Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

1937: Рустам Бабашалин: Атам Айткул жазыксыз жерден абакка айдалган


Айткул Бабашалин (1901-1956). Үй-бүлөлүк архивден.

"Азаттык" үналгысынын “Куугунтук курмандыктары” берүүсүнүн мейманы Рустам Бабашалин сталиндик режимдин запкысын көргөн өз атасынын тагдыры тууралуу маек курду. Атасы Айткул Бабашалин (1901-1956) учурунда Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы жана агартуу министри болгон жана жазыксыз абакта жаткан.

Сталинчил бийлик Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы жана агартуу министри кызматтарын аркалаган Айткул Бабашалинди “эл душманы” катары 1937-жылы абакка салган.

Айткул Бабашалин жөнүндөгү архив сүрөттөрү.
Айткул Бабашалин жөнүндөгү архив сүрөттөрү.

Жазыксыз жерден камалган Айткул Бабашалин эки жылдан кийин гана түрмөдөн чыккан. Эки буту ооруп, жакшы басалбай калган мурдагы министр бир топ жылдар Көл боюнда мектеп директору болуп иштейт.

Ал жумуштарынан кодуланып, бошотулгандан кийин Чүйдөгү өз айылына - Жарды-Сууга келет. Мурдагы "эл душманы" жалаасынын толук кутулбаган Айткул ата айылда кара жумуштарды кылып, бирок да абактагы кыйноолордун залакасынан айыгып кете албай, 1956-жылы болгону 55 жашка келген чагында каза табат.

Рустам Бабашалин "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кеңсесинде. 30.10.2017.
Рустам Бабашалин "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кеңсесинде. 30.10.2017.

Репрессиянын азабын жалгыз эле Айткул Бабашалин тартпай, анын үй-бүлөсү да бир топ жылдар куугунтукталып келген.

“Азаттыктын” “Куугунтук курмандыктары” берүүсүнүн мейманы Рустам Бабашалин репрессияга жазыксыз жерден кабылган үй-бүлөдөн калган жалгыз уул, Айткул атанын туягы.

“Азаттык: Рустам ага, быйыл репрессиянын аябай күчөгөн учуру – 1937 - 38-жылдардагы алааматтын 80 жылдыгы болуп жатат.

Бабашалин: Москвада да ушуну белгилеп аткан го дейм.

“Азаттык”: Ооба, көп сөз болуп атат. Анткени канча кишини, канча миллион адамды жок кылышканы эмдигиче дайынсыз. Кыргызстанда билесиз, жок кылынгандардын саны 40 менен 50 миңдин тегереги. Бул жок кылынгандары. Ал эми андан каза болгондор, андан азап чеккендердин жакындарынын азабын эске алганда аябай эле көп болуп кетет. Сиздин атаңыз Айткул ата кандай айып менен соттолгон?

Бабашалин: Документтер боюнча Социал Туран партиясын уюштуруп, контрреволюциялык иштерге катышкан делип, КГБнын делосунда ошондой деп көрсөтүлгөн экен, чынын айтканда, ошондон билебиз. А мен анын эмне болгонун, кандай болгонун билбейм, бизге ал жомок.

Атамды контрреволюциялык иштерге катышкан, тигиндей-мындай деп камашыптыр, бирок эч кандай тергөө, иликтөөсү жок эле, “соту, тергөөсү жок” деп айтылат экен, буларды ошентип камашкан. Сот да, башка тергөө иштери да болгон эмес.

Кийин мен кылмыш иши менен тааныштым, мага мурдагы депутат Кабай Карабеков жардам берди. КГБга кайрылып, "бүт баарын көрсөткүлө, керектүү документтерди алсын" деди. Ошондо бардым.

“Азаттык”: Негизи коюлган айыптардын баары “буржуазиячыл-улутчул”, “Социал-Туран партиясынын мүчөсү” делген бирдей айыптар да. “Алаш партиясынын мүчөсү” болгон деп да айыпташчу. Сиздин атаңыз кызматтагы киши беле?

Бабашалин: Ошол убакта, акыркы дайындалган кызматы азык-түлүк министри болгон. Москвадан Сталин атындагы Чыгыш университетин бүтүп келгенде бул жерден Борбордук Комитетке (ЦКга) алышкан.

Архив маалыматы сүйлөйт.
Архив маалыматы сүйлөйт.

Кийин арыздардын негизинде деп камакка алышкан. Анын кайсы кызматтарда иштегенинин тизмеси бар. Билим берүү министри болуп көп жыл иштептир. Биринчи ушул агартуу боюнча министр болуп иштептир, буйрукка кол коюлган. Документтерде баары бар.

Көп документтерди архивден таба албай койдум. Москвага жазсаң келет дешти. Москва жакка жазууга кол жетпей калды. Ал ошону менен калып кетти. Болгону эле ушул жерден алынган документтер. Мурдагы депутат Кабай Карабековдун жардамы менен КГБдан документтерди окуп чыгууга киргенимде, аларды толук окуй албай койдум, кыйын экен.

“Азаттык”: Сиздин атаңыз бай тукумунан беле же манап тукумубу? Минтип куугунтукка алынышына караганда бир себеби бардыр?

Бабашалин: Карапайым, кедейдин кедейи. Тогуз жашынан ата-энесин багып, батрактык кылып жүрүптүр.

“Азаттык”: А билимди кайдан алган?

Бабашалин: Өз алдынча. Иштеген жеринде, бизде Беловодскиде кандай, борборго түшсөң эле баары орустар болчу. Дондук казактар көп болчу. Ошолордун май заводдору бар экен. Ошого иштеп тирүү калдым деп айтчу экен. Болбосо бүт жерде малай болуп, кой багып, батрак болуп эле жүрчү экен.

Анан кийин колдон келишинче жазганды да үйрөнүп, окуганды үйрөнүп, анан ошондон көрүнүктүү болуп кетиптир. Анан окуп, иштеп, комсомолдук жумуштарга аралашып, анан суранып окууга кетиптир. Ага чейин аскерде болуп, аскердик окуу жайында окуган экен.

Ташкендеги Орто Азия аскер окуу жайында окуп, аны бүтүрүп саясий жетекчи ("политрук") болуп, Казакстанда Түркстан аскер округуна жиберишип, ошол жерде политрук болуп иштептир. Кышында Казакстандын чөлүндө кандай суук болорун билесиңер, ал жерде ооруп калыптыр.

Алар чек арадан Сибирден (Кытайга) качкан ак гвардиячыл орус аскерлерин тосушчу экен. Негизги иши ошол экен. Орустун ак генералдары, офицерлерин чет өлкөгө өткөрбөш үчүн турушчу экен.

Кийин аскерден ден соолугуна байланыштуу чыгарышып, анан бул жерге келип комсомолдук иштерге аралашыптыр. Мунун баары документтерде бар. Политрук болуп иштеген, Орто Азиядагы тилдердин баарын билчү экен. Ошонусу көп жардам берди деген сөздү уккам.

“Азаттык”: Атаңыз канчанчы жылы төрөлгөн?

Бабашалин: 1901-жылы. Ошол Ак-Сууда.

“Азаттык”: Сиздин атаңыздын, өзүнүздүн фамилияңызга токтоло кетсеңиз.

Бабашалин: Ал эми Москвага барардабы же андан мурун элеби, фамилияны ошондой коюу мода экен. Орусча ыкка салып айтуу мода болгон экен деп апам айтып калчу, баарыбыз отуруп калганда.

Бир ирет мен апама: “Ой, апа, мен бу фамилияны Бабашалиев же Айткулов эле кылайынчы” десем, апам минтип айткан:

“Э, балам, атаң жаман киши болсо которо берели. Жакшы киши үчүн эч ким анын фамилиясын өзгөрткөн эмес. Кандай болсо ошондой эле калсын”, - деген.

Ошону менен фамилиям Бабашалин бойдон калган. Булар убактысында орусча модалуу деп коюп алышкан. Аягын “ин” кылып атпайбы.

“Азаттык”: Рустам ага, канча бир туугансыздар? Канчасы барсыздар?

Бабашалин: Атам биринчи жолу үйлөнүп, Москвага партиялык окууга кетерге чейин үйлөнгөн аялынан эң улуу Зейнеп деген эжебиз бар экен. Келинчеги өпкө оорулуу болуп, ошондон андан ажырап калган экен. Телефон чалышып кабар беришкен экен.

“Азаттык”: Эки бир тууган экенсиздер да?

Бабашалин: Жок, алты бир тууганбыз. Зейнеп эжебизди санаганда жетөөбүз.

“Азаттык”: Атаңыз камалып кеткенден кийин жашоо кандай болгонун сиз деле билеттирсиз?

Бабашалин: Эми андайды эч кимге көргөзбөсүн. Менин кичине эсимде бар. Анда мен өтө эле жаш экемин.

“Азаттык”: Үйдөн кууп чыгышты.

Бабашалин: Квартира алайын деп КГБдан бүт документтерди чогултпадымбы. Ал жерден справка берип атышпайбы. “Чынында эле Дзержинский көчөсүндөгү 130-үйдө жашашкан” деп.

Атам чыккандан кийин ал үйдүн дайыны жок. Кимдин квартирасы, кимге тийген, документтери. Справка алып келбейсиңби дешкенинен КГБга барып айттым, ушундай документтер керек экен деп. Алар жазып беришти, "иш жүзүндө бул даректе жашаган" (“фактически проживал по такому-то адресу”) деп.

Анан тигилер сыр деп ачпайт экен. Ким алды, кандай болду, ошону айтпайт экен да. КГБдан "жашаган дареги ушул болчу" деген дарегин беришкен.

“Азаттык”: Атаңыздан кат келчү беле?

Бабашалин: Жок, кат келчү эмес. 1937-жылы камалган, 1939-жылдын аягында акталып чыкты. Булар бир топ болуп чыгышты. Аны менин атам уюштурган экен.

Сотко барганда баарынан баш тартышып, "бизди түрмөдө ушинтип кыйнашкан" дешип, анан болгонун болгондой айтып чыгабыз дешкен экен.

Ошондон 1939-жылдын акырында бир топ киши эркиндикке чыгыптыр. КГБда мен акыркы ирет киргенимде окудум, сурактар - баары бар.

“Азаттык”: Андан кийин келип Бишкекте жашадыбы?

Бабашалин: Кайдан, бул жерде үйү жок, кууп чыккан, бүткөн.

Анан чоң атамдын айылда үйү бар экен да, ошого барып, балдары менен туруп калыптыр. Анан Москвадан кат келиптир, түрмөдөн чыккандан кийин, акталды, партиялыгы калыбына келтирилди деген. Дарыланганга шарт түзүлсүн деген кат келиптир.

Бабашалиндердин үй-бүлөлүк архивинен.
Бабашалиндердин үй-бүлөлүк архивинен.

Ошондон кийин аны Ысык-Көлгө торпедо сыноочу Койсарыга ишке жиберишиптир. Курортко директор кылып жөнөтүшүптүр. Ал жерден 1940-жылы кайра эле курортту жаап ташташыптыр, согушка даярданып, торпедолорду сыноо башталып калыптыр.

Ал жерден дагы бир орус айыл бар ошол жерде, мектепке директор кылышат. Учкуч кыз Пасько чыккан жер. Ошол айылда орто мектептин директору болуп иштептир.

Андан кийин аны Бөкөмбаевге мектеп директору кылып жибериптир. Документтеринин баары бар.

Тияктан дарылоо, эчтеке жок, ошондон анан оорусу күчөй баштаптыр. Түрмөдөн чыкканда бутунун сөөгү туберкулез, сөөк ириң болуп чыгыптыр.

Анан ден соолугунун айынан иштен бошотулсун деп чечим чыгарышып, ал жерден көчүшүп, чоң атамдын айылына барышыптыр Жарды-Сууга, ошол жерге барып, ошерде турушуп, атам 1956-жылы дүйнөдөн кайткан.

Айылга баргандан кийин көнүп калган жан окшойт, баары эле айтышчу, бир араба алып, ошого отуруп алып, башкарманын ордуна өзү эле башкарма болуп жардам берип жүрүптүр. Тигини мындай кылгыла, муну мындай кылгыла деп.

Кеңеш алганы шаардан барышчу экен. Чынында эле тажрыйбасы жакшы экен деп айтышчу.

“Азаттык”: Жети бир туугандарыңыздан кимдер калды?

Бабашалин: Эч ким калбады. Мен жалгыз калдым.

“Азаттык”: Атаңыз өткөндөн кийинки жашоо кандай болду?

Бабашалин: Аябай кыйын болду. Бүт баарыбызды интернатка тапшырбадыбы.

Бирөө Калининскидеги интернатка, мен Бишкектеги номур биринчи мектепке, иним ошол Калининскиде интернатта болду. Баарыбыз таркап-таркап, ошентип күн көрдүк.

“Азаттык”: Сиздерди “эл душманынын” баласы, атасы репрессияланган деген кодулоо болдубу?

Бабашалин: Кемсинтмей, “эл душманынын” баласы деп кемсинтмей, андан башка сөз болбоду, бир жакшы сөз укпадык.

Мен күндүз иштеп кечки мектепти бүттүм. Кечки жумушчулар мектеби деп коюшчу анда.

Бабашалиндердин үй-бүлөлүк архивинен.
Бабашалиндердин үй-бүлөлүк архивинен.

Ошону бүтүрүп МГУга тапшырдым, Москвага. Ошого тапшырсам орус тилинен “үч” алып калыпсың деп өтпөй калдым. Андан кийин чатак салдым да. Бу кандай, ал кезде диктант эле, мен диктантты жакшы жазчумун. Менин орус тилинен “үч” алышым мүмкүн эмес деп. Менден кайра сынак алгыла дедим.

Мага түшүндүрө албаганын билишти окшойт, КГБдан кишилер келип, алар акырын айтып түшүндүрүштү, "окууга кабыл алууга болбойт" (“не положено”) деп.

“Азаттык”: Атаңыз түрмөдөгү күндөрүн, азап-тозогун сиздерге айтчу беле?

Бабашалин: Жок, айтчу эмес. Айтса, апама айтып бергендир. Бизге айтканда эми, биз жаш болчубуз.

Репрессия тууралуу калган документтерден гана билдик. Совет бийлигин жакшы көргөн чыныгы коммунист болчу. Биз баарыбыз коммунист болуп өттүк.

“Азаттык”: Жаңы бийлик келгени сизге репрессиянын азабын тарткан үй-бүлө мүчөсү катары социалдык жеңилдиктер болдубу?

Бабашалин: Колдоо болду. Репрессияга туш келген кишилерге, алардын жакындарын колдоо тууралуу токтом чыкканда, ошондо ушул Бишкектин Свердлов районунун акими аябай жакшы жардам берип, жөлөкпул, жакшы эле каралашты. Жеңилдиктердин баарын жасап беришти.

“Азаттык”: Рустам ага, репрессия тууралуу эмне айтат элеңиз?

Бабашалин: Бул - пландуу иш болгон болуш керек. Менин оюмда, интеллигенцияны жок кылуу болгон. Биздики иштеген эле киши эртеси эле түрмөгө түшүп калышып атпайбы. Бүт союз боюнча ошондой болгон. Көзү көрүнгөндү команда менен жок кылышкан.

Менин түшүнүгүмдө баары пландуу болгон, жок кылынгандардын ордуна өз кишилерин коймой жана башкалар.

Бизде Аммосов деген БКнын биринчи катчысы 8 ай эле болуптур. Ушул убактын ичинде канча адамды жок кылган. Жөн эле иштен алынсын, анан кетти. Менин атам да ошондой болгон, документтери турат.

“Азаттык”: Азыркы жашооңуз кандай?

Рустам Айткул уулу Бабашалин. 30.10.2017.
Рустам Айткул уулу Бабашалин. 30.10.2017.

Бабашалин: Жашоо кандай десем, 70тен өтүп калдым. Болуп атат эми турмуш.

Курулушта иштедим көбүнчө, комсомолдук жумуштарда иштедим. Кайсы жерде курулуш болсо, союз боюнча, ошол жерде мен болдум.

“Азаттык”: Рустам ага, ырахмат, көп жашаңыз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG