Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:46

Жусуп Молдо: Улуу мугалимдин айтылбай келген армандуу сыры


Жусуп Иманалиев (1900 - 1974), Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы айылынын Биринчи мугалими. Кабыл Макештин китебиндеги сүрөт. 2017.

Ички Теңир-Тоодон чыккан алгачкы советтик мугалимдердин бири, эчки-башылык Жусуп Молдо Иманалиевдин сталиндик доордо көргөн запкысы тууралуу баян.

Жусуп Иманалиев (12.3.1900 - 27.10.1974) 1916-жылдагы Үркүндө Кытайга чейин барып, ал жерден келгенден кийин билим алып, бир топ мектептерди ачкан. 1930-жылдардагы кандуу капсалаңга кабылып, 1937-жылы ак жеринен “эл душманы” катары камалган. Орусиянын түндүгүндөгү Архангельск түрмөсүндө өткөн камактагы азап-тозокторун ачык айтууга батына албай, аман калганына шүгүрчүлүк кылып, кийинки өмүрүн агартуу тармагына жумшаган.

Мектеп - түрмө - мектеп

Кыргызстандын агартуу тармагына үлкөн салым кошкон мугалим, Теңир-Тоо аймагына бир топ мектептерди ачып, өмүрүн билим берүү тармагына арнаган Жусуп Иманалиев (айтылуу Жусуп Молдо Иманаалы уулу) тууралуу маалыматтар аябай эле аз.

Жусуп Иманалиев (Жусуп Молдо). 1950-жж.
Жусуп Иманалиев (Жусуп Молдо). 1950-жж.

Анын тун уулу, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун да атасы тууралуу кенен-кесир эскерүүсү жазыла элек. Тек анын 1900-жылы Ички Теңир-Тоодогу Нарындын Эчки-Башы айылында төрөлүп, 74 жашында каза болгону тууралуу учкай маалыматтар эле болбосо, өмүр бою элге билим берүү түйшүгүн мойнуна илип, 1930-жылдары сталиндик куугунтуктун капканына кабылып, оор азап-тозокторду башынан өткөргөнү көпчүлүккө белгисиз калып келди. Жусуп ата башынан өткөн ошол азап-тозокторун аялына, кез-кез тун уулу Кеңешке гана айтканы болбосо, катылуу сыры башы менен кошо кетиптир.

Жусуп Иманалиев - айтылуу кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусуповдун атасы. Жалгыз агасы “эл душманы”, “контр” атыгып камакка алынганда бир тууган иниси Сыдыкбек тун уулун агасынын уулу деп каттатып койгон экен. Кыязы, агасынын башына каран түн түшүп, түрмөдөн кайтпай калса, артында жалгыз туягы агасынын атын өчүрбөгөн уулу болуп калсын деген ойдон ушул ишке барган окшойт.

Кеңеш Жусупов сталиндик кандуу жазалоонун жаалы күчөп турган 1937-жылы жарык дүйнөгө келген. “Эл душманынын” баласы кийин жамы журтка таанымал кара сөз чебери, кыргыз тарыхына байланышкан материалдарды мыскалдап чогулткан ойчул сүрөткер болуп чыгары ал кезде кимдин капарына келиптир?

Кеңеш аганын өз атасы Сыдыкбек Иманаалы уулунун он үч баласы болгон. Апасы - Турдүбүбү Молдогазы кызы. Бир тууган инисинин тун уулуна улай абактан бошонуп келгенден кийин Жусуп Иманалиев жубайы Турумбүбү менен ажырашып, Сүйүн апага үйлөнөт. Сүйүн ападан ал алты уулдуу, бир кыздуу (Мукаш, Жумабек, Кубан, Турат, Мурат, Марат жана Дамира) болду.

Жусуп ата Сүйүн апа менен.
Жусуп ата Сүйүн апа менен.

1916-жылкы Үркүндөн аман калган эки бир туугандын ынтымагы турмушта туш келген тоскоолдуктарга карабай, ушу азырга чейин урпактары тарабынан улантылып келатат.

1937-жылы Жусуп Иманалиев “эл душманы” деп айыпталып, камалып, эки жылга чейин Орусиянын Архангельск шаарындагы абакта кандай күндөрдү өткөргөнүн Жусуп ата уулу Кеңешке кез-кез айтып берчү экен. Ал кездерди Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов минтип эскерет:

Кеңеш Жусупов.
Кеңеш Жусупов.

- Мен эки атанын баласымын. Чын атам Сыдыкбек экен. Сыдыкбек - Жусуп атамдын бир тууган иниси. Жусуп атам 1900-жылы туулган. Сыдыкбек 1904-жылкы. 1916-жылы чоң атам, чоң энем эки баласы менен Кытайга качат, болгондо да Көл аркылуу. Беделдин белинде чоң атам Иманалы өлөт. Чоң энем айтып отурчу, "чоң атаң жолдон кулап, аны карашка деле чамабыз келбей, өлгөн кишилерди жапайы болуп кеткен иттер жеп, коркуп, эптеп Кытайга өтүп кеткенбиз" деп. Ал жакта аябай кордук көрүп, эки жылдан кийин кайтып келишиптир. Чоң атамдын инисинин да кемпири бар экен. Чоң атам өлгөндөн кийин энемди ошол кайнисине башын байлап коюшуптур ошол Кытайда, "эки баласы менен эми каякка кетмек эле" дешип.

Кытайдан бул жакка келишкенден кийин Жусуп атам молдодон, кийин курстардан окуп билимдүү болуп, мугалимдикке киришет.1920-жылдары ушул Нарын аймагында Тогуз-Торого чейин барып он мектеп ачкан экен. Комсомол болуп, партияга өтөт. 1937-жылы мен туулам, Сыдыкбектин баласы болуп.

Ошол жылы "контр" деп атамды айдап жиберишет. Чоң энемдин айтуусунда, чоң аталарыбыз бай болгон экен. "Совет бийлигине каршы" деп айдап ийип атышпайбы. Көрбөгөн азабы калбай, эки жылдан кийин Архангельскиден келиптир. Ал жерден азыноолок орус тилин үйрөнүп келген. Ошентип атам акталып келип, кайра эле мугалим болуп айылда мектеп курууга киришет. Усталар менен өзү кошо иштешет. Ошол мектепте 40 жыл бою иштейт.

1948-жылы Кыргызстанда биринчилерден болуп Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими наамына ээ болот. Анын документтери архивде бар экен. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендерине татыктуу болот. Репрессия тууралуу айтчу эмес. Эл арасында кадыр-барктуу эле. Картаны мыкты билчү. “Мен көрбөгөн кордук калган жок. Жөө да жүрдүм, арабага түштүм, поюзга чыктым, жармашып да келдим, эптеп жериме жеттим” дечү. 74 жашында каза болду. Мага, айылдаштарына айтчу эмес. Ал кезде Советтер Союзун жамандаш мүмкүн эмес болчу. Мен да “контурдун баласы” болгом. Атамдын көргөн азаптарын убагында билсем жазып калмак экемин, мен үлгүргөнчө өтүп кетти.

Кеңеш Жусупов сталиндик репрессия, кандуу жазалоо жалгыз эле “эл атасынан” чыкпаганын белгилеп, “бул советтик идеология, башка республикаларды, элдерди колго алыш үчүн ушундай катаал идеология” керектигинен катаал жаза чектешкен деген пикирде.

Анын айтымында, ошондой катаал идеология, кандуу жазалоо, коркутуу менен гана элди кармап тургусу келишкен. Андайды Сталин да колдогон. Кеңеш Жусупов тепкедей кичине Эчки-Башы айылынан атасынан башка дагы үч киши катаал жазага туш келгенин, бирок алар тууралуу так маалыматы жоктугун айтты.

Ээн калганда эстелчү сыр

Жусуп Иманалиев башынан оор азаптарды өткөрүп, сталиндик абактан аман келгенине шүгүрчүлүк кылып, айылга келгенден кийин кайра эле мугалимдигин улантат. Ал кезде “эл душманы” аталып, сталиндик абактын “боткосун” татып келгендер айыл-айылдарда бир топ болчу. Айрым бир учурларда сырдаш кишилердин ортосунда гана катаал замандын азаптары кеп болбосо, репрессия, “эл душманы”, “контр” аталып ак жерден жазага тартылгандардын арыз-арманы кепке алынчу эмес.

Жусуп Иманалиев белгилүү коомдук, саясий ишмер Кемелбек Ашыралиевдин атасы менен дос болгон. Кемелбек ага жаңыдан саясий кызматын баштап жаткан кезинде жакын санаалаш достордун мамиле-катышына күбө болуп калган. “Жусуп ата ишке бүйрө, өзүн тыкан алып жүргөн таза киши болчу” деп эскерет Кемелбек Ашыралиев.

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

- Мен финансы-экономикалык техникумду бүтүрүп, ири колхозго экономист, анан комсомол комитетинин катчысы болуп иштеп калган кезимде Жусуп атаны көрүп калдым. Анткени Жусуп ата, ага курбалдаш Насирдин, Күмүш Суранова, Кулум (Нурмуканбет) деген кишилер бар эле. Ошол салабаттуу кишилердин арасында ал киши аябай тыкандыгы, анан да жашы өтүп калган кишилердин көбүнө мүнөздүү оюна келгенде сүйлөй бергенден өзүн карманган токтоолугу менен эсимде калды. Кийимин да таза кийген киши болчу. Бойду түптүз кармап, жанындагыларга калбаат көрүнгөн, таасирдүү киши эле.

Ошондой кишилерди мен жакшы көрчүмүн. Кылга тарткандай зыңкыйган, кагелес, тыкан кийинип, тыкан жүргөн кишини мен коммунисттик духтагы адам деп ойлочумун. Ал кезде ошондой эмес беле.

Ал кишинин баласы Кеңеш Жусупов экенин кийин билдим. Менин атам ал кишини "Жусуп аке" деп жакшы көрчү. Биздикине конокко келчү. Конокто да сыпаа отурганын, балит сөз оозунан чыкпаганын байкачумун. Анан жыйналыштарга ал кишини көп чакыртып, сүйлөгөнүн көп жолу угуп калдым.

Жусуп Молдо. 1950-жж.
Жусуп Молдо. 1950-жж.

Жусуптун атасы Иманаалы 1916-жылкы Үркүндө Кытайга жетпей, Бедел ашуусунда каза тапкан. Ошондо Жусуп 16 жашта, иниси Сыдыкбек 12 жашта болгон экен. Агасы каза болгондон кийин жесир калган жеңесин Иманаалынын иниси Курманаалыга башын байлап коюшат. Ал жерден кайтып келишкенден кийин Жусуп билим алып, мектептерди ачып, балдарды окутууга киришет.

Бирок да 1930-жылдары күчөй баштаган бийликтин жазалоосуна туш келип, эки жыл НКВДнын азабын тарткан. Акыры түрмөдөн бошонуп келгенден кийин мугалимдик ишин уланткан. Өкүмзор бийликтин опузасынан чочулаган кайрандар башынан өткөргөн катаал учурду кийинки муунга ачык айта албай, эчен сырлар өздөрү менен кошо кетти. Кемелбек аганын айтуусунда, ал кезде катаал заманды эскериш мүмкүн эмес эле.

Коммунисттик заманда андай иштер айтылбайт болчу. Ошентип ичиндегини ачык айта албай, көргөн азап-тозоктору жашырылып, ичтен бышып, таарынайын десе Компартия күчтүү...

- Расмий жерлерде айтылчу эмес. Сырдакана кишилер өз ара кобурашып отурганда “атаңгөрү, ушу жок жерден айыпталып калды, жок кылып коюшту” деп калышчу. Көп эл чогулган жерде, жыйындарда, чоңдор турган жерде андай сөздөр такыр айтылчу эмес.

Менин кайнатам Ботокан деген киши болгон. “Актан” деген китепте Ботокан тууралуу маалыматтар бар. Ал киши балбан болгон экен. Баягы Нарындагы (көтөрүлүшчү) Бондарев менен жакшы мамиледе болуп, кийин ага каршы чыгып, анан баары бир репрессияга туш келиптир. Пермден Кызылга, Новосибирскиге чейин барып келген.

Эл арасында кайнатамдын айдалганы айтылып, көргөн азап-тозоктору эскерилчү эмес. Коммунисттик заманда андай иштер айтылбайт болчу. Ошентип ичиндегини ачык айта албай, көргөн азап-тозоктору жашырылып, ичтен бышып, таарынайын десе, Компартия күчтүү, ич күптүсүн ача албай, кайрандар өтүп кете бериштиби деп ойлойм.

Жусуп атанын агартуучулук ишин уулу Кеңеш ага улантып, ушу кезге чейин кыргыз тарыхына байланышкан 20 томдон ашуун баалуу тарыхый-маданий материалдарды чогултуп, басымдуу бөлүгүн кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыгарды.

Бул ишке абдан кызыккан агабыз өзүнүн оригинал чыгармаларын жазууну башка сереге чыгарып, улутубуздун өткөнүн, баалуу маданий мурасын окурмандарга тартуулап, интеллектуалдык агартуучулуктун туусун түшүрбөй келатат. Жусуп атанын калтырган жолу, ошентип, көркөм сөз менен тарых танабында уланууда.

Кабыл Макеш жазган китептеги Жусуп атанын сүрөтү. 2017.
Кабыл Макеш жазган китептеги Жусуп атанын сүрөтү. 2017.

Жусуп Молдонун башка балдары да кыргыз көркөм өнөрүнө жана маданиятын салып кошту. Маркум Кубан Жусупов, маселен, эстон тилинен түздөн-түз кыргызчага чыгармалар которгон, ал өзү да таланттуу сүрөткер болгон. Дамира Жусупова да сүрөтчү катары таанымал.

Эчки-Башыдагы орто мектепке (мурдагы "Коммунизм" орто мектебине) пост-советтик доордо айылдагы алгачкы советтик агартуучулардын бири Жусуп Иманалиевдин аты бир добуштан ыйгарылган.

Ушул айылдан чыккан журналисттер Сулайман Мамбеталиев, Кабыл Макеш ж.б. жарыялаган китептерде Жусуп Молдо жана анын агартуу тармагындагы татыктуу улантуучулары тууралуу кеңири маалымат берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG