Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:00

Кысымда калган кыргыз тили


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тилинин учурдагы абалы тууралуу Бакытбек Абдуллаевдин блогу.

Бир ишти ийгиликтүү аягына чыгарып, анан аны жыргап майрамдаган кандай сонун. Майрамдаганга, тойлогонго эмне жетсин? Тойго келгендерге белек-бечкек таратып, тойду сонун өткөрдүк деп ырахат алган учурчу?

Негизги сөзгө келейин. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макам алышына карата 21-сентябрда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы филармонияда Кыргыз тилине салым кошкондорду сыйлаган иш-чара өткөрдү. 2014-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы (2014-2020-жылдарга карата) кабыл алынган. Анын алкагында “Кыргызтест” системасы былтыр ишке кирип, 2018-жылдан баштап мамлекеттик кызматкерлер ушул тесттен өтө баштады. Өкмөттүн чечимине ылайык "Кыргызтесттен" 27 672 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер ноябрь айына чейин сынактан өтүш керек болсо, бүгүнкү күндө 15 миңдейи өткөнү маалымдалды. Кыскасы, кыргыз тилин өнүктүрүп жатабыз. Дүйнөлүк классикалар кыргызчага которулуп жаткан экен. Мамлекеттик жетекчилер адаттагыдай кыргыз тилин даңктаган сөздөрдү сүйлөштү.

"Мама тил, папа мекен"

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири тил, маданият, тарых экенине эч ким каршы эместир. “Кыргыз тилинин тагдыры кыргыз элинин тагдыры менен тамырлаш” - деп айтылганы менен азыркы күндө кыргыз тилди канчалык деңгээлде эне тилибиз дей алабыз? Сурап жатканымдын себеби шаардагы жаш кыргыз апалар балдарына кыргыз тилинде эмес, орусча сүйлөп жатканын көчөдө көп байкайм. Балдарыбызды кыргыз мектепке эмес, орус мектепке бергени аракет кылабыз. Ошон үчүн деле Бишкектеги 100дөй мектептин 10го жетпегени кыргыз мектеп. Кыргыз үчүн күйгөн деген адамдардын балдары кыргызча сүйлөбөгөнү да белгилүү. "Тилдин келечегин ошол тилди сүйлөгөн элдин жаштарына карап билсе болот" дейт. Буларды башка бир аспектиден карап көрөлү.

29 жылдан бери мамлекеттик тил макамы бар кыргыз тили мамлекеттик органдарда кандай деңгээлде колдонулуп келет? Кыргыз тил менен кошо орус тилинин да “расмий тил” деген макамы бар. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды да, расмий тил жөнүндөгү мыйзамды да окуп, экөөнүн айырмасын түшүнө албадым. Кээ бир саясат талдоочулардан сурасам, алар деле “билбейм” деп жооп беришти. Анан “жөн эле бирөөлөрдү кубантыш үчүн мыйзам токуп койгон го”, - деп ойлоп калдым. Кыргыз тилибиз кагаз жүзүндө эле мамлекеттик тил макамын алып жүргөнүн тастыктоочу сандар сүйлөсүн.

Экономика министрлигинде 2016-жылы жүргүзүлгөн иш кагаздарынын жалпы саны 78 393 бирдикти түзүп, документтердин 5 638 (7,2%) гана мамлекеттик тилде, 72 755 (92,8%) иш кагазы расмий тилде жүргүзүлгөн. 2016-жылы экономика министри Арзыбек Кожошев болчу. Кыргыздын эле уулу. Кожошевден кийин кыргызча билбеген 30 жаштагы Артем Новиков деген бала келди. Ал баладан кийин Олег Панкратов министр болду. Анын кыргызча сүйлөшүн эле эмес, түшүнбөшүн да баарыбыз билебиз. Кайсы жыйынды караба кулагында кулаккап.

Унаа жана жол министрлигинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн 2016-жылдагы жалпы саны 29 137 бирдикти түзүп, булардын 2 876сы (9,88%) мамлекеттик тилде, 26 261 (90,12%) иш кагазы расмий тилде жүргүзүлгөн. Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде мамлекеттик тилди колдонуу 2,1% түзгөн. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын маалыматы боюнча министрликтерде мамлекеттик тил 20% тегерегинде гана колдонулат экен.

Былтыр бул көйгөйлүү маселе Жогорку Кеңеште каралып, ал кездеги спикер Чыныбай Турсунбеков “Кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы”, - дегени менен ошол жыйында депутат Ирина Карамушкинанын парламент трибунасынан уялбай “Жумушка кирүүдө кыргыз тилин билбөө көпчүлүк үчүн чектөө болуп калды. Андыктан орус тилине да мамлекеттик тил макамын берүүнү сунуштайм” – деген. Буга 120 депутаттын бирөө да алгылыктуу жооп кайтарбаганы жан кейитет. Эгемендүү Кыргызстан эмес эле Орусиянын бир колониясындай сезилет.

Драматург, жазуучу Мар Байжиев “Азыр орус тилин билбесең талаада каласың. Ал эл аралык тил. Мурда А.Акаевдин учурунда эки тилди бир алып кетүү бар эле, бирок кийинчерээк токтоп калган. Бизге азыр да билингвистика керек. Билбесең анда унчукпай отура бер. Орус тилин билбесек дүйнөдөн кантип кабар алабыз”, - дегенин окуп таң калган деле жокмун. Кантсе да дүйнөнү Москвадан ары билбеген советтик интеллигенциянын өкүлү айтпадыбы.

Орус тили балким бир убакта кыргыз үчүн дүйнөгө ачылган каалга болсо болгондур. Бирок бүгүнкү күндө билимдин, технологиянын, инновациянын тили англис тили экени анык. Мисалы, билим берүү сөзүн "Гуглдан" издегениңизде кыргызчага 2,78 млн. шилтеме берсе, орусчага 172,4 млн. шилтеме, англисчеге 3,11 млрд. шилтеме берет. Инновация сөзүн издегенде орусча жалпы 6,2 млн. шилтеме, англисчеде 523 млн. шилтеме берилет. Кыргызчасын издегенде 1,87 млн. шилтеме берилет.

Ал эми W3Techs 2018 маалыматы боюнча Интернеттин мазмуну (контенти) 51.2% англисче, 6.8% орусча, 5.6% немисче, 5.5% жапончо, 5.1% испанча, 4.1% французчага туура келет экен. Калганы тилдердин үлүшү болсо португалча: 2.6%, италянча: 2.4%, кытайча: 2.1% полякча: 1.7%, персче: 1.7%, түркчө: 1.4%, датча: 1.3%, корейче: 1.0%, чехче: 0.9% жана арапча: 0.7%.

Дүйнөнүн күчтүү (таасирдүү) тилдери болсо төмөндөгүдөй экен (INSEAD 2017): 1-орунда англисче, 2-орунда французча, 3-орунда кытайча (Мандарин), 4-орунда испанча, 5-орунда орусча. Ал эми калган орундар кезеги менен арапча, немисче, жапончо, португалча жана индусча болгон. Тилдин күчтүүлүгүн (беш фактор) саякаттоо мүмкүнчүлүгү (географиялык), акча (нан) табуу мүмкүнчүлүгү (экономикалык), башкалар менен мамиле куруу (коммуникация), билим алуу жана маалымат алуу жана дипломатия жүргүзүү жөндөмүнө карап белгилешкен.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматтардан кийин айтайын дегеним, өнүгөбүз десек орусчага эмес, англисчеге басым кылышыбыз керек. Орус тилин билүүгө албетте каршы эмесмин, боло да албайм. Бирок приоритеттүүлүктү тандаганда же бир нерсени бир нерсе менен салыштырганда алтернативасына да көңүл буруш керек.

Кыргыз тилине кайра кайтчу болсок, кыргызча мамлекеттик тил боло албаганынан кээде бириктирүүчү ролду эмес, бөлүүчүлүк ролду аркалап келет. Ар кандай дискриминацияга дуушар болгон учурлар кездешет. Мисалы, Совет доорунда кыргыз эле тектүү жарандын фамилиясы Ибрагимов дегендин ордуна Убрахимов, Осмонов дегендин ордуна Усманов, Таировна дегендин ордуна Тахировна деп жазылып калганы үчүн кээ бирлери тарабынан “өзбек” турбайбы деген штамптар жабышып, жолу торолот.

Совет дооруна шылтайын десем, өзүмдүн эле башыман өткөн эки жыл мурдагы окуяны айтып берейин. Паспорт жаңылаганы Мамлекеттик каттоо кызматына барып, паспортумдагы Кумушбекович дегенди Күмүшбекович т.а. “у”ну “ү” кылып жазып бергиле десем, "күбөлүктө кандай болсо ошондой гана жаза алабыз" деп четке каккан.

Бакытбек Абдуллаев.
Бакытбек Абдуллаев.

2015-жылы уулума туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн аларда фамилиясын Кумушбеков эмес, Күмүшбеков деп жазыңыз деп кызматкерге алдын ала айтсам, "жок, силердин отчествоңор Күмүшбекович эмес, Кумушбекович деп жазылган" деп дагы четке каккан. Мамлекеттик каттоо кызматкери менен көпкө талашканмын. Бирок оң натыйжа ала алган эмесмин.

Мамлекеттик каттоо кызматына иши түшкөндөр билишет, толтурулган формалар көпчүлүгү орусча. Кыргызчасын талап кылсаң “эми орусча чыгып калган да, толтура бербейсиңби кыйын болбой”, - деп жемелегени да чыгат. Кыргызчада адамдын аты-жөнү т.а. аты, анан фамилиясы аталат. Башка мамлекеттерде деле аты, анан фамилиясы жазылат документтерде. А биз болсо дагы деле орусчадагы ФИО формасы менен - "Фамилия, Имя, Отчество" менен жазып, айтып келатабыз. Мамлекеттик тил комиссиясы ушундай мүчүлүштүктөрдү оңдоп, анан тойлосо болмок деген ой келет.

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык уюмдарды эле бир караңыздар. Коомчулукка тараткан маалыматтары дээрлик орусча. Коомчулук дегени биз кыргыздар болгондон кийин кыргызча эле таратпайбы дейсиң. Болбосо ошол уюмдарда кыргыздар эле иштейт. Андай дейин десең биз төлөгөн салыктардан айлык алган мамлекеттик кызматкерлер кыргызчаны кор кылып жатса, жиниң келбей койбойт экен да.

2-3 ай мурун бир ишкер досум соода маркасынын патентин алуу үчүн "Кыргызпатентке" барып келели деп калды. Аталган мекеменин сайтынан кыргызча бланкасын толтуруп барганбыз. Кызматкер документтерди кабыл алып жатып, “орусчасын толтуруп келгиле” дейт. Досум иш тездесин дедиби макул дегенсип калды. Чыдабай кетип “Эмнеге?” деп мен үнүмдү көтөрө сүйлөдүм. "Кыргыз мамлекетинде жашап, кыргыз болуп туруп эмнеге орусча толтурушубуз керек?” - дегенден кийин гана документтерди кабыл алды.

Кыргыз тилди өзүбүз сыйлабаганыбызга Бишкек мэрин шайлоодо күбө болбодукпу. Шайландыбы, дайындалдыбы өзүнчө маселе. Бирок "Кыргызтест" турса, комиссия мүчөлөрү текстти эптеп окуган адамды “билет” экен деп сынактан өткөрө салды. Уят да эми, чынбы? Анын кыргызчасына караганда АКШнын жаңы элчиси кагазды да карабай кыргызча кайрылуу жасаганы кыргыз элин сыйлаганы деп кабыл алдым. Кыргызстанда туулуп, кыргыздын жеринен нан таап жегендер кыргызча билбегенине уялышы керек эмеспи? Же кыргызча үйрөнгөнгө шарт жок деген шылтоо менен жүрө берелиби?

Булардын баарын эмнеге айттым? Кыргыздын тили дагы деле мамлекеттик тил боло албай жатат. Мамлекеттик органдарда иш-кагаздары дээрлик орусча жүргүзүлүп келет. Кыргыз Республикасында жашап, жаран катары өзүмдүн аты-жөнүмдү кыргызча жаза албасам анан кайдагы мамлекеттик тил болсун?! А бирок 23-сентябрды тил майрамы деп куттуктап келебиз. Эртеси ал майрамды унутабыз да, башка тилдин (мамлекеттин) мыйзамдары менен жашоону уланта беребиз. Мамлекеттик тил боюнча сөз айтсаң эле жооп даяр. Мамлекеттик тил боюнча стратегия 2020-жылга чейин ишке ашырылат. Ошодон кийин сын айтат экенмин.

Баса, башында айтышты унутупмун, Мамлекеттик тил комиссиябыз быйыл 20 жылдыгын белгиледи. Эмдиги жылы Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын майрамдайбыз. Кыргыздын тою бүтпөйт эмеспи, ошентсе да кыргыз тилдин чыныгы майрамын-тоюн көргөнү насип кылсын. Жөнсүз сындап жиберсем жаман көрбөй, мен да пенде экенимди унутпагыла.

Бакытбек Абдуллаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG