Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

“Намаз окуган" кубалык чал жана “орусча жазган” Хемингуэй


Америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй кайыкта.
Америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй кайыкта.

Америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” чыгармасынын совет доорундагы кыргызча котормосунан улам заманбап котормо көйгөйлөрүнө кылчайып...

Алкыш сөз

Совет доорундагы кээ бир кыргызча котормолорду ыракаттанбастан жана жылмайбай окуй албайсыз.

Мисалы, XX кылымдагы америкалык залкар жазуучу, журналист, Нобел сыйлыгынын ээси Эрнест Миллер Хемингуэй (англисче Ernest Miller Hemingway; 21.07.1899 — 02.07.1961) жазган айтылуу "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргыз тилиндеги котормосу жатык тили менен айырмаланган.

Шилтеме: Хемингуэй, Эрнест. Чал жана деңиз. – Фрунзе: Кыргыз мамлекеттик окуу-педагогика басмасы, 1963. – 96 бет.

Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргызча котормосунун титулдук барагы. 1963.
Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргызча котормосунун титулдук барагы. 1963.

Китептин артындагы маалыматтан айгинеленгендей, котормону Марс Токтомушев жүзөгө ашырган.

Китепти атактуу сүрөт өнөр чебери, советтик Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Лидия Александровна Ильина (1915 — 1994) өзүнүн татынакай гравюралары менен жасалгалаган.

Айтмакчы, кыргызча библиографиялык маалыматта “сүрөтчү” сөзү эмес, орусча “художник” деген сөз колдонулган.

Бул, албетте, котормочунун эркиндеги иш эмес болчу. 1939-жылдын соңуна чейин далай чыгаан кыргыз тилчилери жана адабиятчылары сталиндик ГУЛАГга айдалып, айрымдары атылып кеткенден кийин күнкор тилчилерибиз көптөгөн кыргызча сөздөр турса да, алардын орусча маанилешин кыргыз текстттеринде колдонууга мажбур болушкан.

“Ата журт”, Ата мекен” сөздөрү турса, “Родина” сөзүн кыргызча окуу китептерде жана расмий басылмаларда колдонушкан.

Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргызча котормосундагы Л.А.Ильинанын гравюрасы. 1963.
Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын кыргызча котормосундагы Л.А.Ильинанын гравюрасы. 1963.

Менимче, котормочудан сурап отурбастан эле ошол кездеги басма цензорлору кыргызча китептин соңуна “Художник – Л.А.Ильина” деп жазып салышкан.

Бул котормо китеп 3000 нускада жарык көрүп, чынында да дүйнөлүк классикалык чыгармага чаңкаган 1960-70-жылдардагы кыргыз окурмандарынын суусунун кандырууга багытталган мыкты сунуштардын сабында китеп текчелеринен татыктуу орун алган.

Бала кезде бул китептин кыргызча котормосун далай ирет ыракаттанып окуганым эсте.

Жакшы китептер 1960-80-жж. жакадагы айыл-кыштактар түгүл, автодүкөндөр аркылуу бийик тоолуу жайлоолорго чейин жетчү эмес беле! Совет доорунда айыл-кыштактардагы жана мектептердеги китепканалар да мыкты иштечү, бир нусканы миңдеген окурмандар кезек менен окуур эле.

1963-жылдан кийин канча миңдеген кыргыз өспүрүмдөрү жана жаштары Хемингуэйдин бул чыгармасын өз эне тилинде окуп, турмушка терең жана тирикарак көз карашты, сабырдуу жана мээнеткеч болуу сапатын өз алдынча арттыруу мүмкүнчүлүгүн алгандыгын айтпасак да түшүнүктүү.

Албетте, китепти которгон Марс Токтомушев агайыбызге ыраазы болбой коё албайбыз. Өз доору үчүн ал жакшы иш кылган.

Эми бул котормонун жаңы вариантын Чоробек Сааданбек инибиз “bizdin.kg” интернет барагына бекер окуу үчүн жүктөп, заманбап окурмандарга кайра тартуулап, айдыңдык азаматтык кылып отурат.

Эрнест Хемингуэй.
Эрнест Хемингуэй.

Тарсага - намаз, Хемингуэйге - орус сөзү таңууланганда...

Котормочунун 56 жыл илгерки эмгегине жогорудагыдай ыраазычылык билдирүү менен бирге азыркы котормочулар муунунун көңүлүн башка бир жагдайга да бургум келет.

1963-жылкы котормонун бирин-экин талаш-тартыштуу жактарын да ачык талдап көрсөк, балким, сын пикирибиздин урунттуу жактары болочокто башка эмгектерди да кыргызчага көркөм которууга белсенген жаш котормочулардын кулагына күмүш сырга болуп калгысы бардыр.

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн 1963-жылкы кыргызча котормодон үзүндү келтирелик:

– Мен кудайга ишенбеймин, – деди чал. – Бирок ушул балыкты кармаш үчүн он жолу “Богородица”, ошончо эле жолу “Отче наш” намаздарын окуйм... <…>

"Чал намаз окуй баштады. <…> ..."Богородицаны" окуу "Отче наштан" жеңилирээк деп ойлоду ал.

(Хемингуэй, Эрнест. Чал жана деңиз. – Фрунзе, 1963. – 45-46-беттер).

Бул үзүндүнүн англисче түп нускадагы тексти төмөнкүдөй:

"I am not religious," he said. "But I will say ten Our Fathers and ten Hail Marys that I should catch this fish, and I promise to make a pilgrimage to the Virgen de Cobre if I catch him. That is a promise."

<…> He commenced to say his prayers mechanically. <…> Hail Marys are easier to say than Our Fathers, he thought.

Жогоруда мисал кылынган котормо үзүндүсүнө байланыштуу котормочу Марс Токтомушев мындайча түшүндүрмө берет:

“Христиандык намаздар. Богородица – кудайды төрөгөн кыз имиш; христиандардын диний китептеринде ал кудайды төрөгөндөн кийин да кыз бойдон калган деп айтылат.

“Отче наш” (“Биздин атабыз”) – кудай деген мааниде.

(Хемингуэй, Эрнест. Чал жана деңиз. – Фрунзе, 1963. – 45-бет, № 1 шилтеме).

Мындагы күлкү келтирген эки жагдайга кайрылалык.

Биринчиден, тарса (христиан динин туткан киши) эч качан намаз окубайт. "Намаз" сөзү мусулмандардын диний жөрөлгөсүн гана чагылдырган термин болууга тийиш. Мусулмандар күн сайын беш убак намаз окууну парыз деп санашат эмеспи.

Айтмакчы, 2012-жылы «Жаңы Ала-Тоо» журналынын № 10 санында (92-154-беттерде) Марс Токтомушев жүзөгө ашырган бул котормонун саал редакцияланган варианты жарык көрдү. Анын 121-бетин карасаңыз, «намаз» сөзү эми «дуба» деп кайра оңдолгон экен.

Ошол жеринен үзүндү келтирелик:

– Мен кудайга ишенбейм, – деди чал. – Бирок ушул балыкты кармаш үчүн он жолу «Богородицаны», ошончо эле жолу «Отче нашты» окуйм. Бул балыкты чын эле кармап алсам, анда касиеттүү бир жайга барып, зыярат кылам. Убадам ушул.

Чал дуба окуганга кирди. Кез-кезде чал шалдырап, дубанын сөздөрүн унутуп калат. Анда сөздөрү өздөрү эле айтыла берсин дегенсип, дубаны батыраак окуйт. «Богородицаны» кайталоо «Отче наштан» жеңилирээк, – деп ойлоду ал.

Айтмакчы, текстте «касиеттүү бир жайга барып» деп супсак которулуп калган жерди Э.Хемингуэй балыкчы карыянын сөзү менен “the Virgen de Cobre” деп белгилейт. Тактай кетсек, бул жай – Сантьяго булуңунан 19 чакырымдай түндүк-батышта Сиерра Маестра тоосунда жайгашкан Эл-Кобре (El Cobre – испанча “жез” дегенди билдирет) шаарчасындагы Ыйык Марияга багышталып базилика түрүндө (тик бурчтуу болуп) курулган тарсалык сыйынуу үйү.

Ырайымдуу Мария – кубалыктардын колдоочусу катары кабыл алынган.

Эрнест Хемингуэй.
Эрнест Хемингуэй.

Экинчиден, жазуучу Эрнест Хемингуэй өзүнүн англисче жараткан чыгармасында кубалыктар Ырайымдуу Мария деп атаган Ыйсанын энесин туюнтчу терминди эч качан "Богородица" деп орус тилинде жазган эмес.

Марияны англисче "Биздин Айым" деп да тергеп коюшат. Хемингуэй өз чыгармасында сыйынуу маалындагы «Hail Marys» ("Салам айтам, Мария!") деген чиркөө терминин колдонгонун жогорудагы түп нускага шилтемеден көрдүк. Латынча «Áve María» ("Салам айтам, Мария!") деп кыскача учурашып кайрылуу камтылган бул сыйынуу сөздөрүнөн (Лука, 1:28) тышкары «биз үчүн, күнөөкөрлөр үчүн табына көр!» деген Ыйык Марияга жалбаруу камтылган.

(Мусулмандар да Ыйык Марияны «Марйаму л-Ъазрā’» – مريم العذراء деген арабдашкан ысым менен “Мариям Кыз” деп атап, Ыйса пайгамбарды дүйнөгө алып келген өзгөчө куттуу инсан катары санашат. Ал түгүл «Курандын» 19-сүрөөсү да «Мариям сүрөөсү» (سورة مريم) деп аталган).

Ал эми "Библиядагы" ("Инжилдеги") англисчеге "The Lord's Prayer" (аны "Our Father" деп да аташат) деп которулган сыйынуу жөрөлгөсүндө кишинин кудайдан күнөөсү үчүн кечирим суроосуна байланышкан сөздөр камтылган.

Бул жөрөлгөнү деле Хемингуэй эч качан орус тилинде ("Отче Наш") деп жазган эмес (англисче түп нускада «Our Fathers» деп турат).

Мындан улам бир катар кыргыз совет котормочулары орус тилиндеги котормого "кудайдын текстиндей" эле коркуп мамиле кылгандыгын, орус терминдерине желедеги кулундай эле байланып калгандыгын айгинелей алабыз.

(Бул сыяктуу таң калычтуу учурлар айрым кыргыз илимпоз адабиятчылардын заманабыздагы эмгектеринен да көп кездешет: Аристотел, Шекспир, Кант, ж.б. орус тилинде түшүндө да сүйлөбөгөн чет элдик ойчулдардын маанилүү сөздөрүн мындай авторлор орусча китептен окуп алып, алардын оюнун кудуретине толкунданган соң, өз эне тилиндеги өзү жазган тексттерге алиги чыгаандардын сөздөрүн орусча которулган бойдон киргизишет да, бул кылыгына тим эле корстон болуп калышат. Бул – эне тилге карата барып турган сый-урматсыз мамиле эмеспи! Эгерде автор өзү жасаган котормонун так эместигинен чочуласа, анда кыргызча которгондон кийин өзү окуган чет тилдеги китепке булак катары шилтеме кылып коюусу жетиштүү эмеспи!)

Советтик Кыргызстандагы басма үйүндөгү цензор менен редактор дүйнөлүк классикалык чыгарманы кыргыз тилине которууда ар кандай саясий катаны болтурбоонун аракетин көргөн менен, тиешелүү котормочуга мурдагы орусча котормодогу терминдерди оригиналына салыштырып туруп которуу талабын коюшпагандыгы 1963-жылкы кыргызча котормонун жогорудагы мисалдарынан эле айгинеленип турат.

Албетте, Марс Токтомушевдин акыбалын түшүнүү аракетин да жасашыбыз абзел. Мисалы, 1963-жылга карата «Инжил» китеби кыргыз тилине которула элек болчу. Ал кезде кыргыз тилинде сыйынган машаякчылар тобунун карааны да жок эле.

Ыраматылык Азамат Алтай (1920—2006) тээ 1960-1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык Инжил китеби» деген аталышта кыргыз тилине которгон. Бул орчун ишке анын 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен. Бирок бул котормо совет доорунда Кыргызстанга жеткен эмес. (Балким, КГБнын жашыруун архив фондунда анын бирин-экин нускасы болгондур?).

Демек, “Библиянын” кыргызча котормосу менен Марс Токтомушев түгүл, башка кыргызстандыктар деле тааныш эмес болчу. Ал түгүл 1963-жылы “Инжилди” кыргызчага которуу иши дээрлик баштала элек болсо керек эле.

“Инжилди” башка түрк тилдерине кандайча которушканына кызыгуунун өзү 1930-жылдардагы “пантүркизмге каршы” делген сталиндик саясий өнөктүктөрдөн жүрөгү үшүп калган котормочулар мууну үчүн 1960-жылдары ойго келбес иш эле. “Библияны” казак тилине которуу аракеттери, маселен, XIX кылымдын 20-жылдарынан тартып жүзөгө ашырыла баштаган дешет.

Биз Марс Токтомушевдин бул котормо эмгегиндеги башка да мүчүлүштүктөрүнө кайрылып отурбайбыз. Алардын айрымдарын бир заманбап полиглот адабиятчы өз эмгегинде белгилей кеткен экен.

Шилтеме: Особенности перевода рассказа Э. Хемингуэя "Старик и море" на немецкий и русский язык. (Негедир, илимий эмгектин авторунун ысымы мында көрсөтүлбөй калыптыр).

Котормочулуктагы азыркы жана болочокку жүрүмдөр тууралуу

1991-жылы Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин котормочулук жаатта болуп көрбөгөндөй эркиндик жаралды. Мурдагыдай цензура жок шартта көп тилдерди билген кыргыз котормочулары ар кыл чыгармаларды англис, кытай, немис, түрк, француз, чех жана башка тилдерден түздөн-түз кыргызчага которушуп, орус тилдеги котормону дээрлик “ортомчу” кылбай калышты.

Ал эми мурдагы котормолорду жүзөгө ашыргандардын мээнетин аздектеп сыйлоо менен катар, алардын котормолорундагы өксүктөрдү жоюу үчүн чет тилдеги түп нускадан кыргызчага кайрадан которуунун мезгили келди десек да болот.

Постсоветтик доордо “Кыргызстан Сорос” кору, “Роза Отунбаеванын демилгелери” кору сыяктуу азганактай гана демөөрчүлөр, бир катар ыктыярдуу котормочулар чет тилдерден түздөн-түз кыргыз тилине которуунун демилгечилеринен болуп келишти.

Эски котормолорду кайра жарыялаганда жаңы илимий түшүндүрмөлөрдү кошумчалап берүү зарыл. Мисалы, котормочу М.Токтомушев жогорудагы котормодо бир балыктын атын орусчасынан өзгөртпөстөн “тунец” деп берген экен.

Бул терминди (латынча аталышы – Thunnus) залкар кыргыз илимпозу, биолог, академик Абдулхай Алдашев (1918–2003) аксакал пост-советтик доордо жарык көргөн биологиялык сөздүгүндө “тонбалык” деп которгон.

Шилтеме: Алдашев А.А. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. Бишкек: Кыргызстан Сорос фонду, 1998. – ISBN 9967-11-027-9. – 468 бет. – Мында: 426-бет.

Айтмакчы, А.Алдашев жазган бул китепте башка балыктардын аталыштарынын да кыргызча жаңы котормолору сунушталган.

Мисалы:

Алабалах – ала балык; жилингир балыктын бир түрү (178-бет; латынчасы жазылбаптыр. – Т.Ч.).

Дельфиновые (Delphinidae) – делфин сымалдуулар (228-бет; мында кыргызча вариантта ичкертүү белги алынып салынган. – Т.Ч.).

Пелядь (Coregonus peled) – момун, момунбалык; сом балыктарынын бир түрү. Азыр Соң-Көлдө да өстүрүлүп жаткан майлуу балыктардын бири. (348-бет).

Сазан (Cyprinus carpio) – каңылтыр (385-бет).

Сиговые (Coregoninae) – майканатсымактар; сом балыктарынын тукумчасы, булардын кыйла уруусу жана түрү бар. Ошолордун ичинде: сиги (Coregonus) – майканаттар, сиг байкальский (C. lavaretus baicalensis) – Байкал майканаты... кирет (393-бет).

Угорь бенгальский (Anguilla bengalensis) – Бенгал куртпалыгы; угорь европейский (A. anguilla) – Европа куртпалыгы; ...угревые (Anguillidae) – куртпалыктар (тукум) (429-бет; бул сөз “курт” жана балык” сөздөрүнөн кошулуп, т тыбышынан кийинки б тыбышы п тыбышына айлантылып жасалган. – Т.Ч.).

Академик А.Алдашев акула (Selachomorpha), килька (Clupeonella), кит (мисалы, Австралия кити; Eubalaena australis), макрел (Scomberomorus; ж.б. түрлөрү), сардина (Sardina) сыяктуу сууда жашоочу жаныбарлар менен балыктардын түрлөрүнүн кыргыз тилине алынып кеткен аталыштарын өзгөртпөй берген.

Биздин маркум А.Алдашевдин терминологиялык мурасына кеңирирээк токтолгонубуздун себеби бар: айрым заманбап котормочулар жаңы илимий сөздүктөр чыккандыгына маани бербей келишет.

Котормочулардын өздөрү да жаңы табылгаларын заманбап термин таануу жыйнактарына жана интернет барактарына ырааттуу сунуш кылып турушу ылаазым.

Кыргызстандын учурдагы жана болочокку бийлиги да жалпы адамзат үчүн орток тарыхый мурас болуп калган дүйнөлүк классиканын өрнөктөрүн жана учурда таркалып жаткан мыкты чыгармаларды чет тилдерден кыргыз тилине ыкчам жана сапаттуу которуу ишине ырааттуу демөөрчү болууга тийиш.

Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын тажикче котормосу. 2014.
Э.Хемингуэйдин "Чал жана деңиз" чыгармасынын тажикче котормосу. 2014.

Быйылкы мааракеге каалоо

Советтик Кыргызстандагы “Кайра куруулар” доорунун изги бермети – кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгарган мыйзам болду.

Бул даңазалуу мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдык мааракеси үстүбүздөгү 2019-жылдын аяк оона айынын 23үнө (б.а. 23-сентябрына) туш келет.

Ушул мааракеге утурулай жүзөгө ашырылчу маанилүү коомдук иш-чаралардын бири, менимче, өлкөдө жаңы котормолор сынагын өткөрүү иши болууга тийиш.

Балким, ошол чаралардын алкагында Эрнест Хемингуэйдин жогорудагы чакан, бирок залкар чыгармасы жана башка эмгектери деле англисче түп нускадан кыргыз тилине жаңы, бийик деңгээлде которулуп калгысы бардыр?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG