Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Жаштар шыктандыруучу китептерди жактырат


Бишкектеги китеп дүкөнү.
Бишкектеги китеп дүкөнү.

Бишкектеги башкы окуу жайлардын студенттерин көбүнчө ийгиликке шыктандырган китептер жана даанышман ойлор, учкул сөздөр, макал-лакап, жаңылмачтар топтолгон жыйнактар кызыктырат. Бул Мамлекеттик китеп палатасы жана “Сабат” кыргыз китеп борбору чогуу өткөргөн “Китеп кудугу” долбоорунда байкалды. Кыргыз китептерин окуу, сатып алуу маданиятын өнүктүрүү максатында былтыр башталган долбоордун жыйынтыгы чыкты.

Ишеналы Арабаев атындагы улуттук университеттин студенти Дариха Болотбек кызы өзү окуган китептерден алган таасири менен бөлүшүп, мисалы "Жашоону өзөгүн өзгөрткөн 100 окуя" китеби ага ийгиликтерге шыктанууга түрткү болгонун айтып берди:

- Бир инсан болуптур. Ал дайыма шаңдуу, көңүлдүү жүрүп, өзүн бактылуу деп эсептейт экен. Адамдар анын бул жүрүшүнө таң калып: "Сенин жашооңдо кайгы-муң болбойбу, дайыма бактылуусуңбу?" деп сурашат. Ал киши мындай суроого "бул менин тандоом, эртең менен турганда мага кайгыны же кубанычты тандоого туура келет. Албетте, мен кубанычты тандайм. Демек ар бир мүнөтүмдү кубанычта өткөрүү менен жашоомду дайыма сүйүнүчкө бөлөп, бактылуу өмүр сүрүп жатам" деп жооп берген экен. Бул "силердин жаркын келечекти, жаркын жашоону тандооңор өзүңөрдүн колуңарда, эгерде ийгиликтерди кааласаңар ага жетесиңер" деген сөз эмеспи. Андыктан өлкөнү өнүктүрүү да өзүбүздүн колубузда, албетте, эгер биз аны тандаган болсок...

Дарихага жаккан китепти Нурбек Калыгулов менен Гүлүмкан Кубанычбек кызы түзгөн.

Бул долбоорго Бишкектеги жети окуу жайдын студенттери катышкан. "Билим алуу ийне менен кудук казгандай" деген макалдын өзөгүн карманып, жаштарды китеп дүйнөсүнөн азык алууга үндөө ниетинде "Китеп кудугу" деп аталган иш-чара өткөн жылдын 20-октябрында башталган.

Китеп жарыштын жол-жобосу жөнөкөй эле. Мында ар бир окуу жайга жарым баасында миңден китеп берилип, аны эки айга жетпеген убакта биринчи сатып алып түгөткөн окуу жай жеңүүчү деп табылмак.

Долбоорго катышкан Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Алина Тилектешова өздөрүнүн окуу жайына берилген китептердин кайсынысы өтүмдүү болгону тууралуу сөз козгоду:

- Жалпысынан сатыкка миңден ашык китепти койгонбуз. Биринчи эле күнү төрт жүзгө чукул китеп сатылган. Алар негизинен кыргыздын тилин өнүктүрүү боюнча китептер жана жаштарды шыктандыра турган китептер болду. Өзүм да бул китептерди окуп чыктым. Мен үчүн өтө пайдалуу болду. Негизи эле адам качан өнүгөт? Албетте, шыктанганда. Бул китепте ийгиликтүү адамдардын тажрыйбасы, кетирген каталары тууралуу сөз болот. Аны окуп, ошол кемчиликти кетирбегенге аракет кыласың. Туура жолдо жүргөнгө умтуласың.

Алина өзү жана теңтуштары негизинен ийгиликке жетүүгө дем берген, жол көрсөткөн, жашоого машыктырган китептерди окуганга кызыгарын, бул долбоордо андай багыттагы китептер аз болсо да бар экенин айтты.

Жаштарды шыктандырган китептин бири.
Жаштарды шыктандырган китептин бири.

Иш-чаранын жүрүшүндө таймашка катышкан жети университеттин ичинен баш байгени Ишеналы Арабаев атындагы университет жеңип алганы, биринчи орунга Кыргыз-түрк "Манас", экинчи орунга Жусуп Баласагын атындагы, үчүнчү орунга Бүбүсайра Бейшеналиев атындагы искусство университети ээ болгону айтылып, аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Долбоордун демилгечиси, “Сабат” кыргыз китеп борборунун жетекчиси Нурбек Карагулов ушул иш-чарадан улам жаштар учкул сөздөрдөн баштап кыска-нуска жазылган окуялардан турган китептерди окуганды жактырары дайын болгонун кеп салды:

- Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи жумада бир окуу жай алдыга чыкса, кийинкисинде башкасы алдыга чыгып, абдан кызыктуу болду. Мындан сырткары бул долбоор сунуш кылган китептерди алгандан кийин студенттердин китепке болгон кызыгуусу айрыкча соцтүйүндөрдө жакшы байкалды. "Инстаграмда" болобу, "Фейсбукта" болобу, алардын посттору ушул китептерге байланыштуу чыгып, китептердин ичинен учкул сөздөр пайдаланылып жатты. Айрымдары өз постторуна жаңылмачтарды, табышмактарды, айрымдары ийгиликке шыктандырган окуяларды коюшту. Албетте, бул көрүнүш жаштардын китепке болгон кызыгуусуна өз салымын кошту деп айтсак болот.

Карагулов бул аракет кыргыз китептерин жайылтуунун жаңы ыкмаларын издөө экенин айтып, Бишкекте орус тилдүү китептерди саткан жетимиштен ашык китеп дүкөн бар болсо, кыргыз тилиндеги китептерди саткан жалгыз гана "Нуска" дүкөнү бар экенин кошумчалады.

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов "Азаттык" үналгысына 2017-жылы Кыргызстанда миңден ашуун аталаштагы ар кандай китептер чыкканын, бул сан буга чейинки көрсөткүчтөрдөн алдыга озгонун, алардын жарымынан көбү көркөм адабий жана балдар китептери экенин билдирди.

"Азаттыктын" архиви: Депутаттар китепканага баш багабы?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG