Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

ИСА АХУНБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНЫН РАСМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ БАШТАЛДЫ


Академик, медицина илимдеринин доктору, Борбор Азияда жүрөккө биринчи операция жасаган таланттуу хирург, белгилүү дарыгер Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар бүгүн медициналык академиянын алдында улуу дарыгердин келечектеги айкелинин ордун белгилөө менен жана Кыргыз Илимдер улуттук академиясында Ахунбаевдин өмүр жолуна арналган жыйын өтүү менен башталды.

Бүгүн (23-сентябрь) эртең менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдында Иса Ахунбаевдин келечекте орнотулчу айкелинин орду белгиленип, ал жерге атайын таш коюлду. Эстелик качан коюлары Саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Самат Тойматовдун айтымында азырынча белгисиз:

Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе болгондуктан, бизде айкелдин качан коюлары тууралу маалымат жок. Бул эми бара-келе финансыга байланыштуу да. Ошондуктан бүгүн ошол келечектеги эстеликтин орду гана белгиленди.

Иса Ахунбаевдин ысмы өзү эмгектенген азыркы Улуттук госпиталдын жүрөк кан тамыр клиникасына ыйгарылган. Ошондой эле өткөн жылы мына ушул клиниканын алдына жамааттын аракети менен эстелиги орнотулган. Улуу дарыгердин 100 жылдык мааракесинин алдында Бишкектеги медициналык академияга ысмын ыйгаруу маселеси да көтөрүлгөн. Бирок бул маселе али чечилбей тургандыгын Ахунбаев атындагы жүрөк-кан тамыр клиникасынын жетекчиси Мамбет Намазбеков билдирди:

Көпчүлүк эл Кыргыз медициналык академиясына Ахунбаевдин ысмынын ыйгарылышын колдоп жатат. Өкмөт ушул маселени көп созбой эле эл каалагандай чечсе жакшы болор эле.

Залкар дарыгердин туулганынын 100 жылдыгына арналган иш-чара Кыргыз илимдер улуттук академиясында уланып, Иса Ахунбаевдин өмүр жолуна арналган жыйын өттү. Жыйынга Орусиянын Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр илим изилдөө институтунун генералдык директору Лео Бокерия, Түркиянын жүрөк-кан тамыр илим изилдөө институтунун башчысы Эртан Үзел жана Казакстандын белгилүү кардиохирургдарынын бири, Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сейиткан Жошибаев катышты.

“Иса Ахунбаевдин өмүр жолу жана кыргыз медицинасындагы орду” деген темада доклад жасаган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунун директору “Азаттыкка” төмөнкүчө ой бөлүштү:

Иса Ахунбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө 30 жылдан ашык убакыт болуптур. Ошондон бери ушу жылдар ичинде Ахунбаевдин же замандаштары тарабынан же шакирттери тарабынан ал киши жөнүндө кенен сөз болбоптур. Биз ушул өксүктү толтурууну ойлоп жатабыз.

Иса Ахунбаевдин окуучуларынын бири Ахунбаев атындагы жүрөк-кан тамыр клиникасынын башчысы Мамбет Намазбеков улуу хирургдун инсандык бейнесин мындайча сүрөттөдү:

Иса Ахунбаев акчадан кыйналган студенттерге өз чөнтөгүнөн чыгарып акча жардам этчү. Ал киши ошондо мединституттун ректору болуп турган.

Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракеси жума ичи улана берет. 2009-жылдын 19-майында Иса Ахунбаевдин Борбордук Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаганына 50 жыл толот.

XS
SM
MD
LG