Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Черчиллдин учкул сөздөрү кыргыз тилинде чыкты


Черчиллдин учкул сөздөрү кыргыз тилинде чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Бишкекте Британиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Уинстон Черчиллдин “Асти сынбагыла!” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү. "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунан билдиришкендей, Черчиллдин мыкты сөздөрүнөн турган котормо быйыл январда жарык көргөн. Китеп - 2015-жылдан тартып басыла баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы. Аны дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова которду. Китепти басып чыгарууга Британиянын Кыргызстандагы элчилиги да көмөк көрсөткөн. Жыйнакта Уинстон Черчиллдин учкул сөздөрүнүн топтому камтылган.

XS
SM
MD
LG