Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кыргыз тилин кыйратуунун массалык масштабы


Бишкектин көчөсүндө тартылган сүрөт. (Архив)
Бишкектин көчөсүндө тартылган сүрөт. (Архив)

Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Эзелтен кыргызды кыргыз ичинен иритип, ичинен чиритип келсе, азыркы кыргыздар элин маңкурт кылып жатат. Болгондо да билим булагы аркылуу.

Оболу, китепти билим булагы деп эсептеп келсек, дал ошол булак башында отургандар кимдер дээрсиз?.. Аларбы – алар: доктор, академик наамына марыгандар!

Болгондо да Кыргыз Республикасынын президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда отургандар; КР Билим берүү жана илим министрлиги; Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Кыргыз билим берүү академиясы жана китеп өндүрүшү менен шугулданган шылуундар тобу экенине ынанып отурам.

Буга биринчи себеп: тил комиссиясы тарабынан кетирилген оркойгон мүчүлүштүктөр боюнча “Кыргыз тилине кыргыздан өткөн душман жок” аттуу макалам «РухЭш» сайтына жарыяланары менен КР Президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан мага мындай мазмундагы кат келсе болобу: “Сиз белгилеген китептер Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын негизинде КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарык көргөн. Ал китептер бизге почта аркылуу келип, сайтка жайгаштырылат. Айрым китептердин аталыштары басмаканадан ката жазылып сакталган. Министрлик ошол боюнча бизге жиберип, бизден да (аларга ишенип) текшерилбей коюлуп калган. Жарыяланган материалдар кайрадан каралып, айрым белгиленген жерлери дароо оңдолду.

... Буларды байкап бизге маалымдаганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да сиз менен тыгыз кызматташууга даярбыз”.

Мына, бурадар! Тил боюнча улуттук комиссиянын мага жазган жообунда көрүнүп тургандай, кыргыз тилиндеги сабатсыздык маселеси - бизде бирине бири шылтамай, бирине бири оодарып таштамай! Андай боло турган болсо, Тил боюнча улуттук комиссиянын төмөндө көрсөтүлгөн негизги милдеттерин аталган мекеме эмнеге өзү сактабайт?

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык чөйрөсүндө, анын ар тараптан жана толук колдонулушун камсыз кылуу;

- мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү стратегиясын аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгаруу иштеринде мамлекеттик тилдин иштешин ырааттуулук менен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;

- мамлекеттик тилдин ролун жарандык коомду курууда, ошондой эле кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн калыптандырууда жана өнүктүрүүдө жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мамлекеттик тилди эркин билиши үчүн зарыл уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүү;

- жарандардын кеңири чөйрөсү мамлекеттик тилде жазуу жана оозеки тилде иш алып барууну өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк жана шарт түзүү.

Эми окурман, КР президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын дал ушул негизги милдеттеринин ар биринен апапакай сүткө түшкөн келемиштин өлүгү табылат. Ооба, чаранын ичиндеги сүттүн түбүндө өлүп жаткан келемиш колго урунмайын, аппак сүт деген аппак сүт. Аны иче бересиң, сүт түбүндө келемиштин өлүгү жатканын билбейсиң да, көрбөйсүң. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде жарык көрүп жаткан китептер да кудум ошондой. Окуй келсең, кокуй көп: ичиндеги жайнаган “өлүктөр” китепти барактаган сайын көзгө уруна баштайт.

Дегеле бүгүн эне тилибиздин туура колдонулушун камсыз кылуу боюнча тил комиссиясынын кайсы ишин атап берүүгө мүмкүн? Тил саясатын өркүндөтүү мамлекеттик башкаруунун же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кайсы чөйрөсүндө ишке ашып атыптыр?

Башкасын айтпайлы, мамлекеттик мекемелерден мурда КР Билим берүү жана илим министрлиги, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жарыкка чыгып жаткан китептерди эле барактап көрөлүчү! Жакаңды уучтай турган шумдуктарга кан басымың көтөрүлөт.

Тил комиссиясынын негизги милдеттеринин биринде: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгаруу иштеринде мамлекеттик тилдин иштешин ырааттуулук менен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу” деген камылгасы көрсөтүлүп турганы менен, тескерисинче, мамлекеттик тилди ырааттуулук менен кыйратууну ишке ашыруу – кыргыздан башка эч кимдин колунан келген жери жок!

Кыргыз тилин кыйратуу массалык масштабга чыкты! Себеби бүгүнкү күндө жетинчи кабаттагылардан баштап жертөлөдөн өйдө китеп өндүрүшү менен шугулданган басмаканалар толуп кетти. Алардын бухгалтерияларына шыкылдап акча түшүп турса болду, өндүрүлүп аткан китептердин ички маани-мазмуну – сүткө түшкөн келемиштин өлүгү! А караламан калкка эмне?!

Калктын калыптанган чындыгы ушул: “китеп - билим булагы”. Китепке кандай жазылса, демек ошол туура. Калктын аң-сезиминде “китепти сабаттуу адамдар чыгарат” деген дуңку сезим жашайт. Тилекке каршы, китеп өндүрүшүндө корректор, редактор милдетин аткарган кадрлардын баары Совет доору менен кошо кыйрап жок болгондой. Ага болбой Эне тил майрамы менен Кыргыз адабиятынын күнүн белгилегенибизди кантесиң?!

Эң кейиштүүсү - Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын шылтоосу менен чайкоочулук кылып жаткан жагдай азыр Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана булар менен китеп өндүрүү боюнча мамлекеттик атайы тендерди утуп алган басмаканалардын ортосундагы келишим экенин текшерүүгө алган бир киши жок!

Андыктан биз бүгүн кыргыз тилин кыйратуу массалык масштабда өнүгүшүнө жол бербеш үчүн атайы мыйзамдык механизмдерди иштеп чыгышыбыз зарыл. Жогорку Кеңеште отурган айрым илим-билим, адабият, маданият үчүн жан тарта турган депутаттар: Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Аида Касмалиева, Жанар Акаев өңдүү эл өкүлдөрү атайы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, жоопкерчиликсиз басылмалардын ишинде корректор, редакторлорсуз китеп өндүргөн басма үйлөрүнө лицензия берилбей турган мыйзамдарды иштеп чыгышын суранар элек.

Ал эми басылган китептеринде кетирген каталары өтө эле көп табылган басмаканалардын лицензиясы алынып, китеп басуу ишинен четтетилиши зарыл.

Олжобай Шакир

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG