Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Израил Нобел сыйлыгынын лауреатын өлкөдөн чыгарып жиберди


Ирландиялык палестиначыл активист Майрид Корриган Макгуайр бир апта мурда Тел-Авив аэропортунда кармалган эле. Ага быйыл жайда Газага гуманитардык жүк жеткирүүнү көздөгөн иштерге катышканы үчүн Израилге киргенге тыюу салынган. Макгуайр айым бул чечимди сотко берип, бирок Израил Жогорку сотунун колдоосун тапкан жок. Израил бийликтери бүгүн аны Британияга жөнөтүп жиберишти. Макгуайр жана Бетти Уилямс Түндүк Ирландиядагы чатакты жөнгө салуудагы иштери үчүн 1976-жылы Нобел тынчтык сыйлыгын алышкан.

XS
SM
MD
LG