Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Котормо - эне тилдин гүлазыгы


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жакында Кыргызстанда көркөм котормо сынагынын жыйынтыгы чыкты. Серепчи Т.Чоротегин котормонун зарылчылыгы жана баалуулугу тууралуу блогун сунуштайт.

Быйыл теке (июль) айында, калайыктын көпчүлүгү жайкы эс алууда жүргөн чакта, Кыргызстанда өзгөчө олуттуу маданий окуя болду. Бул – “РухЭш” интернет барагы уюштурган көркөм котормолор сынагынын жыйынтыкталышы.

Бул сынакка катышып, ар кыл байгелүү орундарга арзыган Миргүл Өмүралиева, Азат Жапарбек, Эрмек Шоруков, Амирбек Азам уулу Усманов, Арген Шабданов, ж.б. замандаштарыбызга албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.

Сынакка сунушталган котормолор алдын-ала “РухЭш” Интернет барагында жарыялангандыгы да мактоого арзырлык саамалык болду.

"РухЭштин" түзүүчүсү, жазуучу Олжобай Шакир.
"РухЭштин" түзүүчүсү, жазуучу Олжобай Шакир.

Совет доорунда дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү кыргыз тилине көбүнесе орус тили аркылуу которулуп келген (маселен, боордош түрк элинин даңазалуу сатириги Азиз Несиндин аңгемелери деле түрк тилинен эмес, орус тилинен кыргызчаланган).

Айрым гана эмгектер казак, өзбек, англис, немис, тажик, дунган тилдеринен тикелей кыргызчага которулган. Айылдаш сүрөтчү агабыз, маркум Кубан Жусупов айрым чыгармаларды эстон тилинен кыргызчалаганы да эсибизде.

Сыягы, эгемендиктин биз баалай элек түшүмдөрүнүн бири – соңку чейрек кылымдын ичинде дүйнөнүн чар тарабына чачыраган эмгек мигранттарынын, айдыңдарыбыздын арасында котормочулукка ык койгон өзүнчө эле айдыңдык катмардын пайда болгону окшойт. Алар – өз алдынча (оболу өздөрү же өз үй-бүлө мүчөлөрү үчүн) сөздүктөрдү түзүп, андан соң эми бүтүндөй чыгармаларды чет тилден кыргыз тилине которууга белсенип кирген ыктыярчы котормочулардын катмары. (Албетте, айрым котормочулар Ала-Тоодон чыкпай эле үзүрдүү эмгектенип жатканын да баса белгилөө керек).

Буга кытайлык кыргыздардын, Борбордук Азиянын коңшу жумурияттарындагы кыргыздардын айдыңдарын да кошуу абзел.

Алар ханзу (кытай), уйгур, казак, өзбек, тажик жана башка тилдерден нечендеген чыгармаларды, көркөм жана даректүү тасмаларды кыргыз тилине которушту. Кытайлык кыргыз айдыңдары көөнө кытай тилиндеги тарыхый жазма эстеликтердин кыргыз тарыхына тиешелүү бөлүктөрүн которуу жаатында да опол тоодой эмгек аткарышты (алардын арасында Жаркын Турсун, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, ж.б. калемгерлер бар).

Ханзу тарыхый жылнаамаларындагы кыргыз тарыхына байланыштуу маалыматтар кыргызча которулуп жарыяланган (Үрүмчү, 2014). Жооптуу редактору Мамбеттурду Мамбетакун.
Ханзу тарыхый жылнаамаларындагы кыргыз тарыхына байланыштуу маалыматтар кыргызча которулуп жарыяланган (Үрүмчү, 2014). Жооптуу редактору Мамбеттурду Мамбетакун.

Ошентип, XXI кылымдын башында өз демилгелүү кыргыз котормочулары ар кыл деңгээлдердеги чыгармаларды англис, француз, немис, чех, түрк, кытай, казак, өзбек, тажик, италия, жапон, корей, араб, хинди жана башка тилдерден эне тилибизге которууда.

Учурда Түркиянын өзүндө ондогон (эгерде жүздөгөн болбосо) таланттуу кыргыз котормочулары эмгектенип келет.

Айтмакчы, жогоруда ысымы эскерилген сатирик Азиз Несиндин “Эл тааныган бейтааныш” аттуу сатиралык аңгемеси да макала башында сөзгө алынган котормочулук сынак үчүн түздөн-түз түрк тилинен которулуп сунушталыптыр. Аны которгон – Сезим Сатыбалдиева.

Албетте, бул котормочуларга жана алардын башка үзөңгүлөштөрүнө да мындан ары талбай мээнет кылып, калемдерин курчута беришин каалайбыз.

Кылымдарды карыткан кыргыз оюусу. 10.8.2009.
Кылымдарды карыткан кыргыз оюусу. 10.8.2009.

Котормочунун иши уздун, өрмөкчүнүн ишине тете.

Мыкты уз, мыкты өрмөкчү өз өнөрү башкаларды да шыктантып, улам жаңы бурулуштар, жаңы түстөр, жаңы оюулар аркылуу кылым карыткан калыптарга жаңыча жан киргизүүгө жетишет. Башка кичүү замандаштары анын өнөрүн мурастоого ашыгат.

Өз ишине үстүрт карап, эптеп эле тезирээк таар согуп, шырдак шырып, чий согуп, ала кийиз жасап алайын деп ашыккан пенде болсо мурдагы калыптан эч чыга албайт, кунарсыз эмгеги менен ал деле дүйнөдөн өтөт.

Бирок аламан байгеде аргымак суурулуп чыгышы үчүн башка да күлүктөр жарышка түшүүсү абзел болгондой эле, котормочулук тажрыйба бир гана адистин эмес, бүтүндөй котормочул жамааттын жалпы иш-аракетинин мөмөлөрүнүн жыйындысы болуп саналат.

Албетте, текстти илимий которуу, оперативдүү кабарды которуу, тилмечтик кылуу менен көркөм которуунун ортосунда асман менен жердей айырма бар экендиги түшүнүктүү.

Кандай болсо да, бул котормо усулдары кыргыз тилинин замана талаптарына шайкеш жандуу жашап жаткандыгын далилдеген өңүттөргө жатат.

Мурда Бишкектеги “Нуска” китеп дүкөнүнө же башка жайларга барып, кыргызчага которулган чыгармаларды оңой-олтоң сатып алчумун. Акыркы жылдары антүүгө чамам жетпей калды. Себеби – акчам жетпейт. Дагы тагыраагы – базарга ушунчалык көп котормолор жана китептер кыргыз тилинде сунуштала баштаптыр, бардыгын сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жок. Бул – жакшы жышаан.

Мына, быйыл аяк оона (сентябрь) айынын 23үндө кыргыз тилинин мамлекеттик макам алганынан бери 30 жылдын жүзү болот.

Ушул аралыктагы эне тилибизди чыңдоодогу анча-мынча жетишилген ийгиликтердин башкы себепкерлеринин арасында котормочулукту аздектеген замандаштарыбыздын мээнети да бар экендигин айрыкча белгилешибиз абзел.

Түрколог, котормочу Таалайбек Абдиев. 03.8.2014.
Түрколог, котормочу Таалайбек Абдиев. 03.8.2014.

P.S.

1. Илимпоз жана котормочу инибиз Таалайбек Абдиев тексттин котормочусун “котормочу” дейлик, синхрондуу котормону жүзөгө ашыргандарды “тилмеч” дейлик деп жакшы сунуш кылып жүрөт. Бул чакан блогумда тилмечтер жөнүндө эмес, котормочулар жөнүндө гана учкай сөз кылгандыгым үчүн тилмечтерден кечирим сурайм.

2. Бул чакан күндөлүгүмдө котормолордун сапаты тууралуу айрыкча сөз кылып отурган жокмун.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG