Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:11

Мамтилге мамиле, "сый көрсөткөн" сынак


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы коомчулукта бир топ адамдардын катуу сынына кабылды. Буга чейинки мэр да кызматка отурарда тил сынагында жазган текстинен ката кетирип, аткаминерлердин сабаттуулугу боюнча талкууга жем таштаган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мындай жагдайлардын келип чыгышына мамлекеттик тил мыйзамы менен башка мыйзамдар ортосунда шайкештик болбой жатканын жүйө келтирет.

Социалдык тармактарда мэрлик кызматка талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырууда сүйлөгөн сөзү, тексти сын пикирлерди жаратууда.

Жергиликтүү телеканалдардын бири жасаган видео тасмада шаар башчылыкка талапкер кээ бир сөздөрдү кыйналып, туура эмес айтканын көрсө болот. Ушундан улам коомчулукта талапкерге жана аны "сынактан өттү" деп баалаган тил комиссиясына нааразы болгондор бар. Алардын бири - жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

- Азыр мэрликке ансыз деле атаандашы жок бараткан Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынак бергенин көрдүк. Уктук. Таң калычтуу. Бул мас болуп алып жазган же таптакыр эле эне тилибизден кабары жок "киргиз" экен. Кечирип койсун, бирок кантип өзү кыргыз болуп туруп "эл" деген сөзгө ичкертүү белгисин кошуп жазат? Анан тил комиссиясы ошону көрүп, билип туруп кантип сынактан өткөрүп ийди? Бул кошоматчылыкпы? Тил алчаактыктын да өз чеги бар да!

Токтонасыров "мындай жагдайда ири алдыда жооптуу кызматка бараткан жетекчинин жогорудагыдай ката кетиргенин көрмөксөн болгон тил комиссиясы жамааты менен кызматтан кетиши керек" деп күйүп-бышты.

Сынактын жүрүшү бул багытта иштеп жаткан кээ бир адистерге да түшүнүксүз болуп калган. Мындай пикирин өкмөткө караштуу "Кыргызтест" түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева билдирди. Анын айтымында, азыркы мыйзамдардын негизинде республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли "Кыргызтест" тарабынан аныкталууга тийиш. Адис буга кээ бир мыйзамдардын чийкилиги жолтоо болду деп ойлойт:

- Азыр өкмөттүн 757-токтомунун негизинде бүт бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин милдеттүү түрдө "Кыргызтесттен" өтүшү керек экендиги белгиленген. Бирок эми ал жерде "жарандык мамлекеттик кызматчылар" деп жүрөт. Ал жерге "саясий" деген сөздү да кошуп, ага да ошондой чечим кабыл алынышы керек да, мындай сынактар "Кыргызтестке" өткөрүлүп берилиши керек. Ошондо туура болот. Жогорудагыдай өйдө-төмөн сөздөр да болбойт. Анткени талапкердин мамлекеттик тил боюнча билим деңгээли компьютер менен текшерилет.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жакында мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери эмне үчүн "Кыргызтест" аркылуу сынактан өтпөгөнү тууралуу мындайча жооп берди:

Назаркул Ишекеев.
Назаркул Ишекеев.

- Бишкек, Ош шаарларынын статустары тууралуу атайын мыйзамда салттуу сынак алуу боюнча берене сакталып калган экен. Ага өзгөртүү кирбей калганы үчүн бул жолу мэрлердин тил сынагы "Кыргызтест" аркылуу өтпөй калды. Бул маселени БШК менен Бишкек шаардык кеңеши өткөрдү. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын функциясы: алар бизге адистерди сунуш кылуу боюнча кат жазат. Каттын негизинде биз көрүнүктүү окумуштуулардан турган он беш кишинин тизмесин беришибиз керек эле. Биз ошол он беш кишини сунуш кылганбыз. Алар ошол адистердин ичинен беш же жети кишини тандап алып комиссия түзүп, сынак өткөрүшөт. Мен бул сынак кандай деңгээлде болгонуна жооп бере албайм. Мамлекеттик тил комиссиясынын ал сынактын жүрүшүнө аралашканга мыйзамдык негизи жок.

Ишекеев коомчулуктун сынына кабылган мындай алешемдиктердин келип чыгышына мамлекеттик тил мыйзамы менен башка мыйзамдардын ортосунда шайкештик жок экенин жүйө келтирип, учурда бул багытта атайын топ иштеп жатканын билдирди.

Кыргыз тилин мамлекеттик кылып бекиткен мыйзам Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи ирет 1989-жылы 23-сентябрда эле кабыл алынган. Бирок 2000-жылдын 25-майында орус тилине расмий статус берилген. Башкаруу түзүмдөрүндө иш кагаздарынын дээрлик көбү эмгиче кыргыз тилине өтө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG