Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Алфавит реформасы: Көчө аталышындагы өксүктөрдөн улам


Байтик Баатыр көчөсүнүн аталышынын ката жазылышы. Бишкек ш. 2018.
Байтик Баатыр көчөсүнүн аталышынын ката жазылышы. Бишкек ш. 2018.

Көчө аттарын катасыз жазуу тууралуу талкуу кыргыз тилиндеги латын арибин реформалоо жаатындагы талкууга кайрадан жем чачты.

Жакында (2018-жылдын 7-сентябрында) Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мырза өзүнүн “Фейсбук” барагында олуттуу бир маалыматты жарыялады:

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Көчөлөрүбүздүн аталышы жана алардын бир өңчөй жасалып илиниши тууралуу бүгүн МЭРибиз менен талкуулап, пландаштырдык. Шаардык кеңеш менен бирдикте акча каражатынын булагын таап жакын арада кабар беребиз. Тез арада жасалчу иштердин тизмесине киргизебиз.

Маалыматыңыздар болсун. Шаарыбыздын кире бериштерин ( Арка) да оңдойбуз”.

Бул жарыяга көптөгөн пикирлер түштү.

Албетте, ушул саптардын ээси да эртеси күнү Балбак мырзаны колдоого алып мындай пикирин ортого салды:

Баке, жакшы маселе козгопсуз.

Көчө атын кыргыздын кирил жана латын тамгаларында берүү керек.

Латынча жазганда деле ü, ö, ñ тамгалары эске алынышы керек. Bokonbaev эмес, Bökönbayev деп жазылганы жөн. Ал эми орусчадай жумшак Ж тамгасы zh менен жазылат, кыргыздын катуураак айтылган Ж тамгасын айырмалап J менен берүү абзел: Жүгөрү көчөсү / Jügörü köčösü. Жаңгак көчөсү / Jañgak köčösü.

Менимче, көчө атын кыргызча (кирилче жана латынча) гана жазса жетиштүү”.

Бул талкуу коомчулукта жер-суу аталыштарын бир эле учурда эки башка алфавитте берүү зарылдыгын гана бутага албастан, ошондой эле, кыргыз тилинде ансыз да кирил жазмачы менен удаа колдонулуп келе жаткан латын алфавитин кайрадан реформалоо көйгөйүн козгоду.

Адатта, расмий Кремлге кылчактаган саясатчылар “латын алфавити” десе эле үркүп тура калышат. Алар латын алфавити боюнча эч сөз кылбайбыз деп сырткы кайсы бир күчтөргө кандайдыр тымызын убада берген-бербегендиги бизге белгисиз.

Өткөн жылдары президентке караштуу Улуттук кеңеш деген жогорку даражалуу жыйында да чыгып сүйлөп, биз бул маселени жаңыча өңүттөн кароо керектигин айтканбыз.

Биринчиден, кирил жазмасынан баш тартуу тууралуу сөз жүрүп жаткан жок. (Албетте, кыргызча кирил жазмасын да мыкты тилчилер 1930-жылдары аттырылып, абакка салынгандан кийин кабыл алынган 1940-жылкы вариантында эч калтырбастан, чечкиндүү реформалоо керек).

Экинчиден, латын жазмасы ансыз да кыргыз коомуна кызмат кылып жатат. Чет өлкөлүк паспортту, ички Ай-Ди (ID) документин эле карап көрүңүздөр. Кыргызстандык ар бир атуулдун аты-жөнү латын арибинде да жазылган.

Үчүнчүдөн, бул латын ариби 1928-40-жылдардагыдай эне тилибизге ылайыкташтырылбастан, башаламан колдонулууда.

Дал ушул үчүнчү жагдай тууралуу көп ирет сөз козгодук, бирок майнап чыга элек.

Кыргызстандын постсоветтик доордогу буга чейинки мамлекет башчыларынын тегаттары (фамилиялары) Ө,Ң,Ү тамгалары жоктугуна байланыштуу латынча эч кыйынчылыксыз жазылат экен:

Askar Akaev (Akayev)

Kurmanbek Bakiev

Roza Otunbayeva

Almazbek Atambayev

Ошондуктан алардын чет өлкөлүк паспортторунда эч проблема болгон жок. Демек, алар үчүн Ө, Ң, Ү тамгаларынын латынча берилиши маселеси жеке маселе эмес болчу.

Учурдагы президенттин тегатын латынча жазуу үчүн үч вариант бар:

Jeenbekov (мында каткалаң Ж берилет).

Zheenbekov (мында орус жана казак тилдериндеги жумшак Ж тыбышы камтылат: албетте, кыргызча тегаттар үчүн бул түр – одоно катага жатат).

Djeenbekov (бул вариантта ансыз да каткалаң болгон J / Ж тыбышына ашыкча эле D тамгасы жабыштырылып жатат).

Демек, азыркы президенттин тегатынан эле көп вариантты көрүүдөбүз (үч деген сан, негизи, бир санына караганда өтө көп дегенди туюнтат эмеспи).

Эгемен мамлекетибизде биз Ө, Ң, Ү тамгалары үчүн Ö, Ň, Ü тамгаларын киргизе албасак, жана Ы тамгасы үчүн тиешелүү вариантты тандай албасак, анда биз мажүрөө болбогондо ким болот?

Качанкыга чейин Жаңыбаева, Өмүрбеков тегаттарын Zhanibaeva, Omurbekov деп ката жазышыбыз керек?

Түрк элдеринин боордоштугу тууралуу далай таттуу сөздөр айтылат, бирок 1992-жылы Бишкекте кабыл алынган чечимге ылайык орток латын алфавитин түзүү идеясы караманча унутта калып келет (муну илимпоздор унутушкан жок, саясий чөйрөдөгүлөр жасалма саясий себептерден улам четке кагышты; Түркия, Өзбекстан (анын ичинде Каракалпакстан), Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын айырмалуу латын алфавиттерин эле салыштырып карап көрүңүздөр).

Кыргыз ССРинин латынча тексти бар герби. 1937.
Кыргыз ССРинин латынча тексти бар герби. 1937.

Азыркы Түркиядагы латын арибине ык койгон чакта, ага кошумча Ň тамгасын (түрктөрдө акырындап жоюлуп кеткен Ң тыбышына ылайык тамганы) киргизүү зарыл. Андан ары тереңдесек, анда Q (каткалаң К), Ğ (каткалаң Г) тамгаларын кошумчалоо жана Ы тамгасы үчүн Ï тамгасын алуу абзел.

Бул тамгалардын бардыгы тең азыркы европалык (англисче эмес) тилдерге ылайыкташкан компүтердик (эсепкердик) тергичтерде бар. Мурдагыдай арип жасоо үчүн басма үйлөрүндө жана басмаканаларда коргошун уютуп кереги жок. “Буга акча көп кетет” дегенге анчейин ишене бербес элем.

Маселенин чоо-жайы — эч саясатташтырбастан эле “кыргыз тилине ылайык латын алфавити — мына ушул” деп бир вариантка токтолуп, Жогорку Кеңеш тарабынан тастыктаган токтомду кабыл алууда.
Т.Чоротегин

Буга чейинки тексттерди санарипке түшүрсөк, анда кыргызча текстти алеки заматта бир алфавиттен (кирилчеден) экинчисине (латынчага) же үчүнчүсүнө (араб арибине) которуу мүмкүнчүлүгү азыр да колубузда турат.

Дүйнөдөгү бардык компүтерлерден бул латынча арипти оңой эле таба аласыз, атүгүл Кытайда чыккан компүтерлерде да бул тамгалар бар.

Маселенин чоо-жайы — эч саясатташтырбастан эле “кыргыз тилине ылайык латын алфавити — мына ушул” деп бир вариантка токтолуп, Жогорку Кеңеш тарабынан тастыктаган токтомду кабыл алууда.

Бул маселелерди президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы жана КР УИАсы эчак козгошу керек эле, балким, кулуарда козгоп деле жатышкандыр.

Бирок бул көйгөйдү чечүүдө комиссияга кыргыз тилин чала-моңол билген “аткаминер адистер” эмес, Сулайман Кайыпов, Кадыралы Конкобаев, Сыртбай Мусаев, Гүлзура Жумакунова, Эсенбай Нурушев, Таалайбек Абдиев, Жеңиш Чыманов, Буназарат Гайыпова сыяктуу адистер, алардан тышкары да көп тил билген башка кыргыз тилдүү сөздүкчүлөр, диалектологдор, түркологдор, тарыхчылар, Чоробек Сааданбек сыяктуу маалымат технологиясынын устаттары жана башка полиглот адистер камтылышы ылаазым деп ойлойбуз.

Ошол маселелер чечилсе, анда бүткүл Кыргызстандагы жер-суу аталыштарын жана киши ысымдарын кыргызча кирил жана латын ариптеринде бирдей жазуу мүмкүнчүлүгүн алаар элек (ал эми кыргыздын араб арибинде эч өксүк жок, азыркы тапта Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда реформаланган араб алфавити кыргыз тили үчүн мыкты кызмат кылып жатат).

Постскриптум.

Латын ариби аркылуу орус тыбыштарын чагылдыруу маселеси эч кандай саясатташтырылбастан эле өткөн кылымда чечилип, бул тыбыштарды латынча жазуу бирдиктүү системага салынган. Аны “Википедиядан” эле окуй аласыздар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG