Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Оштогу орус мектептери үмүттү актаган жок


Оштогу Макаренко атындагы орто мектеп. 7-август, 2018-жыл.
Оштогу Макаренко атындагы орто мектеп. 7-август, 2018-жыл.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы уюштурган рейтингде эл ишенген орус тилдүү мектептерде билим сапаты күтүлгөндөн кыйла начар болуп чыкты.

Тескерисинче элге анча белгилүү эмес, окуучуларынын саны аз, лицей, гимназия дегендей артыкча макамы жок, жөнөкөй мектептердин сапаттык көрсөткүчү кыйла жакшы экени аныкталды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы буга чейин негизги төрт багыт боюнча шаардагы 55 мектептин арасында атайын изилдөө өткөргөн. Мунун жыйынтыгы менен Ош шаарындагы популярдуу болуп жаткан Киров, Ломоносов, Макаренко сыяктуу орус тилдүү мектептерде билимдин сапаты чеке жылытарлык эмес экени ачыкка чыккан.

Алсак, Мамытов орто мектебинин ЖРТдан алган орточо упайы - 160. Киров атындагы гимназия мектеби -127, Ломоносов атындагы гимназия -129, Макаренко атындагы гимназия мектеби -123, Керме-Тоо атындагы гимназия-125, Нышанов-118, Калинин-85, Нариман- 130 упай топтогон. Ал эми өзбөк тилдүү гимназия мектептердин ЖРТдан алган орточо упайы 110 баллга да жетпей калган.

Киров атындагы орто мектеп. Ош. 7-август, 2018-жыл.
Киров атындагы орто мектеп. Ош. 7-август, 2018-жыл.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Тынчтыкбек Бекташев шаардагы "гимназия", "лицей" деген макамы бар мектептер үмүттү актабай жатканы эми даана билингенин айтты:

- Кайсы бир мектепти сыртынан карап эле жактырып же жактырбай коюу ар кимдин эле колунан келет. Биз мектептердеги билим сапатын реалдуу баалаш үчүн мектеп директорлору катышкан коллегияда олимпиадалык, сандык көрсөткүчтөр жана директорлордун материалдык базасын жакшыртуу багытында 28 критерий менен изилдөө жүргүздүк. Изилдөөгө мектептер өздөрү көрсөткөн бардык маалыматтар кирген. Бул рейтингде билимдин сапаты боюнча шаар четиндеги Жолон Мамытов атындагы чакан мектеп алдыга озуп, 2-орунга чыгып калды. Ал эми элдин баары мактап жаткан ири мектептер ортоңку катардан орун алса, айрымдары артта калган. Изилдөөнүн жыйынтыгы баарыбыздын көзүбүздү ачкандай болду.

Бекташевдин айтымында, “гимназия”, “лицей” деген өзгөчө макамы бар мектептерге предметтик сабактар боюнча уюштурган ийримдери үчүн мамлекет 15% кошумча маяна төлөп берет экен. Ага карабай, окуучусунун саны 2,5-3,5 миң болгон мектептер сапат жагынан чакан мектептерден артта калган. Маселен, Оштогу Киров, Макаренко, Ломоносов, Раззаков өңдүү эл оозундагы мектептер алдыңкы үч орунга илинбей калышты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов эл арасында популярдуу болуп жаткан орус тилдүү мектептердеги начар көрсөткүчтү андагы окуучулардын көптүгү менен түшүндүрдү:

Авазбек Асанов.
Авазбек Асанов.

- Биздеги ата-энелер "менин балам Кировдо окушу керек, Макаренкодо окушу керек" деп эле догуруна беришет. Бирок бир класста 55-60 окуучу болсо, мугалим андан эмне чыгарышы мүмкүн? Бир класста 25-30 окуучу окуган тайпа менен 55-60 окуучу окуган тайпанын ат менен төөдөй айырмасы бар. Мисалы, Жолон Мамытов атындагы орто мектептин класстарында 25тен окуучу бар. Өз кесибин сүйгөн мугалим үчүн бул жыргал да. 25 окуучуга тапшырма бере алат, 25 окуучуну сурай алат. Класстан тышкары кошумча да иштей алат. Шаардын борборундагы мектептердин көйгөйү ушул.

Деген менен азырынча шаар четинде жайгашкан, окуучусу аз мектептердин баарында эле билим сапаты оңолуп кете элек. Учурда бир гана Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жайгашкан Жолон Мамытов мектебинде билимдин сапаты жакшы экени айтылууда. Ага карабай шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов быйылкы окуу жылынан тартып, 1-класска бир тайпага элүүдөн ашык окуучу кабыл алууга каршы чыгарын айтты:

- Мен быйыл 1-класстарды кабыл алууда "бир тайпага элүүдөн ашык бала кабыл албаш керек" деп талап коем. Ким эмне десе ошо десин. Айрыкча кыргыздарда тууган-урук көп. Түрдүү кайрылуу, сурангандар болот. Ага карабайм. Экинчи жагынан, мен башкармалыктын башчысы катары 1-класстарды кабыл алуу менен алектенбешим керек. Ошого карабай, азыр сөз болуп жаткан шаардын борбордук бөлүгүндөгү төрт-беш мектептин 1-класстарды кабыл алуусуна кийлигишкенге аргасызмын.

Шаардык билим берүү башкармалыгы өткөргөн рейтингде шаар тургундары арасында көп деле оозго алынбаган, шаар четинде жайгашкан, 560 гана окуучусу бар Жолон Мамытов атындагы орто мектеп билимдин сапаты боюнча 55 мектептин ичинен 2-орунга чыкты.

Менчик мектептердин баасы жана билими

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Ал мектептин былтыркы бүтүрүүчүлөрү улуттук тесттин босого баллынан толук өткөн. ЖРТнын жыйынтыгында мектептин орточо көрсөткүчү 165 баллга жетиптир. Мамытов атындагы орто мектептин директору Диляра Айтиева балдарды тандап кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болгондо жыйынтык мындан да жакшы болмок деп эсептейт:

- Жолон Мамытов атындагы биздин мектеп жөнөкөй эле. Гимназия, лицей деген статусу жок. Окуучуларды тандап алып окутуу мүмкүнчүлүгү жок. Мен ошол Төлөйкөн айылында басып жүргөн баланын баарын алып окутууга милдеттүүмүн. Айрым мектептер олимпиадага балдарды жөндөмүнө жараша тандап алып окутууга мүмкүнчүлүгү бар. Көпчүлүгүндө жанаша окуган төрт класстан эң мыкты окуган бир окуучуну тандап, олимпиадага жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Менде болсо бир класстагы 25 окуучунун ичинен он окуучуну он сабак боюнча олимпиадага тартышым керек. Бизде тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Бирок аракет кылып жатабыз.

Ош шаардык мэриясы бир класска элүүдөн ашык окуучу кабыл алууга тыюу салган токтом чыгарган. Бирок ал токтом кагаз бетинде калып, иш жүзүндө айрым мектептерде бир класска алтымышка чейин окуучу кабыл алынып келет. 2017-2018-жылдагы окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мамлекеттик мектептери алтын сертификаттын саны боюнча тоолуу Ат-Башы районунан да артта калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG