Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Мигранттарга дагы бир сыноо - тил сынак


Орусияда мигранттар орус тили боюнча тесттен өтөт. Жарым жылдан кийин алар буга кошумча Орусиянын мыйзамдары жана тарыхы боюнча экзамен тапшырууга тийиш.

Сиз кесибиңиз боюнча, балким, куруучусуз, кафел чаптайсыз же кирпич коёсуз, бирок Иван Грозный боярлардын укугун качан чектегенин билесизби? Же, айталы, поляк-литва баскынчылары Московиядан качан сүрүп чыгарылган? Эгер Орусияда иштегиңиз келсе, анда бул сыяктуу көп нерселерди билишиңиз керек болот. Андыктан, кайра партага отуруп, окуп баштаңыз!

Бүгүн Орусияга иштегени баргандар орус тилинен тест берет. Москвадагы Тажик коомун жетектеген Абдулло Давлатов орус тилин билүү мигранттардын өзүнө керек экенин белгилейт:

- Мигранттар иштегени келгенде орусча сүйлөшү керек. Орустардын арасында мигранттарга кыжынгандар көп эмеспи. Ошондуктан, тил билсе, жок дегенде жемин жедирбейт.

Бирок эми келерки жылдын башында күчүнө кирип жаткан жаңы эрежеге ылайык, Орусияда иштегенге уруксат сурап кайрылгандардан бул өлкөнүн тарыхы жана мыйзамдары боюнча да экзамен талап кылына баштайт. Апрель айында президент Путин кол койгон бул мыйзамды орус бийлиги мигранттардын жашоосун жөндөп кетишине көмөктөш болуучу чара катары сүрөттөөдө.

Мамдуманын бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынан шайланган депутаты Дмитрий Вяткиндин пикиринде, бул чара мигранттарга «өз укуктарын жакшыраак билип, ар кандай карөзгөйлүктөн сактануу үчүн керек». «Бул талаптарды дискриминация деп карабаш керек. Иш жүзүндө алар орус жарандарынын да, мигранттардын да укуктарын коргойт» дейт ал.

Бирок Москвада жайгашкан Миграция жана укук тобунун жетекчиси, укук коргоочу Светлана Ганнушкина жаңы чараларды «мыйзамга да, турмуштук зарылчылыкка да шайкеш келбейт» деп сынга алды. Ганнушкина ошондой эле жаңы мыйзам коррупциянын азыркыдан да гүлдөшүнө шарт түзөт деп эсептейт.

Ал эми Орусиянын Илимдер академиясынын Экономикалык божомол институтунун миграциялык лабораториясын жетектеген Жанна Зайонковская орус мыйзамдары боюнча экзамен берүүдөн көп майнап болорунан күмөн санайт:

- Мигранттарда мыйзамдар менен эрежелер тууралуу маалымат болушу керек. Азыр алар муну бири-биринен сурап билет. Бирок мыйзам боюнча тесттен чоң пайда болорунда күмөнүм бар.


Жапырт тест өткөрүүгө даярдык да канчалык экендиги анык эмес. Тестирлөөнү Москва менен Санкт-Петербургдагы төрт университет өлкө боюнча башка жогорку окуу жайлар менен биргеликте жүргүзөт.

Келечек мигранттарды тесттен өткөрүүчүлөр катарында Москвадагы Орус тили жана маданияты борбору да бар. Бул борбордун директору Мария Финашина "азырынча экзамендер боюнча колдонмо адабият келе элек" дейт.

Ал эми Орусиянын тарых коомун жетектеген Андрей Петров жаңы тесттер келерки жылы «пилоттук» же тажрыйба түрүндө гана болушу мүмкүн деп божомолдойт.

XS
SM
MD
LG