Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Улут коркунучу: мектеп курбасак, түрмө курабыз


Бакытбек Абдуллаев.
Бакытбек Абдуллаев.

Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана мектептердеги окутуу шарттары тууралуу Бакытбек Абдуллаевдин блогу.

Сөз мындай. Кайсы бир артисттин үйлөнгөнү, мушташканы же ажырашканы тууралуу бир канча күн бою сөз кылып жатып калабыз. Чынбы? Ал эми коомдун келечегин аныктаган олуттуу билим берүү же мектептер маселеси кимди кызыктырат?

Күз келип, бир депутат айткандай, көпкөндөрдүн той сезону башталды. Өзүбүз уюштуруп, өзүбүз эле катышып, өзүбүз эле жеңип, өзүбүз эле мактанган мамлекеттик деңгээлдеги алты күндүк чоң тойду байлардай өткөрдүк. Эми сизге тааныштарыңыздан тойлорго чакыруу келе баштайт. Той болгону, албетте, жакшы деңизчи. Тойдо элден бата алынат, карым-катнаш, тынчтык, биримдик бекемделип, маанай көтөрүлөт. Бирок ошол эле учурда акыйкатсыздык, коррупция, жумушсуздук, кылмыштуулук, диний экстремизм токтобой жатат. Интернетти ачсаң эле үрөйдү учурган окуялар, кылмыштуулук, кырсык жөнүндө кабар окуйсуң. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөндөн кийин эле Москвадагы мекендештердин кандуу окуясы катталып, зээн кейитти. Кыргыздын күндеми сабатсыздыктан чыккан маселелер болуп калды.

Коомдун абалын жакшы билүү үчүн “маргинал” институттар деп аталган карылар үйү, балдар үйү, психиатриялык оорукана, түрмөлөрдү караш керек экени айтылат. Түрмөлөрдү эле алып карайлы. Кыргызстандагы 30 абакта жалпысынан 10400 киши өз жазасын тартып жатат экен. Ар 100 миң кишинин 167си түрмөдө. Жыл сайын бул көрсөткүч 3% (300 киши) өсүп, бул жылда дагы бир түрмө салыш керек дегенди билдирет. Анткен менен быйыл Жаза аткаруу мамлекеттик органдарында жазасын аткаргандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 800 кишиге өскөн.

Бул коркунучтуу сандар кайдан келип чыкты деп ойлоп жатсаңыз керек. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 2017-жылдын алты айында 461 катталса, 2018-жылдын алты айында 955ке өсүп, эки эсе көбөйүп кетиптир. Бул маалымат өкмөттүн эле жыйынында айтылган. Өспүрүмдөрдүн кылмышка аралашуусунун себептери катары өлкөдөгү социалдык экономикалык абал, адеп-ахлак, ата-энелеринин ажырашуусу жана миграцияга кетип, алардын мээриминен куру жалак калуу, үй-бүлө институтунун деградацияга учурашы белгиленген. Азыркы өспүрүмдөр деги эле кылмышка аралашкандар 1990-жылдары көңүл бурулбай калган билим берүү системасынын жана үй-бүлө институтунун “өндүрүмдөрү”.

Герман саясатчысы Отто фон Бисмарк 19-кылымда “Мектеп салбасаң түрмө салганга туура келет” деп таамай айтыптыр. Фин криминологдору “Эң мыкты кылмыш-жаза саясаты - мыкты социалдык саясат жүргүзүүдө жатат” дешет. Жазаларды катаалдаштыруудан кылмыштуулук азайып кетпешин белгилешет. Түрмөгө каражат жумшагандан көрө билим берүү, социалдык иштер, үй-бүлө институтуна колдоо көрсөтүлсө кылмыштуулук азаярын далилдешкен. Финдердин бул сунушу 1970-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Криминология Декларациясына кирген. Бул өлкөдө 100 миң кишиге карата абакта жаткандардын саны 57 киши болгону да билим берүү системасынын натыйжасы десек болот. Билим берүү системасы жакшы болгон, мыйзамдуулук сакталган өлкөлөрдө кылмыштуулук да, түрмөдөгү адамдардын саны да аз болоруна Финляндия үлгү. Мектеп окуучуларынын деңгээлин текшерген PISA сынагында Финляндия дайыма алдыңкы 1-3-орундарды ээлеп жүрөт. Кыргызстан 2009-жылы акыркы орунду алгандан кийин катышпай келет. Министр айымдын айтышы боюнча 2024-жылы катыша баштайбыз.

Билим берүүнүн көйгөйлөрүн чечпесек, эртең кейибешибиз керек

Өткөн апта Булан институту президентке аябай талылуу маселе, тагыраак айтканда, мугалимдердин жана билим берүүнүн көйгөйлөрү Коопсуздук кеңешинде каралышы боюнча кайрылды. 2017-2018-окуу жылында 1-класска 141 миң бала барса, 2018-2019-окуу жылында бул сан 150 миң болду. Калктын саны өсүп жаткандыктан былтыркыга караганда 10 миңдей бала көбүрөөк мектепке бара баштады. Бишкек, Ош жана чоңураак шаарлардагы кээ бир мектептерде бир класста окугандардын саны 50-60ка жетүүдө!!!

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Министрлик билдиргендей, көйгөй чечилиши үчүн 600дөй мектеп курулушу керек экен. Өлкөдөгү 2262 мектептин 202синин имараты жараксыз экен. Имараты жараксыз мектептин окуучулары коңшу айылдарга каттап окушат же айылдагы турак жайлар мектеп катары пайдаланылып келет. Кээ биринде чатырда, боз үйдө окушат.

Чындыгында коопсуздугубуз ушул мектептердин көйгөйүн чечүүдө жатат. Түшүнгөн адамга абал кооптуу. Улут коркунучта! Мектептер ачылганына бир апта болду. Бирок жанагы чоң тойдун айынан анчалык резонанс деле жаратпагандай. Болбосо 80 миң мугалимди, өлкөнүн калкынын бештен бирин түзгөн 1,3 млн. баланы кызыктырган, өзүбүздүн келечегибизге тиешелүү маселени күнү-түнү талкуулашыбыз керек эле!? Мектептер ачылган убакта талкуулабай анан качан талкуулайбыз? Муну чечпесек эртең-бүрсүгүнү кейигенибиз бейпайда.

Бюджеттен бөлүнгөн акча көбөйүүдө бирок...

Мамлекеттик бюджеттин 21-25% (быйыл 28 миллиард сом) билим берүүгө бөлүнүүдө. Өнүккөн OECD өлкөлөрү менен салыштырганда үмүт берген жакшы көрсөткүчтөй. Себеби аларда билим берүүгө орточо 5,2% бөлүнөт. Анткен менен, медалдын башка бети бар. Жыйынтык кантти? Глобалдык экономикада өзүбүз менен эмес, дүйнө менен жарышабыз. Дүйнөлүк эконономикалык форумдун былтыркы атаандаштык боюнча рапортунда билим берүү системабыздын сапаты 106-орунда.

Ресурс көбөйүүдө, бирок дүйнө менен ортобуздагы ажырым азайбай жатат. Ага улай жаңы эле салынган мектеп имаратынын сапаты бир жылга жетпей тамтырагы чыккан учурлар жок эмес. Оштогу Назарбаев мектебинин абалы маалым. Ошону эске алдыбы, билбейм, өзбек туугандар биздин чиновниктерге ишенбей, Оштогу А.Навои мектебин сонун кылып өздөрү салып берди.

Мектептердин курулушуна кеткен каражат Бишкектеги элиталык үйлөрдүн м2 баасынан кем калышпай жатканычы? Бишкектеги элиталык үйлөрдүн наркынын 30% жерди сатып алууга кетерин курулушчулар айтып келишет. Бирок мектептердин жерин мамлекет бекер берсе деле элиталык үйлөрдүн наркын чапчып калганы мектеп салынышында чоң коррупция бар экенине далил.

Бөлүнгөн акча жетиштүү эмес

Негизи бир окуучуга жумшалган жылдык каражат канча? Мамлекеттик бюджеттен билим берүүгө бөлүнгөн 28 миллиард сомду окуучу башына бөлгөндө 500 долларга араң жетет. Мисалы, АКШда ар бир окуучунун окуусуна орточо 10 700 долларды, Түштүк Кореяда бул сумма 8 000 долларды түзөт.

Калктын саны өсүүдө. Мектеп босогосун аттаган балдардын саны көбөйгөн сайын билим берүүгө сумма да артышы керек. 5% акча бөлгөн өлкөлөрдүн окуучулары үчүн жетиштүү болушу мүмкүн, бирок биз ортодогу ажырымды азайтыш үчүн дагы да көбүрөөк акча бөлүшүбүз керек. Өлкөнүн келечегин ойлосок бюджеттен башка булактарга кеткен акчаны азайтып, билим берүүгө акчаны көбөйтүү зарыл.

Финляндиянын билим берүүдөгү ийгилигинин сыры 1990-жылдардагы бюджеттен билим берүүгө бөлүнгөн каражатты эки эсе көбөйтүп, башка тармактардын каражатын азайткан. Алардын бүгүнкү үлгүлүү абалы ошондон. Эч бир керемет өзүнчө эле ортого чыгып калбайт.

Мектеп имараты же компьютер эмес, мугалим

Албетте бардык нерсе акчада, имаратта же технологияда эмес. Буга чейинки билим берүү тармагындагы изилдөөлөрдүн талашсыз чындыгы: билим берүүдөгү ийгиликте негизги фактор ти - мугалимдин сапаты! Килейген имараттар же акыркы технология менен жабдылган класстар мугалимсиз ийгилик алып келбейт. Маанилүүсү - мугалимдик кесипке энтузиазм менен берилген, кадырланган кадрларды даярдоо.

Азыркы күнү ЖРТдан жогорку балл алган канча абитуриент атайын мугалимдикти тандайт? Бармак санынчалык чыкса кубанычтуу болмок. Мугалимдерибиздин орточо курагы канча болду? Мугалимдер жетишсиз дегенибиз менен үч миңдей мугалимди жумуштан чыгарууга чечим чыкты.

Нарындагы мектептердин бири.
Нарындагы мектептердин бири.

Жакында эле "Твиттерде" Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин “Эгер өлкөнүн келечегин билгиң келсе, анын мектептерин кара” - деген сөзүн окуп калдым. Ал президент болуп келгенде мугалимдин айлыгы 35 доллар, орточо жаш курагы 55 жаш болгон экен. Президенттиктен кетип жатканда мугалимдин орточо айлыгы 650 доллар болуп, жаштардын көпчүлүгү мугалим болууга аракет кыла башташканын айтат.

Билим берүүнү да артисттердин тоюндай талкуулайлычы

Өлкөбүздө жеке мектепке барган окуучулардын саны аз эле. Алар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй сапаттуу билимдей эле билим алып жаткандыр. Бир класста 26дан ашык бала окубайт. Бирок алардын саны 1,3 млн. окуучунун 2-3% араң түзсө түзөт. Бул деңиздеги тамчы сымал да. Дүйнө менен атаандашуу үчүн керектүү жөндөмдөрдү өнүктүргөндөн алыс билим берүү системабыз иштеп атат. Бул маселеде көп талкуу уланышын каалайт элем.

Артисттердин тойлорундай апталап талкуулап жатып калсак экен. Өзгөчө, өкмөттүн күн тартибинен кетпесе экен. Азыркы министрди эле күнөөлөп койбосок экен. Бул эгемендиктен бери топтолуп калган маселе экенин аңдысак экен. Буга кейигендер кудайга шүгүр жок эмес. “Балдарыбызды дүйнө менен атаандаштыкка кантип даярдайбыз?” деп чара издеш үчүн акчадан мурун өзүбүз баш отубуз менен киришишибиз керек.

Мамлекет кылыч менен багындырылат, бирок калем менен башкарылат

Биз көңүлдү куралдуу күчтөргө бургандайбыз. Бирок негизги көңүл бурула турган мугалимдер, мектептер, окуучулар болушу керек эле. Күч органдарынын өкүлдөрүнө үй салынганын кабарлардан көп окуйбуз. Бирок мугалимдерге үй салынганын эч эле уга элекмин. Туура, күч органдары кылмыштуулук менен күрөшүп, мекенди коргоодо. Алар деле адам, алар деле социалдык коргоого муктаж. Бирок кылмыштуулуктун себеби билим берүүнүн начардыгынан чыгып жатат да. Биз оорунун себеби менен эмес, анын симптомдору менен күрөшүүдөбүз. Мектептерден билимдүү, тарбиялуу жаштар чыкса кылмыштуулук өзүнөн өзү азаят эле.

Булардын баарынан кийин коомчулуктун көзү бир жыл мурун шайлоо өнөктүгүндө мугалимдердин айлыгын көтөрөм, билим берүү тармагына көңүл бурам деген президент Сооронбай Жээнбековдун реалдуу кадамдарга өтүшүнө убакыт келди. Башка саясатчыларга окшоп, кайра шайланбай калам деген кайгысы да жок.

Билим берүү тармагына олуттуу карап, абалды критикалык көз караштан талдап, ал боюнча кенен түшүнүккө ээ болуп, чечкиндүү кадамдарга барышы күтүлөт. Ошондой эле саясатчылар да, коомдогу көйгөйлөрдүн түп тамыры билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечмейинче улут коркунучта экенин түшүнөт деп үмүт кылам.

Ал эми мен, сиз, биз, жөнөкөй калк эмне кылышыбыз керек? Аны кийинки жазганымда улантам.

Бакытбек Абдуллаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG