Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Марио Варгас Льоса – 2010-жылдагы Нобел сыйлыгынын ээси


Жазуучу Марио Варгас Льоса.
Жазуучу Марио Варгас Льоса.

7-октябрда Швециянын Падышалык Академиясы 2010-жылдагы адабият боюнча дүйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреатын жарыялады.

74 жаштагы, Латын Америкасындагы Перудан чыккан жазуучу, драматург, публицист Марио Варгас Льоса – испан тилдүү дүйнөлүк адабияттын таанымал өкүлү, отуздан ашуун роман, көптөгөн аңгеме-эсселердин автору, саясий ишмер.

Эл аралык Нобел сыйлыгына татыктуу болгондугу тууралуу кабарды күтүүсүздөн телефондон уккан атактуу жазуучу Марио Варгас Льоса өз толкундануусун «Бул сыйлыкка ээ болуу өтө ардактуу. Мага сыйлык ыйгарылгандыгы тууралуу угаар замат, бул сыйлык жеке мага гана эмес – менин чыгармаларым жазылган тилге жана менин Ата Журтума ыйгарылган сыйлык болду деген ойго келдим», - деп билдирди. Марио Варгас Льоса соңку кездери Испанияда жашайт, ал сыйлыктын жеңүүчүсү катары жарыяланганда АКШнын белгилүү Принстон университетинде дарс окуп жүргөн.
Жазуучу Марио Варгас Льоса

«Марио Варгас Льоса – Эрнест Хемингуэйдин мураскору»

Испан тилдүү адабияттын таанымалдарынын бири, Нобел сыйлыгы менен кошо келчү дүйнөлүк атак-даңктын ээси Марио Варгас Льоса тууралуу кыргызстандык адабият таануучулардын пикирин билүүгө ашыктым. Алгач эле Илимдер улуттук академиясынын мүчө-корреспонденти адабиятчы жана сынчы Осмонакун Ибраимовду сөзгө тарттым:

- Варгас Льоса Латын Америкасындагы бир өтө маанилүү адабий салтты улантып келаткан жазуучу. Латын Америкасы дүйнө жүзүндөгү чатактар, социалдык-экономикалык көйгөйлөрү өтө көп континенттерден болуп эсептелет. Андыктан зордук-зомбулук, үй-бүлөдөгү зомбулук, айрыкча жашоо-турмуш абалдын начардыгынан келип чыккан көп проблемалар латын америкалык жазуучулардын негизги темасы болуп саналат. Варгас Льоса да ошонун тегерегинде көп жазды. Айрыкча Варгас Льосаны сынчылар демейде Э.Хемингуэйдин Латын Америкасындагы улантуучусу, мураскору деп эсептешет. Себеби Э. Хемингуэй дагы адам менен тагдырдын, адам менен тарыхтын, адам менен сырткы дүйнөнүн ортосундагы күрөштү, кармашты көрсөткөн жазуучу болуп эсептелет.

«Марио Варгас Льоса дүйнөлүк адабиятты жаңы бийиктикке көтөрдү»

Перуда туулуп, атасы дипломат болгондуктан бала чагы Латын Америкасындагы Боливия өлкөсүндө өткөн Марио Варгас Льосанын чыгармалары кыргыз окурмандарга көп деле тааныш эмес. Анткени жазуучунун чыгармаларынын эч бири кыргыз тилине которулган эмес.
Марио Варгас Льоса дүйнөлүк адабиятты, өнүгүүнү жаңы деңгээлге көтөргөн Латын америкалык роман деген түшүнүктүн эң мыкты өкүлдөрүнүн бири.
С. Алахан

Анын орус тилине которулган чыгармаларындагы адабий өзгөчөлүк, жазуучулук чеберчилиги жөнүндө Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин доценти, адабият таануучу Садык Алахан мындайча кеп салды:

Садык Алахан
- Марио Варгас Льосанын алгачкы «Шаар жана иттер» деген романы өзү кичине кезинде 50-жылдары аскердик окуу жайда окуп жүргөндөгү турмушун жазган. Андан кийинкиси «Жашыл үй», ошол жердеги жүрүм-туруму бузулгандар барган үйдүн негизинде экинчи романын жараткан. Мен бул кишинин орусча чыккан китептеринин дээрлик бардыгын окугам.

Айрыкча «Жашыл үй» менен «Тётушка Хулия и писака» деген романы бар. Алар «Чет элдик адабият» басылмасынын үч санына катар чыккан. Автор бул чыгармаларында күлкү аркылуу, гоголдук, булгаковдук ыкма менен сүрөттөгөн. Ырахаттанып окуй турган чыгармалар. Мындай карасаңыз, диалог деле жок, мындай карасаңыз сулуулукту сүрөттөгөнү деле сезилбейт. Стилдик жагынан 5-6 бетке чейин жеткен сүйлөмдөр. Бирок ошого карабастан дүйнөнү образдуу, поэтикалуу, жандуу кылып берет.


Адабият таануучу-окумуштуу Садык Алахан Марио Варгас Льосанын дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө салым кошкон сөз чебери, көп кырдуу талант катары да баалайт:

- Дүйнөлүк адабиятты, өнүгүүнү жаңы деңгээлге көтөргөн Латын америкалык роман деген түшүнүктүн эң мыкты өкүлдөрүнүн бири. Ошол эле Хулио Кортасар, Хуан Карлос Онетти, Габриэл Гарсиа Маркес - бардыгы бир кылка өнүгүп келаткан латын америкалык романды жаңы нукка көтөрүп, ошону менен бирге дүйнөлүк адабиятты жаңы бийиктикке көтөргөн. Марио Варгас Льоса чоң сынчы дагы. Х. Борхес кандай философ болсо, Марио Льоса ошондой чоң адабий сынчы.

«Ч.Айтматов тирүү болгондо Нобел сыйлыгын алмак...»

Адабият таануучу, сынчы Осмонакун Ибраимов Варгас Льсоанын жазганы менен көрүү-туюму кайсы бир жагынан кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына үндөштүгүн көрүүгө болоорун айтат:
Жазуучу Чыңгыз Айтматов, 2007-жылдын 13-апрели.

- Варгас Льоса да адам баласындагы айрыкча улутта - улуттук эс тутум жана моралдык эс тутум болбосо, ал акырында элди трагедияга алып келет деген теманы көп козгогон. Менде маселен Варгас Льоса Чыңгыз Айтматовду окуганы же окубагандыгы тууралуу эч маалымат жок. Бирок биз айтып жүргөн «маңкуртизм» эс тутумдун жоктугу улуттук трагедия алып келерин өтө көп жазган.

Ушуга карата бир айта турган нерсе – атаң гөрү ай, арман дүйнө, Чыкебиз аман-эсен болгондо ушул быйылкы жылы, же балким былтыр Нобел сыйлыгын алып калмак. Эми тилекке каршы биз Чыкебизди сактай албадык...»


Нобел сыйлыгынын сыры менен сыны

Нобел сыйлыгын ыйгаруу тарыхына сереп салгандар адабият чеберине дүйнөлүк атак-даңкты тартуулоодо кандайдыр бир идеологиялык мүнөздөгү «чектөөлөргө» жол берилгендигин сындашат. Тоталитардык коомдо жашап, ошол системада таанылган, эмгеги бааланган адабиятчыларга жогорку даражалуу сыйлыкты ыйгарбоо сыяктуу «эреже» турган деген көз караштар дагы бар. Маселен, адабият боюнча Нобел сыйлыгын алган орустун беш жазуучусунун төртөө (И.Бунин, И.Бродский СССРден чыгып кетишкен, А.Солженицын диссидент болсо, Б.Пастернак чет өлкөдө жарык көргөн чыгармасы үчүн) советтик түзүлүшкө кескин каршы тургандар болгон.

Деги эле жалпы түрк тилдүү адабият өкүлдөрүнөн биринчи болуп 2006-жылы түркиялык жазуучу Орха́н Паму́к дүйнөлүк жогорку даражалуу сыйлыкты армяндарга каршы тукум курутчулук жана күрттөрдү басынтууга карата расмий түрк бийлигинин саясатына туура келбеген көз карашы үчүн алган.

Кыргыздын гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн таанымал жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Нобел сыйлыгын албай калуусуна саясий себеп кедерги болгондур? Бул суроону адабият таануучу, окумуштуу Осмонакун Ибраимовго узаттык:

Осмонакун Ибраимов
- Чындыгы бар. Себеби бир топ замандарда, айрыкча Советтер Союзу тирүү кезинде ошол советтик түзүлүшкө, советтик жазуучуларга каршы жазган, же болбосо социализмди кандайдыр бир келекелеп, анын келечеги жок коом экендигин айткан жазуучуларга биринчи кезекте Нобел сыйлыгы берилчү. Бирок эми сыйлыкты берүү жалаң эле саясатташып кеткен деп айтсам дагы туура болбос. Себеби Нобел сыйлыгын чындыгында эле бир топ улуу жазуучулар Э. Хемингуэйден баштап, Г. Маркеске чейин алышты.

Чыңгыз Айтматов да бул сыйлыкка толук татыктуу болчу. Чыкем убагында өтө эле партиянын айтканынан чыкпай, идеологиянын кызматын көп кылып туруп алды. Эгерде ошол эле Л. Брежневдин заманында, же М. Горбачевдун тушунда Чыкем болгонун болгондой айтып турса болмок. «Фрунзеде бир эле кыргыз тилдүү мектеп бар, биз тилибизди унутуп баратабыз, маңкурт болуп баратабыз», деген ойлорду Советтер Союзунда эң биринчи жазып чыккан Ч. Айтматов болчу.

Ошол ойлорун ачык эле айтып, анча-мынча саясий түс берип койгондо, Нобел сыйлыгын ошол Чыкем отурган Байтикке алып келип беришмек. Бирок Чыкем өзү тартиптүү, саясатка өтө чебер, анан чынын айтканда бир аз коркунчаак киши эле. Ошонун натыйжасында Нобел сыйлыгына көп эле көрсөтүлүп, тизмеде жүрдү окшойт. Бирок сыйлыкты ыйгарганга тигилер [Нобел сыйлыгын ыйгаруу комитети] дагы маани бербей койду.

2010 Нобел сыйлыгы – 10 миллион швед крону

Нобел сыйлыгынын медалы
74 жаштагы Марио Варгас Льоса Латын Америкасындагы адабият боюнча Нобел сыйлыгына татыган бешинчи жазуучу. (Габриэла Мистраль - 1945; Мигель Анхель Астуриас - 1967; Габриэль Гарсиа Маркес - 1982; Октавио Пас - 1990;) Испан тилдүү адабияттын дөө-шааларынын арасынан мындай эң жогорку даражалуу сыйлыкка ээ болуу Марио Варгас Льосанын башына түшкөн кут десе да болот.

Эл аралык Нобел сыйлыгы химия, физика, физиология-медицина, экономика жаатында революциялык мүнөздөгү илимий ачылыштар үчүн жана дүйнөлүк адабият менен дүйнөлүк тынчтыкка бараандуу салым кошкондорго жылына ыйгарылат. Сыйлык көзү өтүп кеткендерге, эгерде ал адам өзү тирүү кезинде сыйлыкка көрсөтүлсө гана берилет. 2010-жылдагы Нобел сыйлыгынын акчалай көлөмү бир миллион еврого чукул.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG