз кеткениңе,

Ишенмек бул кабарга апаң кайдан?..

Уугуп кыздарың да кайгысынан,

Ушул күн сыздап турат тарткан чоордой.

Пенденин көңүлүн түк оорутпаган,

Пейилиң болчу жайыл дасторкондой.

Көңүлдөр көз жаш төгөт жетим калган,

Көзү ачык бойдон кеттиң эсил кайран.

Ак куудай бир кызы элең кыргызымдын,

Асманга эрте учушуң тетир майрам...

Сени ажал жулуп кетип жең ичинен,

Сенейип катып турам кейишимден.

Кудайым сени шашып алып кетти,

Кезексиз жай берсем деп бейишинен.

Көркүңө шек келтирген пенде болсо,

Көздөрү андайлардын тетири анда.

Сулуулук эталону сыяктанып,

Суйкайган бойдон калдың экранда.

Жаркырак талант элең күйүп турган,

Жаамы журт ырларыңды сүйүп турган.

Күлкүң ай Теңирди да жалт каратчу,

Күн элең түндө дагы тийип турган...

Гүлбү Ороскул кызы 1976-жылы 1-ноябрда Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 8-классынан баштап Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган.

Ырчынын сөөгү 8-октябрда Бишкек шаарынын сыртындагы Чоң-Арык аймагында, кечээ жакында бул дүйнөдөн жаш өткөн ырчы Элмира Кайып кызы жаткан көрүстөндө жерге берилет.

Маркум менен коштошуу митинги ага чейин ырчынын үйүнүн жанында, шаар сыртындагы Беш-Күңгөй айылында өтөт.

Маркумдун артында эки кызы калды. Гүлбү Ороскул кызы Эл артисти, белгилүү төкмө Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG