Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Иса Ахунбаевдин эстелиги ачылды


25-сентябрда Медицина академиясынын алдында атактуу кыргыз кардиохирургу Иса Ахунбаевдин эстелиги ачылды.

Өткөн жылы так ушул 25-сентябрь күнү Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгы белгиленип жаткан күндөр ичинде Мамлекеттик медицина академиясынын алдына Борбордук Азия чөлкөмүндө жүрөккө алгачкылардан болуп операция жасаган кардиохирург Иса Ахунбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча өкмөттүн чечими чыккан болчу.

Бүгүн 25-сентябрда Иса Ахунбаевдин эстелигинин ачылыш аземинде өлкөнүн вице премьер министри Өктөмкан Абдуллаева улуу инсандын адамкерчилигин да белгилеп өттү:

- Биз Иса Ахунбаевдин ХХ кылымда кыргыз илимине, кыргыз медицинасына кийирген зор салымын терең таазим этүү менен баалайбыз. Бүгүнкү жаштарга да улуу инсандын баскан жолу өрнөк болот деп ойлойм. Көпчүлүк эл анын төмөнкүдөй мыкты сапаттарын айтып жүрөт: Кыргыз ССРинин жана СССРдин депутаты болуп турган чагында алган степендияларынын баарын Москвада окуган кыргызстандык студенттерге берчү экен. Демек Иса Ахунбаев Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонгон экен ошондо. Анкени кадрлар баарын чечет эмеспи.

Ардагер академик, кыргыз медицинасын түптөөчүлөрдүн бири Какиш Рыскулова Иса Ахунбаевди төмөнкүчө эскерди:

- Иса Ахунбаев Борбордук Азияда кардиохирургияны ачкан адам. Медицинадан сырткары да канча чоң эмгектерди жасады. Кыргызстанда эле эмес, анын жасаган эмгеги дүйнөлүк баага татыктуу болбодубу.

Кыргыз медицина академиясынын доценти Канышай Абдубалиеванын айтымында – Иса Ахунбаев тоодо сокур ичеги болуп калып өзүнө өзү операция жасаган экен:

- Иса Ахунбаев менен бирге жүргөндөр, балдары – Неля Ахунбаева, Сталбек Ахунбаевдер айтып калышат: Иса Ахунбаев тоого эс алганы барып, жанында бир да доктур жок экен, сокур ичеги болуп калат. Ошондо чабандарга бычактарды кайнаттырып, өзүнө өзү операция жасаган экен.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанкороз Каниметов Иса Ахунбаевдин өмүр жолун кыргыз тарыхы менен байланыштырды:

- Канча адистерди даярдагандыгы, хирургдардын өзүнчө бир армиясын түзгөндүгү, илимге чоң жол салып бергендиги – кыргыз тарыхынын барактарында алтын тамга менен жазылып отурат. Андыктан Иса Ахунбаев медицина тармагында эле эмес, ошол кездеги коомдук түзүлүшкө, советтик партиялык өнүгүшкө, кадрларды даярдоого чоң салым кошкон.

Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын доценти Канышай Абдубалиеванын пикиринде Иса Ахунбаевге эчак эле эстелик тургузулушу керек эле:

- Иса Ахунбаевге эстелик эчак эле тургузулушу керек болчу. Бизде бир көралбастык бар. “Мындан тиги кыйын” деп чаргытмайыбыз да бар. Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, Кыргыз медицинасын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан адамга эстелик тургузуу эң татыктуу иш.


XS
SM
MD
LG