Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:14

Мектепке даярдык класстарына кирүүдө Бишкектеги айрым орто мектептер балдарды сынактан өткөрүшүүдө. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана алардын кийинки билим алышына пайдасы тиеби?

"Арай көз чарай" талкуусуна билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперт Айгүл Камалова жана Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов жооп беришти.​

"Азаттык": Бизге беш жаштагы кызын даярдоочу класска киргизип жаткан угарман кайрылды эле. Анын кызы мектепке кириш үчүн атайын сынактан өтүшү керек экен. Сынакта аты-жөнүнөн тартып дүйнө таанымга, сөз байлыгына тиешелүү бир топ суроо камтылган. Эгер баладан ушундай билим талап кылынса, мектеп эмнени окутат?

Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

Надира Жусупбекова: Даярдоо класстарына балдар эч кандай сынактан өтпөй эле бара алышат. Биринчи кезекте ошол мектепке жакын жайгашкан микроучастоктордогу балдарды биздин кызматкерлер каттоого алышат. Бул иш Бишкекте жыл сайын болот.

Өзү жашаган аймактагы мектепке сынаксыз кирүүгө ар бир бала укуктуу. Анан ар бир мектеп өзү кабыл алып жаткан баланын дүйнө таанымын, башкалар менен байланыш түзө алабы-жокпу, текшере алат. Бирок ошол текшерүүнүн натыйжасында "билими жок экен же "тигини-муну билбейт экен" деп окууга албай койгонго болбойт.

Мындай текшерүүлөрдүн максаты - кийин бала менен иш алып барууда анын жеке өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылып, окуу планын иштеп чыгуу. Бирок баланы кыйнаган ашыкча суроолор берилбеши керек. Эсеп чыгартып же бир сөздүн "синоним, антонимин тап" деген туура эмес.

"Азаттык": Бул сыяктуу кабыл алуу сынактарындагы суроолор, коюлуп жаткан талаптар бала окуй баштаганда анын билимин тереңдетүүгө өбөлгө түзөбү? Эгерде мектеп окууга даяр баланы талап кылса, анда эмнеге "даярдоо" класстары ачылып жатат?

Айгүл Камалова.
Айгүл Камалова.

Айгүл Камалова: Азыркы тапта мектепке чейинки билим берүүдө абдан чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Себеби, буга чейин же азыр деле көптөгөн ата-энелер "баланын тили чыккандан кийин же 5-6 жашында гана мектепке даярдаш керек" деген ой менен жашайт. Бирок баланы канчалык эрте өнүктүрсөк, анын билимдеги ийгилиги ошончо бийик болот.

Маселен, бала түйүлдүк кезинде, алты ай болуп калганда эле акыл-эсин өнүктүрүш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр башталат. Дүйнөлүк изилдөөлөргө таянсак, тогуз айлык кезинде маалыматты кабылдоо мүмкүнчүлүгү эң жогорку деңгээлге жетет. Төрөлгөндөн баштап бала менен сүйлөшүп, аны өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Кийин бешке же алтыга чыкканда мектептен "Канча мезгил бар?" же "Фигураларды тап" деген суроолор, эгер туура өнүксө, жөнөкөй болуп калат. Мектепке даярдоо программалары Кыргызстанда балдар бакчалары толук иштебегендиктен улам айла жок киргизилип жатат.

"Азаттык": Балдарды тарбиялаш үчүн ата-энелерге керектүү окуу куралдары, китептер жетиштүү деңгээлде чыкпай жатканы дайыма эле айтылып келген. Билим берүүчүлөр ата-энелерден талап кылып жатса, алар колдонуучу окуу каражаттары бизде жетиштүүбү? Кыргыз тилинде наристелерге китеп, журналдар аз эмеспи?

Алмазбек Токтомаметов.
Алмазбек Токтомаметов.

Алмазбек Токтомаметов: Алгач мен жогоруда талкуууланып жаткан маселеге оюмду кошкум келип жатат. Даярдоо класстары бизде бакчалардын жетишсиздигинен улам 2006-жылдан бери киргизилген. Алгач 100 сааттык болсо, 2012-жылы "бул аз" деп 240 саатка көтөргөнбүз. 2015-жылдан бери 480 сааттык кылып, убактысын бир жылдык кылдык.

Мен жаңы эле мектеп босогосун аттаган баланы "суракка алууга" караманча каршымын. Мурда эч бакчага барбаган, үйүндө отурган баланы партага отургузуп алып сынактан өткөрүү туура эмес. Ооба, "деңгээлин аныктоо" деген нерсеге кошулам. Бирок баланы мектепке көндүрүп, бир нече күндөн кийин гана акырын сурап, тактап алууга деле мугалимдер жетишет.

Даярдоо классындагылар мектептегидей партага отурбай, өзүн эркин сезип, оюн түрүндө программаны үйрөнүшү керек. Тилекке каршы, бакчага бара албаган балдар кандай китепти окуп жатканын айта албайбыз. Ата-энелер аларга сатып береби же жокпу - эми жеке иштери. Мектептеги даярдоо классына киргендеги 480 саатка ыңгайлашкан окуу куралдары азыр бизде жетиштүү. Окуу программасы, ага тиешелүү окуу китептери жана үйдөн окуй турган 16 китеп чыгарылган.

"Азаттык": Анда ата-энелер менен мектептин ортосундагы түшүнбөстүктөр мугалимдердин кесиптик деңгээли начардыгынан келип чыгып жатабы?

Бактылуу эненин баласы жолдуу

Ата-энелердин бардыгы эле балдарынын мыкты билим алып, мектепте, жашоодо алдыңкылардан болуусун тилейт эмеспи. Айрыкча акыркы мезгилде балдарын түрдүү ийримдерге алып баргандардын саны да кескин көбөйдү.

Надира Жусупбекова: Биринчиден, даярдоочу класстардын мугалимдери адистигин жогорулатуучу курстардан өтүшөт. Аларга тийиштүү окуу куралдары таркатылып, класстары атайын көрсөтмө материалдар менен жабдылып жатат. Маселен, башталгыч классты окуткан мугалим даярдоо классына ойдогудай сабак өтө албайт да. Ушундан улам биз атайын адистердин командасын окутуп жатабыз.

Айгүл Камалова: Кыргызстанда ата-энелердин көпчүлүгү баласына билим берүүгө умтулат. Бирок дал ушул умтулууда да биз ката кетирип жатабыз. Маселен, билимге жумшалган инвестицияны биздин көпчүлүк ата-энелер университеттин 30-40 миң сомдук келишим акчасын төлөө деп түшүнөт. Бирок ошол эле "2-3 жаштагы балага 500 сомдук түстүү карандаш же китеп сатып бергилечи" десе баш тарткан ата-энелер четтен чыгат. Тескерисинче, бала кичине кезинде аз суммадагы инвестиция жумшоо менен баланын келечектеги терең билимге ээ болушун камсыз кылса болорун азыр коомго жеткиришибиз керек.

Баланын энесин туура багытташыбыз керек. Маселен, азыр биз ар бир баланын өнүгүү картасын сунуш кылып жатабыз. Ал картада жаңы төрөлгөндөн баштап, мектепти бүткүчө бардык психологиялык жактан, денесинин да өнүгүшүндөгү ар түрдүү жагдайлар жазылышы абзел.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Мектепке барчу баланын мээнети
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:28 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG