Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

ЫСЫК-КӨЛ: УЛУУ ДАРЫГЕР ИСА АХУНБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ


Рита Борбукеева, Ысык-Көл Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, республикадагы жүрөк-кан тамыр медицинасынын негиздөөчүсү, академик Иса Ахунбаевдин туулганынын жүз жылдык мааракесин белгилөө уланууда. Бүгүн (24-сентябрь) дарыгердин кичи мекени Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында Иса Ахунбаевге тургузулган эстелик менен үй-музейин ачуу иш-чарасы өттү. Таланттуу хирургдун жердештери менен катар коомчулук, расмий бийлик өкүлдөрү улуу дарыгердин жаркын элесине таазим этишти.

Борбордук Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган кардиохирург Иса Ахунбаевдин туулуп өскөн жери Тору-Айгыр айылына анын шакирттери менен катар Жогорку Кеңештин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чогулуп улуу дарыгерди эскерүү митинги өттү. Анда академиктин өмүрү, ишмердүүлүгү, патриоттулугу менен бирге өз кезинде дарыгердин ишине бут тоскон учурлар жөнүндө дагы айтылды.

Корумду айылынын ардагери, Тарыхчы Чорчоев Ахунбаев кемчиликти ачык айтканы үчүн айрымдарга жакпай калган, анын кесептинен атактуу хирургдун 70, 80, 90 жылдыгы өз айылында белгиленбей калганын кошумчалады:

- Оокат, көлдүн жээгин талашты беле, жок. Бир гана түз айткан, бетке айткан сөздүн артына түшкөн. Кудайдын көзү ак экен, акыры келип бийликке калыс адамдар келет экен.

Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Чолпон Баекова болсо пендечиликтен улам уулу инсаны өз убагында баркталбай келгенине токтолду:

- Илгери эле ушундай эстеликти Тору-Айгырга коюп койсо болмок, илгери эле бул кишинин атын эскерип, бүгүнкү берип аткан сыйлыктарды берип койсо болмок. Бирок пендечилик болуп калды. Аны бардыгыбыз түшүнүп атабыз. Кеч болсо дагы, бир кылым өткөндөн кийин ал кишинин туулган күнүндө аты аталып, бүгүн жакшынакай Тору-Айгырдын маданият үйүнүн көркү да ачылып турганын карабайсыңарбы. Жакшы кишинин шарапаты деген ушул. Ар кандай керексиз иштердин баарынан кутулуп, жакшылыктарда жолукканга кудай мүмкүнчүлүк берсин. Аман болгула.

Сөз алып сүйлөгөн дарыгердин айылдаштары менен шакирттери мааракеге келген жоон топ депутаттарга Ахунбаевдин ысымын Кыргыз медициналык академиясына ыйгарууну суранышты. Чогулгандар эскерүү митингинин соңунда Иса Ахунбаевдин эстелигинин ачылышына күбө болушту. Эстеликти вице-премьер-министр Элмира Ибраимова, кыргыз медицинасынын профессорлору, коомдук ишмерлер ачышты.

Дарыгердин эстелигин тургузган Медициналык академиянын хирургия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Ахун Бейшеналиев “Легендага айланган өмүр” аттуу Иса Ахунбаевге арналган китебин да катышуучуларга таратты. Автордун айтуусунда, миң нускадагы бул китепти академиктин кызы Неля Ахунбаева менен биргеликте жазган. Эми китеп мектептерге окутуу үчүн таратылаарын дагы белгиледи.

Ал эми Кыргыз медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин ысмын берүү тууралуу өкмөттүн токтому бар экенин Бейшеналиев мындайча ырастады:

- Мен мунун көтөрүп чыгып, ал эмес “Ала-Тоо плюста” добушка койдуруп алып чыккам. Мен Жогорку Кеңеште дагы алып чыгып, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн токтомун чыгарткам. Андан кийин өйдө жакка барып эле токтоп калып атат. Ал эмне болуп токтоп калып атат, аны мен билбейм...

Кыргыз медицинасынын залкарларынын бири, атактуу дарыгер Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракеси Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган ат оюндары менен коштолду. Келген меймандарга сый-урмат көрсөтүү үчүн көл жээгине отуздай боз үй тигилди.

XS
SM
MD
LG