Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:09

"Лейлек булбулу" Абдирайим Шама: "Байлоодо канатым жок, башым туткун"


Абдырайим Шама уулу (Шаматов; 1892–1953) – кыргыздын насаатчы акыны жана агартуучусу.

Сталинизм доорунда жазыксыз куугунтукталгандар жөнүндөгү түрмөктүн кезектеги чыгарылышы 1933-45-жж. ак жерден абакта кармалган кыргыздын насаатчы акыны жана агартуучусу, "лейлек булбулу" атыккан Абдырайим Шама уулу (Шаматов; 1892–1953) тууралуу болмокчу.

Калдайган калкына Толубайдай сынчы, Токтогулдай ырчы катары таанылчу чоң акын Абдирайим Шама уулу (Шаматов) 1933-жылы ак жеринен “эл душманы” болуп абакка түшүп, көрбөгөн азабы калбай, куугунтуктун айынан чоочун жерде көз жумган. Сталиндик заманда жалган жалаанын айынан эркинен ажырап, 12 жыл түрмөдө отуруп келгенден кийин да, Лейлекте ага карата куугунтук тыйылбай, жер которууга - азыркы тапта Тажикстанга карап калган кыргыз айылына кетүүгө аргасыз болгон.

Жатамын караңгы тамда, күндү самап

Акындын чыгармалары эгемендик тушунда азыноолок жарыяланып, ушу кезге чейин адабий мурасы калың журт окурмандарга жете элек.

Абдирайим Шама уулу, экинчи бир маалыматта Абдирайим Шаматов, 1892-жылы Баткендин Лейлек жергесиндеги Кара-Даван деген айылда төрөлгөн. 1917-жылкы Октябрь революциясына чейин эле мусулман мектептеринен билим алган, кийин анысын орус-тузем мектебинде улантып, совет бийлиги келгенде мугалимдик кылып, жаңы замандын орношуна жигердүү катышат.

Абдирайим Шама уулу 1924-жылдан 1933-жылга чейин элге билим берүү, мамлекеттик кызматтарда иштейт.

1930-жылдары сталиндик кандуу жазалоо күчөп, “эл душмандарын” издөө жандана баштаган чакта, ак жеринен камалып кетип, 1945-жылы түрмөдөн бошонуп келет.

Эркиндикке чыкканы менен Абдирайим Шама уулунун артынан түшкөн куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болуп, оболу Кыргызстанга караган, кийин коңшу Тажикстанга карап калган кыргыздын Жигдели (Жийдели) айылына көчкөн.

1953-жылы ал Тажикстандын Жигдели айылында каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген.

Акындын кайгылуу тагдыры тууралуу сөздү айтылуу окумуштуу, Абдирайим Шаманын кол жазмаларын чогултуп, изилдеп жүргөн Омор Сооронов улантат.

- Абдирайим Шаматов жазма дагы, төкмө дагы акын. Ал башында азыркыча айтканда, ОблОНО болуп иштеген, андан кийин жер, чек араны бөлүштүрүүгө катышкан. Иштеп жүргөндө караланып, “эл душманы” деп камалып кеткен. Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондундагы чыгармалары, менин түшунүгүмдө, ал Фрунзедеги партиялык мектепте окуган экен, ошол кезде тапшырылса керек. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. А бирок кыргызча адабий тилде эле жазылган.

Абдирайим Шаматов абдан сабаттуу акын, ырларында анча-мынча ичкилик говоруна тиешелүү диалектилик сөздөр бар.

Анын кол жазмалары кызында бар экен, ошону мен алдырткам. Аларды араб тамгасынан көчүрүп, азыркы китепке киргиздик. Санаты, термеси бар, кадимки чоң төкмө акындардай ырдаган. Аны азыр эч ким окуй элек. Токтогул, Жеңижоктун деңгээлиндеги акын. Молдо Багышка караганда, бир топ жогору турат.

Түрмөдө ал Карагандыда жатып, бошонуп келгенден кийин айылында жашаган. Ал кездеги тескери көрүнүштөргө ичи чыкпай, анан артынан түшө беришиптир. Анын туугандарынан кат алдым, кызынын уулу Байыш деген небересинин айтуусунда, артынан түшүп, дагыле “тоголок арыздар” жазыла берген экен, ошондон тажикстандык бир досунун айылына көчүп кетиптир.

Кол жазмаларында Шама деп жазылган, китепке ошондой бердик. Шаматтын баласы.

Шама САКУну буткөн Аалы Токомбаевдер жазган темадагы ырларды жазган. Эски салттарды сындап жазган, Ош, Сулайман-Тоо жөнүндө жазган. Турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган. Курч, ишенимдүү, жогорку көркөмдүктө жазган. Кыз-келиндерди окууга үндөгөн, теңдик заманды даңазалаган ырлары көп. Акын Тажикстанда каза болуп, ал коюлган мүрзө Кайрак-Кум суу сактагычынын алдында калып, жок болуп кеткен.

Ак жеринен сталиндик абакка түшүп, туткундуктун азабын тарткан акын:

“Жаштыктан эл бийледим журт аралап,

Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,

Кудайдын кудурети картайганда

Жатамын карангы тамда, күндү самап”, - деп жазган.

Суроо-сопкутсуз камак

Кырк жашында большевиктик бийликтин туткунуна түшкөн акын “тергелип сот болбодум, эл кашында” деп арман кылат.

Казакстандагы Карагандынын түрмөсүндө жаткан акындын тилеги элге аман кайтуу гана болгон.

Көрсөт деп элге кайтар бир заманды,

Элиме кайтар заман болор бекен.

Куу турмуш кыйнаганын коёр бекен,

Замананын толкунунда тозуп кеткен,

Эл кайтып журтун таяп калар бекен.

Сааты жылдан узун ар бир күнүм,

Тургандыр жолго карап келер го деп,

Аркамда ыйлап калган агайыным.

Жардамга чакырганга жан көрүнбөйт,

Жаркырап аткан чолпон таң көрүнбөйт.

Акындык таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген Абдирайим Шама уулу:

“Тоочак менен бууданга

Толубайдай сынчы элем,

Толкуган калың элиме

Токтогулдай ырчы элем” - деп, арманын ичке катып, кыйла жылдарын колдон жулдурган.

"Үчилтиктин" өлүм жазасы сүргүнгө алмашылган

Абдирайим Шаманын бир тууган иниси Мырзали Шаматовдун уулу, жазуучу жана журналист Бахтияр Шаматов кыйла жылдардан бери абасынын адабий мурасын жарыялоо аракетин көрүп келатат.

Анын айтуусунда, ушу тапта акындын Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондундагы чыгармаларын басмага даярдоо, китебин чыгаруу аракети жасалууда.

Буга чейин акындын эки китеби чыккан.

Бахтияр Шаматов 1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия маалында адам тагдырын каалагандай калчаган “үчилтиктин” карасанатайлыгынан улам нечендеген жазыксыз кишилерди ак жеринен жазалоолор үрөй учурарлык чекке чыгып кеткен деген пикирде:

- Абдирайим Шама - менин атамдын бир тууган агасы. Экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылыгы чоң болгондуктан, менин атамды ал киши өзүнүн баласындай эле тарбиялаптыр. Репрессияга райондо жооптуу кызматтарда иштеп турган чагында кабылган. Ал отурган жеринде төгүп ырдаган киши болгон экен. Аны көрө албагандар "совет бийлигине каршы, колхозго каршы ырдап жүрөт" деп артынан арыз жазып, аны ГПУ – “үчилтик” текшерип-текшербей эле бир эле түндө алып кетишиптир. Аларга соттобой, тергебей атып салууга чейин укук берилген экен.

Алып барышып, камап, адегенде атууга өкүм кылынып, бирок анысы 12 жылдык сүргүнгө алмаштырылган. "Эмнеге атылбай калды экен?" деп ойлогон элем, көрсө, абам Карагандыга кире бериштеги КарЛАГ деген лагерлердин системасы бар, ошол түрмөдө отурган экен.

Ал жерде тергөөчүлөр орустар, орус тилин билбеген учурда мусулмандарга тилмеч болуп, ошол иши өмүрүн сактап калган экен. Өзү да актыгын далилдеп кат жазып, атуу 12 жылдык сүргүнгө алмаштырылыптыр. Ошондо 1933-жылдан 1945-жылга чейин түрмөдө отурган.

Түрмөдөн оорулуу болуп келип, өскөн жерине келгенден кийин да тынч жашоо болбой, артынан аңдуу токтобойт. Анын салакасы атама да тийип, атамды Ленинградда аскер академиясында окуп жаткан жеринен “эл душманынын бир тууганы" деп окууну бүтөргө жакын чыгарып ийишкен.

Түрмөдөн келгенден кийин (Абдирайим Шама уулу) жай оокат кылып, алтымыштан ашкандан кийин каза болгон. Кийин ырларын чогултуп карасам, ырларында бир да совет бийлигине каршы чакырыктары жок экен. Көрө албас адамдар ак жеринен жалаа жаап каматышкан. 1950-жылдардын башында биздин Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен университеттин студенттери, окутуучулар элдик чыгармачылыкты чогултуп келишкен. Абамын ырлары ошондо бул жакка - Бишкекке келген. Араб тамгасында жазылган экен, кол жазмалары документтештирилген.

Омор Сооронов аке изилдеп, ал кездеги “Советтик Кыргызстан” гезитине макала жазган экен. “Катарга калкың кош, анан мактан” деп. Мен анда райком партияда иштейт элем, аксакалдар гезитке чыкты дегенинен карасам, “акындын туугандары болсо кабарлашкыла” деген экен, мен кат жаздым. Ошентип таанышып калдым.

Шама чоң атам таланттуу киши болгон экен. Абамды мен чоң ата деп коём, эки китеби чыкты, Лейлек районуна караштуу Кара-Давандагы орто мектепке аты коюлду.

Анан биздин мектептерде алдыңкы мугалим Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдирайим Шаманын чыгармалары, өмүр жолу окутулат. Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси көтөрүлүп жатат, буга чейин конкурстар өткөрүлүп келди.

1992-жылы бул киши расмий акталды. Лейлек районунан башка да онго жакын киши бар экен. Мен аларды билбейм деле.

Абдирайим Шама жазып, оозеки төгүп да ырдаган таланттуу акын болгон.

"Дайынсыз бир кечеде жок болом го"

Карагандыдагы түрмөдө он жыл ашуун жаткан Абдирайим Шама ал жердеги көргөн күнүн мындайча ырдаган:

Каптаган кайгы жүгүн кайда коём,

Кете албай он жыл мында калып кетсем,

Чиркин ай, турмуш кантет, кандай болом,

Арманда куу талаада калсам өлүп,

Бутуман сүйрөп барып койсо көмүп,

Дайынсыз бир кечеде жок болом го,

Элиме кимдер айтат, кайдан көрүп...

Сталиндик кандуу жазалоодо атылып, саясий системадан ыдык көрүп ак жеринен азап тарткан “эл душмандарынын” көбү Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин президенттик жарлык менен толук акталышты.

Лейлектин Кара-Даван айылында 1892-жылы төрөлүп, 1933-жылы камалып кеткен Шаматов Абдирайимдин аты ак жеринен азап тарткандардын катарында аталды.

Ошентип, адилеттик жарым кылымдан кийин келди. Абдирайим Шама уулунун чыгармаларын жарыялап, адабий мурасын элге тааныштыруу иштери андан да кечирээк башталды.

Жаңы заманды чын дилден жактырып, элге санат-насааттарын поэзиялык түрдө сунган улуу акындын “экинчи өмүрү” - дагы да алдыда.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG