Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:12

Кыргыз совет адабият таануучусу, манас таануучу Зыяш Бектенов сталиндик жазалоолорго 1937- жана 1950-жылдары жазыксыз жерден кириптер болгон. Анын бейнесине сүртүмдөрдөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, өзгөчө 1948-50-жылдары СССРде сталиндик кандуу жазалоо кайрадан күчөгөн. Ошол кезеңде кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын, ХIX кылымдагы "Замана" адабий агымынын өкүлдөрүн, "Манас" эпосун изилдеген үч адабиятчы - Тазабек Саманчин (1949), Ташым Байжиев жана Зыяш Бектенов (1950) камакка алынган.

Аларга мурдагы феодалдык-уруулук түзүлүштү, хандарды, феодалдарды ашыра мактаган деген айып коюлган. Ойдо жок жерден айыптуу болуп, 10 жылга катаал жазага кесилген Зыяш (Зияш) Бектенов 5 жылдан ашуун түрмөдө көрбөгөн азапты көрүп, Сталин өлгөндөн кийин боштондук алып жерине кайткан.

Ошентип, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан илимпоз түрмөгө камалып, андан соң 7 жыл кызматка алынбай, Бишкекте үйүндө ишсиз отурган.

Араб тамгасын тааныткан агай

Зияш Бектенов агайды студент кезде көрүп калдым. Ал киши бизге араб тамгасынан сабак өтчү. Макалдатып куюлуштура сүйлөгөн, анан да Кыргызстандагы болгон айылдарды так билген, ал жердеги айрым кишилерге чейин тааныган укмуш адам болчу.

Агайдын кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын, айрыкча “Манасты” мыкты билгенине таң калчубуз. Бишкектеги педагогикалык техникумда окуп жүргөндө академик Константин Юдахиндин агасы Петр Кузьмичтен таалим-тарбия алганын кызыктуу кылып айтып берчү. Бизге агайдын болгон окуяны образдуу, угумдуу, образдуу айтып бергени кызык эле.

Ал араб тамгасын студенттерге тез эле үйрөтүп, сөз жазууга келгенде тактага чыккандын сырт келбетине, баскан-турганына шайкеш келчү макал-лакапты айтып, аны араб тамгасында жаздырчу.

Мени “ынды кара” дечү; дагы бир чачы үрпөк курсташыма “цирктин артисти” деген ат коюлган эле. Зыяш агайдын сабагы бизге майрам болчу.

Агайыбыз бейкапар жаштарга кайгы-кападан оолак, шайыр-шатман жүрчүдөй сезилчү. Бир жолу сабак убагында кайсы бир окумуштууну “чагымчы” деп күрсүнүп ийгени бар.

Башынан өткөн эчен азап-тозокторду жашырып, студенттер арасында кайгысы жок адамдай жүрчү. Анын үстүнө ал кезде сталиндик кандуу жазалоо, “эл душмандарын” абактарга тыгып, большевиктик бийлик бейкүнөө миллиондорду кантип жок кылганы айтылчу эмес. Ошондон чочулаган Зыяш агайдын башынан өткөн кайгылуу окуяларын студенттерге чечилип айтканын укпадык. Аудиторияда айтылган сөз тийиштүү жерге жетип калабы деп корккон болуу керек.

Бул жагынан Кусейин Карасаев агайыбыз кыйла ачык болчу. Ал кантип куугунтукка кабылганын, Жалал-Абатка кетүүгө аргасыз болгонун, кыргызча-орусча сөздүктү түзүүгө катышканын кызыктуу аңгеме кылып айтып берчү.

Зыяш Бектенов агай кыргыз адабияты боюнча жазган окуу китептери үчүн айыпка жыгылып, эки ирет түрмөгө түшкөнүн, Сталин өлгөндөн кийин акталып чыгып, бирок жети жыл ишсиз “үй камагында” жатканын, кийин Кыргыз мамлекеттик университетине (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУга) ишке алынып, ал жерде доцент катары иштеп, бир да ирет мактоо кагазын албай, токсонунчу жылдары гана сексенге келип эс алууга чыгарда университет жетекчилигинин демилгеси менен “ардактуу профессор” наамы ыйгарылганын, “эл мугалими” болгонун, бирок тагдырынын оодук бөлүгүндө куугунтуктан башы чыкпаганын мына эми өкүнүч менен эскерип отурабыз.

Зыяш агай Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болчу, бирок да ага идеологиялык айып коюучулар үчүн бул жагдай эч кандай тоскоол болгон эмес.

Зыяш агай “Манастын” Сагымбай менен Саякбай айткан варианттарынын негизинде кара сөз баянын жазып чыккан. Кийин бул ишти манас таануучу Самар Мусаев, жазуучулар Ашым Жакыпбек менен Кеңеш Жусуповдор жүзөгө ашырышты. Ушу тапта “Манасты” кара сөздө кайталап жазгандардын катары калындап баратат. 1940-жылдары Зыяш агайдын кара сөз баяны орусчага которулуп, анын негизинде орустун мыкты окумуштуулары “Манас” эпосу боюнча омоктуу ойлорун айтышкан.

“Манас” эпосунун жазылышы кандай кыйынчылыктарга туш келсе, анын илимий изилдениши, жарыяланышынын айланасындагы талаш-тартыштардын таржымалы андан да татаал, канчалаган адамдардын куру дооматка кабылышына себепкер болгону, бул иш барып-келип коммунисттик идеологиянын катаал жүзүн кашкайта көрсөтчү айыптоочу документке айланары социализм түбөлүк турарына айныксыз ишенип алгандардын оюна деле келбесе керек. Убакыт өткөн сайын куугунтук курмандыктарынын кайгылуу тагдырларынын жаңы барактары ачылууда.

Илимпоздуктун азабы

Зыяш агай кыргыздын алгачкы советтик муунуна кирген интеллигенциясынын алдыңкы өкүлү катары эл агартуу, илим, билим берүү, китеп чыгаруу, котормо жаатында иштеп, кайсы тармакта болсо да тунук акылы, терең билими менен айырмаланып, өкүнүчкө, өмүр бою куугунтукта болуп келген.

Анын окуу китептери ушул азыр деле кайра басылып окутулса, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын аяк-башы көрүнбөгөн ченемсиз байлыгын, элдик акыл-эстен сыгылып чыккан көркөм дүйнөнүн кереметин таасын тааныткан китептер катары барк-баасын жогору болмок.

Зыяш агай ыр да жазган, кара сөздүн да чебери болгон. Бирок ал мезгил талабына жараша кыргыз мектептерине окуу китептерин жазууга кыйла убакты-саатын жумшаган. Бул ишти ал жакын досу, жан курбусу, сталиндик түрмөдөн артына кайтпай калган Ташым Байжиев менен чогуу аткарган.

Зыяш агай “Сейтек” эпосу боюнча илимий изилдөөсүн токтотуп, ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы Исхак Раззаковдун өтүнүчү менен 8-класска “Кыргыз адабияты”, 3-класс окуучуларына “Эне тили” боюнча окуу китептерин жазууга киришкен. А бирок бул иш анын экинчи ирет түрмөгө түшүшүнө себепкер болгон. 1946-жылы А. Ждановдун айтылуу баяндамасынан кийин четке жүгүнүүчүлүк – космополитизм боюнча айыпталып, 1950-жылы он жылга түрмөгө кесилген. Илимий ишин токтото туруп окуу китептерин жазууга үндөп, ал үчүн сыйлык берген Исхак Раззаков Ждановдун “Ленинград” менен “Звезда” журналдарын баш кылып, айтылуу жазуучу акын, композиторлорго каршы чабуулунан кийин мурдагы көз карашын өзгөртүп, башында өзү колдогон Ташым Байжиев, Зыяш Бектенов, Тазабек Саманчиндерди айыптап чыгат (ал кезде үчөө тең түрмөдө жаткан).

Зыяш агай Казакстандын Караганды шаарына жакын жердеги саясий камактагылар үчүн шарты катаал абакта беш жыл, беш ай, беш күн отуруп чыккан.

Белгилүү журналист, акын Тенти Орокчиев Зыяш Бектенов менен уюштурган маектеринде "КарЛАГда" канча жыл, канча күн, канча саатка чейин жатканын так айтканын минтип эскерет:

- Эми бул кишинин эске тутуму укмуш болчу да. 30 жылды кой, 40 – 50 жыл ким менен жолукканын, кандай суроо бергенин, эмнелерди кеп кылганын так айтып берчү. Мен мындай эс тутуму бышык кишини башка көргөн жокмун. Кандайча түрмөгө түшкөнү боюнча эки-үч сааттык маегим бар. 1946-жылы жанагы Ждановдун баяндамасы чыкпадыбы, ошондон кийин Бектенов, Байжиев, Саманчинге эптеп бирдеме табыш керек болгон. Алар кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин жазмак болушкан. Аларды И.Раззаков көндүргөн. Окуу китеби үчүн илимий даража берүүгө жардам кыларын билдирген. Үчөң тен иштеген, китептери чыккан. Анан аны өрттөшүп, шылтоо таап кесип ийип атышпайбы.

Зыяш агайдын өмүр жолу тууралуу “Ысык-Көл университетинин кабарларында” кызыктуу эскерүү жарыялаган К. Алымбеков менен А. Түргөнбаева чыгаан илимпоздун өз колу менен жазган мына бул эскерүүсүн жарыялашкан:

«1935-жылы түрмөгө түштүм, эл душманы дешти. Ошол жылдары өкмөттүн саясаты менен элди байыгыла деди. Анан эле колхоздоштуруу башталып, «кулак» деген, «колхоз душманы» деген сөздөр чыкты. Камоо, айдоо башталды. Казактар ooп келди. Эртең менен туруп карасаң, ушул Бишкектин көчөсүндө 50-60 адамдын өлүп жатканын көрөр элем, ачкачылыктан базардагыларды талап-тоноп кетчү. Абал оор эле... Тап күрөшү улам күчөп атты. Ушул кездин курмандыгы болдук да, түрмөгө түштүк. "Байдын баласы" дешти. Кайран атам алгачкы кыргыз фельдшери болгон».

Кичине тешиктен агылган жарык

Экинчи жолку түрмөдөн Зыяш агай ден соолугунан ажырап, катаал шартта жатканын, саясий туткундар кандай азап тартышканын минтип эскерген:

«Отуз сегизимде камалып, кырк төртүмдө келдим. Карабайсыңарбы? Кандай гана иштей турган убагымды караңгы жерге отурууга короттум. Мен көрбөгөн көр гана калды. Баарын көрдүм. Саясий күнөөкөр деп, жабык лагерге кести. Кат-кабарсыз, адамды такыр жогото турган жер - бул саясий күнөөкөрлөрдүн түрмөсү. Бул лагерде алтымыш миң киши жаттык. Сталин өлгөндөн токсон бир күндөн кийин бизди сураксыз, сотсуз камакка алган өкмөт башында тургандар өздөрү камалды. Фамилиябыз, атыбыз да жок эле, номурубуз гана бар болчу, меники «С-56» деген номур эле. Менин эки көзүмдүн түбүнө советтин түрмөсү жетти. Жалгыз кишилик камерага ийненин көзүндөй жарык түшөт. Ошол жарыкка тосуп бир нерселерди жазасың, окуйсуң».

Дагы бир эскерүүсүндө З.Бектенов тагдырдын катаал сыноолорунан кутула албай койгонун чоң өкүнүч, арылгыс арман катары сыпаттаган:

«Мен Жараткандан эмнеден жаздым? Өмүр бою куугунтукта болдум. Сибирдеги жабык лагердин тозогу, кыйноо-кыстоосун да көрдүм. Узак жылдары кызматсыз «үй түрмөсүнүн» зарыктырган ачуу тузун да таттым. Адилеттик болуп, эми көрүп билгенимди жаңыдан кызуу жаза баштаганымда, минтип эки көзүмдөн айрылып, карайлап калдым. Өмүрлүк жарым Ракышымдан да айрылдым. Же көзүм соо, же балдарымдын энеси аман болсочу! Жараткандын мага карата кылган кандай таш боордугу!»

Илимге куштар, “Манас” баштаган эл оозеки чыгармачылыгын мыкты билген окумуштуунун ички потенциалы саясий куугун-сүргүн, басмырлоонун айынан толук ачылбай, көзү тирүүсүндө жасаган эмгектери татыктуу баасын албай, катар келген мүшкүлдөрдөн тажаган улуу инсан 1994-жылы актыкка моюн сунган. (Зыяш агай 1911-жылы Түптүн Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген).

Зыяш Бектеновду жакшы билген белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловдун айтуусунда, Зыяш агай кыргыз адабиятынын жаралыш, телчигиш учурун мыкты билген, фольклор таануу илимине үлкөн салым кошкон улуу окумуштуу болчу.

- Ошол эле Тыныстанов, Абдырахманов, Айтматовду алып карасак, алар көп эле, Карасаев, Арабаев, Алиев сыяктуу суурулуп чыккан эң алгачкы агартуучулардын сабына кошулат. Ал киши эне тилибиздин филология илимин өркүндөтүп-өстүрүүгө катышкандыгы менен белгилүү. Эмгектери эл оозеки чыгармачылык, “Манас” таануу боюнча өзүнүн баасын бергендиги менен баалуу. Эки көзү көрбөй калганына кайгы тартып, катуу кыйналганы эсимде.

Ортодон айныган партжетекчилер

Ошол камалгандардын кайгы-муңун жакшы билген, саясий кысымдан атасынан ажыраган кыргыздын белдүү жазуучусу Мар Байжиев Зыяш Бектенов, Ташым Байжиев, Тазабек Саманчиндин согуштан кийин камакка алынып, саясий куугунтуктун күчөш себебин иликтеп, “Манас” эпосунун орусча которулуш тарыхын тактап чыкты.

Т.Байжиев менен З.Бектенов.
Т.Байжиев менен З.Бектенов.

Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы, “Манас” тууралуу кеңири маалыматты камтыган Ташым Байжиев менен Зыяш Бектеновдун 8-класс үчүн жазылган окуу китеби миңдеген нускада эки ирет басылып чыгып, авторлорго мамлекеттик сыйлык ыйгарылат. Бирок да А. Ждановдун кыйраткыч баяндамасынан кийин жагдай кескин өзгөрүп, ал кездеги Компартия төбөлдөрү кыргыз илимпоздорун феодалдык-уруулук мамиле-катнаштарды, айрым феодалдар менен хандарды көкөлөтүп мактайт деген кине коё башташкан. Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Манас” эпосундагы “Чоң казат” кайрадан сынга алынып, 1100 жылдыгы белгиленчү улуу эпосту каралоо күч алат. Бул маараке да өтпөй калат.

“Бул китепти чыгартып, Сталинге кат жазып, сыйлык сунуштарга кол койгон Кыргызстандын жетекчилери өзүлөрүн сактап калыш үчүн күнөөнүн бардыгын илимпоз-адабиятчыларга оодарат, - деп жазат Мар Байжиев. – 1940-жылы “Чоң казатты” трагедиялуу уландысы менен кошо чыгарыш керек деген Ташым Байжиевди, кошмо варианттын толук мазмунун кара сөз менен жазып берген Зияш Бектеновду, 1946-жылы китептин сүрөттөрүнө каршы чыккан Тазабек Саманчинди түрмөгө каматат”.

Бул адабиятчылардын күнөөсү Тазабек Саманчиндин Молдо Кылыч боюнча диссертация коргоп, Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов 8-класска түзгөн “Кыргыз адабиятына” “реакционер Сагынбайды, Саякбайды атактуу манасчылар” деп баалагандыгы болгон.

Сөз соңунда

Коммунисттик партия жетекчилери кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгынын мурастарын коммунисттик идеологиянын калыбына салып, аны социализмди куруучулардын кулагына куюу үчүн жарым кылым ашуун тынбай күрөшүп келишти. Улуу Ата Мекендик уруш учурунда элдин патриоттук сезимин ойготуу үчүн мурдагы заманда өткөн баатырларды, эл оозеки чыгармаларынын каармандарын даңазалоо демилгеси согуш аяктагандан аз өтпөй токтолуп, "Манасты" каралоо өнөктүгү башталган. Аны изилдегендер куугунтукка алынып, айрымдары камалган, калгандары качып-бозуп жүрүшкөн.

Идеологиялык кысым социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшүп кеткенге чейин уланды. Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун варианты өзгөртүлбөй, оңдолбой, баштапкы жазылган калыбында эгемендик тушунда гана жарыяланды. Саякбайдын варианты тууралуу деле ушуну айтууга болот. Саякбай Каралаев "Манасты" сактап калыш үчүн үч ирет жаздырууга мажбур болгон.

Эпостун калган варианттарынын көбү, - айрымдарын (Жусуп Мамай, Шаабай Азиз уулу, Сапарбек Касмамбетов ж.б. айткан варианттарды) эске албаганда, - азырынча китеп шекилинде чыга элек. Илим изилдөөгө жана басмага бөлүнчү каражаттын жетишсиздиги да буга өз кедергисин тийгизип келди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG