Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

«Котормо өнөрү» жана алешем котормолор


«Котормо өнөрү» китебинин мукабасы.
«Котормо өнөрү» китебинин мукабасы.

Жыргалбек Турдукожоев менен Тамара Козубекованын былтыр басмадан чыккан «Котормо өнөрү» деген китеби өтө көйгөйлүү маселеге коомчулуктун көңүлүн бурат.

Эмгекте коомдук-саясий жана укуктук тексттерди, көркөм адабиятты которуунун өзгөчөлүктөрү, котормодо кетирилип жаткан алешемдиктер конкреттүү мисалдардын негизинде талданат.

Кыргызстан төбөлсүз мамлекет болгонуна 28 жылдын жүзү болгону калды. Мамлекеттик тил макамы бар кыргыз тили да өлкө менен кошо телчигүүдө. Бирок иш кагаздары менен расмий документтерге назар салсак, дагы эле түрдүү деңгээлдеги аткаминерлердин кыргыз тилинен чала сабат экенин көрсөткөн жана кыргыз тилин таназарга албай, расмий тилде иш жүргүзгөн мисалдар толтура.

Албетте, мунун баарын объективдүү себептер менен актаса болот. Андай объективдүү жагдайлардын бири котормо маселесине барып такалат. Себеби, соңку мезгилге чейин кыргыз тилине которулган көркөм адабиятты коюңуз, маалыматтык программалардын дээрлик 95% орус тилинен которулуп жүрөт (Караңыз: Турдукожоев Ж., Козубекова Т.: «Котормо өнөрү», 2018, 3-бет). Ал түгүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын көбү Орусия Федерациясынын мыйзам актыларынан көчүрүлгөнүн бир айдай мурда «Настоящее время» телеканалынын изилдөөсү көрсөттү.

Мындай жагдайда котормочулардын мааниси эбегейсиз зор. Котормочулук тажрыйбаны, терең билимди, сөз кудуретин сезе билүүнү талап кылган чыгармачыл кесип экенине «Котормо өнөрү» деген практикалык методологиялык китеп сонун далил. Былтыр басмадан чыккан береги китептин авторлору - Жыргалбек Турдукожоев менен Тамара Козубекова.

Филология илимдеринин доктору, Эл агартуунун отличниги Үмүт Култаеванын айтымында, сөздү түзмө-түз которуу кээ учурда тескери маани берип калат. Ошондуктан мыйзамдарды жана расмий иш кагаздарын которууда өзгөчө чеберчилик керек.

Үмүт Култаева.
Үмүт Култаева.

«Котормо өнөрү - көп жактуу, көп өңүттүү илимий проблема, - дейт ал. - Кээде түздөн-түз которуу чоң мааниге ээ болсо, кээде тескери натыйжа берип калган учурлар да болот. Тамара Козубекова менен Жыргалбек Турдукожоев жазган методикалык колдонмо ушунун баарын эске алганы менен баалуу. Котормо өнөрүндө кабыл алуучунун этнопсихологиялык өзгөчөлүгүнө да чоң маани берилет. Бул өңүт да китепте жакшы чагылдырылган. Китепти коомчулук менен чогуу талкуулоого тийишпиз».

Көлөмү 10 басма табактык береги эмгекте адабий чыгармаларды, терминдерди жана мыйзамдарды которууда кетирилген алешемдиктер, терминдерде чаржайыт пайдаланган учурлар айныгыс мисалдар менен көрсөтүлөт. Алсак, өкмөттүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча 2012-жылкы нускамасында «приказ» - «буйрук», «распоряжение» - «тескеме» деп которулган. Бирок, өкмөт өзү Терминологиялык комиссия боюнча 2016-жылы чыккан жобону буйруктун негизинде бекитип, бул буйруктун орусчасы «распоряжение» деп аталат. Анын себебин авторлор Конституциянын текстинде айрым терминдер жана сөздөр бир өңчөй берилбегени же унификацияланбаганы менен түшүндүрүшөт.

Сөздөр жана терминдер туура которулбаса, анын мааниси бузуларын Бишкектеги №77 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, Эл агартуунун отличниги Сабира Өмүрбаева да айтты:

Беш-алты орус адам отурса, жыйналыш орус тилинде өтөт.

«Тамара Козубекова менен Жыргалбек Турдукожоевдин китебинде жогорку чөйрөдө жана котормодо кетирилген каталардын маселеси козголот. Бул аябай жүйөлүү маселе. Котормонун ролу зор. Эгерде бир эле сөздү туура эмес которуп койсо, анын мааниси канча бузулат? Азыр бала бакчаларбы, мектептерби, ЖОЖдорбу, өкмөттүк мекемелерби, кайсы жерди алба, кыргыз тилиндеги документтерде көп ката кетип жатат. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам болгону менен, ал мыйзам аткарылган жок да. Беш-алты орус адам отурса, жыйналыш орус тилинде өтөт. Бишкек шаарындагы мектептердин окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын семинарлары орус тилинде өтөт. Кыргыз тилинде өткөрүлбөйт. Коомдо, үй-бүлөдө өзүбүздүн тилди экинчи орундагы маселеге калтырып койгонбуз. «Эне тилдин баркын көтөрүш керек, эне тилдин лексикасын байытыш керек, таза сүйлөшүбүз керек» деп баары эле үчүнчү жактан айтууда. Бирок «ушундай кылалы» деген адам жок».

Ырасында эле Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи, Ч. Айтматовдун үй-музейи жана башка мекемелерде сайттары жалаң расмий тилде. Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында бош орундарга конкурс да орусча жарыяланган. Ал эми Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы ордолуу Бишкекте жарандарды негизинен расмий тилде тейлейт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:55 0:00

Профессор Ү. Култаева да президенттин кеңсесинде, өкмөттө даярдалган документтерде каталар кездешерин айтып, котормо ишиндеги кемчиликтин негизги себептеринин бири деп сабатсыздыкты атады:

«Котормо - бүгүнкү күндө өтө олуттуу көйгөй. Ал кишинин жүрөгүн оорутаар деңгээлге чыккан. Президент кол койгон жарлыктарда, өкмөт башчысы кол койгон токтомдордо, ар кандай көрсөтмөлөрдө бир эле сөз бир нече вариантта жазылып, өтө одоно каталар кетип жатат. Мунун себебин бир нече фактор менен: өкмөттүк деңгээлдеги кадрлардын туура эмес тандалганы; ошол жерде отурган адамдардын жеке өздөрүнүн сабатсыздыгы менен түшүндүрсө болот. Менде президентти же премьер-министрди күнөөлөйүн деген оюм жок. Ал кишилер документтерди өздөрү даярдашпайт. Алар кол алдындагы адистерине ишенет. Ушул адистер документтерге өтө жооптуу мамиле кылышы керек эле. Советтер Союзунда «Правда» гезитинин редактору бир тамга үчүн жумуштан алынган. А бизде эмне деген сабатсыздыкка жол берилүүдө? Бийликтин төрт бутагынын тең башчыларынын кызматы чоң тамга менен жазылыш керек. Аны Жогорку соттун төрагасы бирде чоң, бирде кичине тамга менен жазып атат. Мамлекет башчы, элчи дегенди эмнегедир чоң тамга менен жазып алышыптыр.

«Кыргыз тилинин жазуу эрежелери» - жупкадай болгон китеп, 91 параграфтан турат. Аны дит коюп үйрөнүп алууга көп болсо эки саат убакыт кетет. Ар кандай документтерди даярдаганда «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери» столдун үстүндө туруш керек эле».

«Котормо өнөрүндө» келтирилген мисалдардын дагы бирин окуп көрөлү. «Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени анккталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт», деп айтылат 26-берененин 1-пунктунда. Сөз болуп жаткан китептин авторлору «Бул сүйлөмдү окугандан кийин адамды кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептеш үчүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени ким тарабынан, кантип, кайсы мөөнөттө аныкталууга тийиш?» деп абдан туура суроо коюшат. Жогорудагы сүйлөмдү түшүнүш үчүн ким да болсо Баш мыйзамдын орусча редакциясын окуганга мажбур болот.

Адабиятчы, котормочу Абибилла Пазылов мамлекеттик документтердеги каталар адам факторуна байланыштуу деген ойдо.

«Саясий тексттерди, аталыштарды, аталмаларды, терминдерди жакшы билген, дасыккан котормочулар аз, - дейт ал. - Анан калса ушул маселени көрүп туруп, саясий котормолорго адистешкен кадрларды тарбиялоо иши жок. Мурда Советтер Союзунун убагында КырТАГ деген мамлекеттик агенттикте атайын даярдыктан өткөн жана атайын окуган котормочулар отурчу. Азыр менимче өкмөттө, Жогорку Кеңеште, башка жогорку тепкичтеги бийлик органдарында, облакимчиликтерде, мэрияларда котормочулук кызматка дилетанттар көбүрөөк келип жатат. Котормочулук кызматка «бул тилди бир аз билет экен, бул тилди да билет экен, бир аз жазат экен» деген адамдар алынып атат. Мурдагыдай иргеп алуу, тандап алуу жок».

Сабатсыздыктын илдети бийликтин төбөсүнө чейин жукканын акыркы айлардагы окуялар көрсөттү. Кыргызстандын жана Орусиянын жоон топ ректорлору катышкан форумда президент Жээнбеков чыгып сүйлөгөн минбардагы 13 сөздүн ката менен жазылганы, Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчыга жиберген катындагы каталар, ошондой эле Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, Ала-Тоо аянтында уюштурулган фотокөргөзмөдөгү сүрөттөрдүн астындагы жазуулар – ушунун баары өлкө туташ сабатсыздыктын сазына белчесинен батып калгандыгынын жышаанасы.

Өмүр бою билим берүү жана илим тармагында эмгектенип жүргөн Үмүт Култаева сабатсыздыкка билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетиши да чоң салым кошту деп эсептейт.

«Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти. Себеби, өткөн кылымдын 90-жылдары мугалимдерге жылдап айлык берилбей, мыкты мугалимдер башка жакка оокат кылып кетип, ортозаар, эптеп окууну бүткөн мугалимдер мектепте калган. Тарыхый мезгилдин ээси болуп орто муун эсептелет. Ошол сабатсыз орто муун азыр аренага келди», - дейт ал.

Абибилла Пазылов кыргыз тилиндеги иш кагаздарынын сапатсыз жана одоно ката менен жазылышына өлкөдө мамлекеттик жана расмий тил деген жобо тоскоол болуп жатканын айтты:

Абибилла Пазылов.
Абибилла Пазылов.

«Азыр бизде расмий жана мамлекеттик деп эки тил болуп жатат. Ошого көп маселелер биринчи расмий тилде даярдалып, анан мамтилге которулууда. Расмий тилге которууда жоопкерчилик жогору, ал эми мамлекеттик тилге ат үстүнөн мамиле болуп жатат. «Расмий тилде турбайбы, мамтилдеги документке көп көңүл бурбай койсок болот, оңдоп алабыз» дегендей мамиле өкүм сүрүп турат. Ушунун кесепетинен саясий тексттер менен документтерди которуу аксап тургун учуру».

Жогоруда айтылган көйгөйлөрдөн улам Жыргалбек Турдукожоев менен Тамара Козубекованын аталган китептеги мына бул сөзүнө ким да болсо кошулат. «...тилмечтин жаңылыштыгы адамдардын ортосундагы чыр-чатакка, адамдын адилетсиз, мыйзамсыз жазаланышына, уюм, ишкана, мекемелердин негизсиз талаш-тартышына, жарандардын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин негизсиз материалдык-каржылык зыянга учурашына, мамлекеттер арасындагы мамилелердин бузулушуна жана башка жагымсыз жагдайларга дуушар кылат».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG