Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:06

1937: Кыргыз дарыгерлеринин алпы Иса Ахунбаевди абак сындырбады


Академик Иса Ахунбаевдин (1908-1975) айкели. Бишкек. 25.9.2009.

Кыргыз медицина асманындагы жарык жылдыздардын бири, тирүүсүндө эле аты уламышка айланган улуу инсан Иса Ахунбаевдин сталиндик жазалоого туш келип, андан аман калганы - кыйла жылдардан бери жабылып-жашырылып келаткан сырлардын бири болчу.

Айтылуу илимпоз Иса Ахунбаев дарыгерлик жумушун жаңыдан баштаган чакта, Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын жетектеген Кожокан Шоруковго улай камакка алынып, бир топ азап-тозоктордон кийин эки жыл абакта отуруп, акыры бошотулган.

Балыкчыга чейин 20 чакырым

Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Көлдүн күңгөйүндөгү Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. Эс тартканы койчулуктун түйшүгүнө малынган.

1916-жылы Улуу Үркүндө азап тарткан эл менен Батыш Кытайга чейин барып, бир жылдан кийин атажуртуна кайтып келген.

Кичинекей Исанын Кытайдагы көргөн күнү абдан эле оор болгонун, каржалган калктын өлбөстүн амалында жакындарын жарыбаган буюмга сатууга мажбур болгонун кыргыз медицинасынын тарыхын иликтеген публицист-энциклопедист Мундузбек Тентимишов минтип эскерет.

- Иса Коноевич өзү бала кезинде, жаш кезинде турмуштун кыйынчылыгын аябай көп көрүп чоңойгон адам болгон экен. Үркүндү көрөт, Кытайга чейин барат. Ошол жерден атасы турмуштун айынан "кийин уурдап алам" деп уулун 8 метр бөзгө сатып ийген экен. Атасына көп жыл таарынып жүрүп кийин-кийин уккан экен. Ошол “эжелериңдин кийими жок, денесин жаба турган кездеме калбай калып, сени сатып ийгем, анан кайра уурдап албадымбы”, - деп айткан экен. Анан экинчиси, бул өзү 15 жашынан баштап окуйт. Балыкчыда мектеп болгон экен. Ошого күндө, кээде жумасына жөө барып-келип, 20 чакырымдай жөө барып окуган. Анан Ташкендеги медицина окуу жайына кирип, аны 27 жашында 1935-жылы бүтүргөн экен. Окууну бүтүп келгенден кийин ушу Фрунзе (Бишкек) шаарындагы ооруканага врач-хирург болуп иштей баштаган. Ушул жерде бир жыл иштейт.

Кытайдан келгенден кийин Иса Коной уулу жаңы замандын шарапаты менен 15 жашында билим алууга умтулуп, айылынан 20 чакырым алыстагы Балыкчы шаарындагы мектепке жөө барып-келип окушунун өзү бул жаш уландын алдына бийик максат койгондугун аныктап турчу сапат го.

1925-жылы ал куржунун моюнга илип, Балыкчыдан Пишпекке жөө келип, андан Ташкенге окууга кетет. Ташкендеги Орто Азия медициналык институтунда окуп, дарыгер болуп чыгат.

Сталиндик кандуу жазалоо күчөп жаткан убакта, 1930-жылдары, ал Фрунзе шаардык клиникалык ооруканасына врач-ординатор болуп орношот. Бир жылдан кийин жогорку билимдүү жаш дарыгерди республиканын саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына көтөрүшөт.

Иса Ахунбаев катаал жазалоонун капшабына мына ушул кызматында турганда кабылат. Кыргызстандын саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шооруков камакка алынгандан кийин анын орун басарлары, кесиптештери да куугунтукка алынып, жаш дарыгердин асманында кара булут айланат.

Камалган дарыгерлер

Социализм курулушун коштой чапкан зулумдук жазалоого кыргыз дарыгерлери да кабылып, бир тобу камакка алынган.

Анын чоо-жайын Мундузбек Тентимишовдон уксак.​

- Бир жылдан кийин саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары болуп дайындалып, бирок анда аз эле иштейт. 1937-жылы ошол кездеги кыргыздын мыкты уулдары камалат эмеспи. Саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шоруков камалат. Кыргыздан чыккан биринчи медицина илимдеринин кандидаты Акматжан Молдогазиев абакка отурат. Экөө тең атылып кетет.

Иса Коноевичти "ошолор менен бир жүргөн адам, бул - улутчул, улуттук кадрларды өстүрүүгө аябай басым жасайт" деген жалаа менен камашкан. Андан эки жылдан кийин 1939-жылы гана бошонуп чыгат.

Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин (1904-1988) айкели. Бишкек. 16.02.2017.
Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин (1904-1988) айкели. Бишкек. 16.02.2017.

Түрмөдө көрбөгөн азапты көрөт. Молдовановкада Ахунбаев менен абакта болгон Аалы Токомбаевдин “Момия” деген китебинде мындай саптар бар:

Көрүп калдым Исаны,

Баштык уруп жиберди,

Байкушумдун башына.

Экөө сүйлөшө албай калышкан экен.

Анан 1939-жылы камактан чыккандан кийин кайрадан өз ишин иштеп, ушинтип жүрүп, анан 1946-жылы балдардын сокур ичегиси боюнча кандидаттык диссертациясын, эки жылдан кийин Чүй өрөөнүндөгү богок боюнча доктордук диссертациясын жактайт.

Эки темасында тең сөз болгон оорулар республикадагы элдин негизги ооруларынын бири болгон. Мисалы, богок оорусун Орто Азияда, Казакстанда бир дагы окумуштуу ал убакта изилдей элек болчу. Өзгөчө бул Чүй боорундагы элде, дунгандар арасында богок оорусу күчөп кеткен. Ал кишинин доктордук диссертациясы ушул кезге чейин биздин улуттук медицинада пайдаланылып келатат.

Анан 1948-50-жылдары Кыргыз медициналык институтунун ректору болуп иштейт. Мына ушул убакта анын улутка жасаган жакшылыгы аябай көрүнгөн. Айыл-айылды кыдырып, кыргыздын балдарын алып келип Мединститутта окутат. Бирок алар орусча билбегендиктен, билимди начар алгандыктан, сабакты өздөштүрүүдө аябай кыйынчылыкка туш келгендиктен, Иса Коноевич ошол айылдык балдарды орусча-кыргызча үйрөтө турган бир жылдык даярдоо курстарын ачат.

Ошондон окуган баатыр агабыз Мамбет Мамакеев айтып жүрбөйбү, “окуудан кыйналдык, көп балдар таштап кетти” дейт. Ошондо Иса Коноевичке барып ушул даярдоо курстарын ачкандан кийин окуп кетишкен экен. Анан дагы бир эрдиги - Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ачылышына байланышкан. Ахунбаев анын биринчи президенти болгон.

Күлүйпа Кондучалова эже мага айтып берген. "Москвага чогуу барып калдык" дейт. Ал кезде өкмөт башчынын орун басары экен. "Иса Коноевич эки ай министрликтерге, тияк-бияктарга барып жүрүп, кадыр-баркы, өткүрлүгү менен азыркы Илимдер академиясынын имаратын салдыруу жана иштей турган кызматкерлердин штатын аныктоо, институттардын санын көбөйтүү маселесин ушунчалык жакшы чечип келди" дейт.

Бул кишинин дагы бир эрдиги - 1970-жылдардын башында "Кыргызстанда Москвадагыдай жүрөккө операция жасагыдай илим-изилдөө институтун ачам" деп ошону чечип келип, фундаменти курулуп атканда республиканын жетекчилеринин көрө албастыгынан, кыянатчылыгынан токтоп калып, биздин Бишкекте жүрөккө операция жасай турган борбор ачылбай калган. Эмгиче буга өкүнүп атабыз.

Эгерде 1970-жылдары ал ачылып калганда бул Орто Азия, Казакстанда жок борбор болмок. Элибиздин ден соолугун сактоого чоң салым кошмок. Иса Ахунбаев биздин чөлкөмдөн биринчилерден болуп Хирургдардын эл аралык ассоциациясына мүчө болуп атпайбы. СССР Медицина академиясынын мүчө-корреспонденти болгон.

1968-жылы ал академиктикке көрсөтүлгөндө, биздин республиканын жетекчилери жакшы мүнөздөмө бербей коюп, ал кишини таарынтып койгон. Бир эле медицина эмес, башка тармактагы окумуштууларга, жазуучуларыбызга, артисттерибизге ал кишинин жардамы тийген.

Бул кишинин табигый дээри, касиети күчтүү болгон. Анын шакирти Бебезов Хаким ага "Иса Коноевич Кудайдан хирург болуп жаралган адам" дейт. 60тан ашуун операциянын түрүн жасай билген дейт. Ахунбаев кыргыз дегенде эч нерседен кайра тартпаган, отко-сууга түшүүдөн кайра тартпаган эр болгон.

Темиркул Үмөталиев “Улукман” деген ырында минтип жазган:

О, көк күн нуру, чак түштө жаркылдаган.

О, көк жолборс, эч нерседен тартынбаган.

Сүрөт болдуң жакшылап тартылбаган,

Жомок болдуң жакшыраак айтылбаган.

Тилекке каршы, 1950-жылдардын аягында Москва кодулап, Фрунзеге жөнөткөн Шепиловду "партиялык учёттон чыгарып койдуң" деп академиянын президенттигинен алынып, "улутчул" деп кодуланып, республикалык бийликке жакпай, татыктуу бааланбай келди. Бирок ал киши эч кимге кек сактаган эмес. Кекчил, майда болгон эмес. Бул кыргыз генофондунун асыл бир көрүнүшү болгон.

Колдогу жүрөк

Иса Ахунбаев 1950-жылдары Орто Азия чөлкөмүндө биринчи ирет жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган дарыгер катары белгилүү.

Анын аракети, илимдеги бийик кадыр-баркынын аркасы менен жаңыдан уюшулган Кыргызстандын Илимдер академиясынын президенттиги кызматына шайланышы, бир топ жылдар Кыргыз мамлекеттик медицина институтун жетектеп турушу, бирок да маселени ачык, шар коюп, анын аткарылышын өктөм талап кылган академиктин аракети мамлекет кызыкчылыгына караганда кызмат ордун жакшы көргөн айрым аткаминерлерге жакпай, 1961-жылдан тартып дарыгерлик жумушунда гана иштеп, жооптуу кызматтардан четтетилип калган.

Замандаштарынын айтуусунда, Иса Ахунбаев республикалык жетекчилердин алдында курч маселелерди коюп, аларга ачык эле сын айтып, жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн болгон аракетин жасаган.

Жалгыз Кыргызстан эмес, жамы Союзга таанымал улуу илимпоздун мындай позициясын жактырбаган жетекчилер болгонун Кыргыз-орус-славян университетинин профессору Анес Зарифян мындайча эскерет.

- Мен бир учурду, эпизод деп койсо деле болчу бир окуяны эскере кетким келди. Жаңылбасам, Иса Коноевич ошол кездеги республиканын жетекчилиги менен катуу келишпестикке барды окшойт. Менимче, бул окуя анын 60 жылдыгын белгилегенден кийин болду окшойт. Айтса, анын 60 жылдыгы азыркы чен-өлчөм менен алганда аябай эле жупуну өткөн. Салтанаттар азыркы Ахунбаев көчөсүндөгү медицина институтунда болгон. Меймандар көп болушкан. Азыркы шаң-салтанаттарга салыштырганда аябай эле жупуну иш-чара болгон экен. Шагыраган шаң-салтанат деле болгон эмес. Бирок ага карабай арыздар болгон окшойт. Ага карап Иса Коноевичти кандай да болсо кысымга алуу аракети башталган.

Ал болсо эч кимге жүгүнбөгөн, баш ийбеген өзүнчө адам болчу. Тигилер асыла баштаганда эшикти жаап чыгып кетип отурбайбы.

"Эмне, силерде академиктер көппү?"

Азыр так айта албайм, бирок Тюменге кетип калды окшойт. Аны биз кийин билдик. Медер менен чогуу окучубуз, такай анын үйүнө келебиз. Иса Коноевич болсо үйүндө жок, бир жума өттү, жок, эки жума өттү, жок.

Анан мен бир ирет Медерден: “Атаң кайда?” деп сурадым. Медер жашырбай айтып берди. Угушумда, ал кездеги союздук жетекчилик бул ишке кийлигишип, Фрунзеге телефон чалыптыр. Биздин жергиликтүү аткаминерлерди зекип: “Эмне, силерде, академиктер көппү? Аларды ушинтип кубалап ийет экенсиңер да!” деген го.

Кыскасы, бул жактагылар ошондо чуркап, анын алдынан өтүп, суранып отурушуп, кайра республикага алып келишкен.

Иса Коноевичтин келишине студенттери менен кесиптештери аябай кубанганбыз. Баарынан да ал кишинин аябай көп оорукчандарынын кубанганычы! Ахунбаев табият берешендик менен берип койгон колу жеңил чоң хирург болчу. Ал хирургиянын бир топ тармактарында жаңыдан чыйыр салган илимпоз эле. Биздин чөлкөмдүн медицинасындагы ири жылдыздардын бири болчу.

Өз учурунда биздин аймакта өзгөчө маанилүү проблемага терең көңүл бурган. Республикада богок проблемасы бар эле. Аны дарылоонун жолдору боюнча ал жаңы чыйыр салган. Ал эми жүрөк-кан тамыр хирургиясы тууралуу айтсак, элестетип көрүңүз, таанымал окумуштуу, таасын дарыгер болуп, аты чыгып калганда, профессор, кафедра башчысы, анан, менимче, союздук академиянын мүчө-корреспонденти болуп калган болуш керек эле. Москвага өзүнүн шакирттерин ээрчитип алып барат. Академиктин шакирттери Москвада жүрөккө ачык операция жасоону үйрөнүүгө барышат. Элестеттиңизби, ал шакирттери менен Москвадагы Жүрөк кан-тамыр институтунда, азыр ал Бакулев атындагы институт, а кезде, академик Бураковский жетекчилик кылчу.

Ошентип, ал жүрөккө ачык операция жасоодо жалаң эле Кыргызстанда эмес, биздин чөлкөмдө, а кезде азыркыдай Борбор Азия эмес, Орто Азия деп аталчу, биздин Фрунзеде жасалган. Мындан башка бир топ хирургиялык багыттар бар болчу. Анын баарында Иса Коноевич жакшы изин калтырган.

Иса Ахунбаев үй-бүлөсү менен келатып, 1975-жылы 5-январда автокырсыктан курман болгон. Жүздөгөн бейтаптарды ажалдын оозунан арачалап калган улуу хирург, аялы, кызы, күйөө баласы – бир үй-бүлө кырсыктан набыт болду.

Студент кезде улуу инсанды акыркы сапарга узатууга чыккан адамдардын колоннасы Иса Ахунбаевдин ысмын алып жүргөн азыркы медициналык академиянын имаратынан “Ала-Арча” көрүстөнүнө чейин созулуп, шаар кыштын суук күнүндө аза күтүп турганы азыр да эсимде.

Иса Ахунбаевдин түбөлүк жайында алакандагы жүрөктүн эстелиги коюлган.

Улуу дарыгер - кыргыз илиминде түбөлүк жол көрсөтүп турчу, жарыгын баарына тегиз чачкан улуу инсан, медицинадагы эмгеги жылдар мезгил өтсө да унутулбай, кийинки муун тарабынан эскерилчү, беш манжа менен саналчу илимий залкарлардын бири.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG