Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

"Билим үчүн азык" долбоору 2021-жылга чейин узарды


Базар-Коргондогу мектеп күнөсканасы.
Базар-Коргондогу мектеп күнөсканасы.

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча балдардын 43 пайызы аз кандуулук менен жабыркайт. Адистер мунун башкы себеби кенже жаштагы балдардын туура эмес тамактанышы экенин айтышат.

2012-жылдан бери АКШнын Айыл чарба департаментинин "Билим үчүн азык" аттуу долбоору "Мерсико" эл аралык кайрымдуулук уюмунун катышуусунда ишке ашып, 32 миңден ашык башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Бул долбоор эми 2021-жылга чейин да уланмакчы.

Өлкөдөгү жалпы 2236 мектептин 1146сында азыр башталгыч класстардын окуучулары үчүн айыл өкмөттөр, ата-энелер жана эл аралык уюмдар бир маал ысык тамак уюштуруп жүрүшөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева расмий маалымат берди.

АКШнын Айыл чарба департаменти менен "Мерсико" кайрымдуулук фондунун долбооруна кирген мектептерде ар бир балага күн сайын микроэлементтер менен байытылган 50 грамм ун, 10 грамм күрүч, 5 грамм буурчак жана 5 грамм өсүмдүк майы менен ар түрдүү тамак-аш даярдалууда.

Саламаттыгы начар балдар көп

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 43 пайыздан ашыгы аз кандуулук менен жабыркайт. Бала бакчадан жана мектептин алгачкы жылдарында баланын азыктануусун туура багытка буруу менен анын саламаттыгын да оңдосо болорун саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин белгиледи:

- Тилекке каршы, мектепти бүтүрүп жаткан окуучулардын арасында өнөкөт ооруга чалдыккандар көп болуп атат. Анемия менен ооругандар, дене түзүлүшү толук жетилбей калгандар арбын. Айрымдары ичеги-карын, ашказан ооруларына чалдыгып жатышат. Мунун баары мектеп жашындагы баланын тамактануусу талаптагыдай болбогону үчүн келип чыгат. Бул программа мектеп окуучулары менен бакча жашындагы наристелердин тамактанышын жакшыртат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү азыр эле айтты, алдыдагы төрт жылда бул багытта бир жарым миллион доллар берилет экен. Бул акчага бизге азык-түлүк алынып келет. Мындан тышкары, мектептердеги ашканалардын жабдуулары жаңыланып, санитардык нормага шайкеш ашканалар уюштурулат. Ошондой эле мектептердин, бакчалардын ашпозчуларына туура тамак жасоону үйрөтүшөт. Эң негизгиси - долбоор биздин балдарга мектеп партасынан эле туура тамактануу маданиятын үйрөтөт.

Туура тамактануу маданияты эмгек аркылуу окутулууда

Витаминдүү жашылча-жемиштер дээрлик өспөгөн бийик тоолуу Ак-Талаа районунун Жерге-Тал мектеби балдарга ысык тамак уюштуруу жаатында бир топ кыйынчылыктарга учурап келгенин мектеп директору Нарынкүл Асаналиева айтып берди:

Балдар витаминдүү азыктансын деп мектептин артына атайын бакчаларды уюштурганбыз. Ал жакка картөшкө, сабиз, кызылча жана көк таттарды эгип, балдар отоп, сугарып кам көрүүдө.

- Биздин мектеп айылда ашар жолу менен курулган. Ашканасы жок, ашпозчуларыбыз айласы кеткенде кадимки эле үйдө тамак жасаган мештерге нан жаап, ботко кайнатып, артынан компот кайнатып жатышат. Эми "Мерсико" долбоору бизге заманбап ашкана куруп бермек болду. Албетте, бул биздин ишти оң жолго салат. Мындан тышкары, балдар витаминдүү азыктансын деп мектептин артына атайын бакчаларды уюштурганбыз. Ал жакка картөшкө, сабиз, кызылча жана көк таттарды эгип, балдар отоп, сугарып кам көрүүдө. "Сабиз жесеңер боюңар узарат" деп балдарга туура тамактанууну үйрөткөнгө аракет кылып жатабыз.

"Билим үчүн азык - балдардын тамактануусу" программасы 2012-жылы башталган. Ошондон бери 481 бала бакчадагы 50 миңден ашык балага, 154 мектептеги 32 миңден ашык окуучуга бир маал витаминдерге байытылган тамак-аш уюштурулду. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбор Азия маселелери боюнча бөлүмүнүн директору Скотти Рейд Кыргызстанда бул долбоор 2021-жылга чейин уланарын билдирди:

- Жетиштүү тамактанууга ар дайым талап бар. Ушундан улам алгач эле бул ишке киришкенде анын узак мөөнөттүү экенин билгенбиз. Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүздүн талабы жана колдоосу менен дагы төрт жыл жергиликтүү жеткинчектерге витаминге байытылган азык-түлүк менен тамактанууга шарт түзөбүз. Билим берүү министрлиги жана саламаттык сактоо органдары менен кошо долбоорго кирген балдардын саламаттыгын, алардын туура тамактануудан кийинки акыбалын көзөмөлдөп, ошого жараша кийинки иш планыбызды түзүп турабыз.

Арзан азыктан да көп витамин тапса болот

"Мерсико" уюмунун сөз болуп жаткан долбоорунун директору Назгүл Абазбекова азык-түлүк менен ашканага керектүү буюмдарды мектептерге, бала бакчаларга берүүдөн тышкары ашпозчуларды, ата-энелерди, балдарды туура тамактанууга үйрөтүүчү тренингдер да болорун, жөнөкөй, арзан азыктардан баланын жетилүүсүнө керектүү заттарды табууга мүмкүн экенин белгиледи:

Мисалы, бала эт жесе артынан чай ичпей, алма же апельсин жеши керек.

- Биздин балдардын диетасында С, В (Б), А витаминдери жетишпейт. Маселен, А витаминин бойдун өсүшүн шарттайт, С витамини болсо денеге микроэлементтерди туура сиңирет. Темирге бай азыктар жетишсиз. Мисалы, бала эт жесе артынан чай ичпей, алма же апельсин жеши керек. Ушунун баарын атайын тренингдерде адистерге үйрөтөбүз. Балдардын 43 пайызы азыр аз кандуулук менен жабыркайт. Ушундай көрсөткүчтөрдөн улам Улуттар Уюму түзгөн ачка өлкөлөрдүн картасында турабыз. Ата-энелерге да туура маалымат берүүнү көздөп жатабыз. Мыкты азык сөзсүз эле кымбат турбайт. Маселен, эң эле арзан ашкабакты алсак, ал өсүп келе жаткан балага керек болгон бардык витаминдердин казынасы эмеспи.

2018-2021-жылдар аралыгында "Мерсиконун" долбоору менен Кыргызстандагы 430 мектептин башталгыч класстарындагы 86 миңден ашуун балага ысык тамак уюштурулат. Жалпы суммасы 1,5 миллион доллардан ашык жардам көрсөтүлүп, айрым мектептердин ашканасы, дааратканалары толук оңдолуп, санитардык-гигиеналык шарт түзүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG