Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:31

Мектепке жакын, илимден алыс министр


Гүлмира Кудайбердиева.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри тууралуу "тармакты башкара албай жатат" деген сындар көп айтыла баштады. Министрди сындагандар билим берүү тармагында реформа ишке ашпай жатканын, буга жетекчинин түздөн-түз тиешеси бар экенин жүйө келтирип жатышат.

Гүлмира Кудайбердиеванын ысымы коомчулукка 2015-жылы ал социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалганда кеңири белгилүү болду. Негизи анын дарегине сын ал министр болгондон кийин күчөдү.

Аны сындагандардын бири - мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев. Ал акыркы он жылдан бери билим берүү министринин кызматы партиялардын арасында бөлүштүрүлүп, иш билги кадрлар келбей жатканына жана мекемени илимий даражасы жок кишилер жетектеп келатканына нааразы:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- Акыркы он жылдан бери билим берүү системасына президент, премьер-министрлер жакын адамдарын коюп, эрмек кылчу жайга айландырып алышты. Ошондуктан биз азыр чоң системалык кризисте турабыз. Өзүңүздөр ойлонуп көрсөңүздөр, билим берүү системасы деген эмне? Бул илимпоз, билимдүү, интеллектуалдардын жумушу. Себеби, ошондой даражага жетип, касиетке ээ болгон адамдар гана билим берүү тармагында иштеши керек. Ал эмне менен өлчөнүп бааланат? Ал окумуштуунун илимий даражасы менен бааланат. Жасалма илимпоз эмес, чыныгы күчтүү илимпоздор, чыныгы уюштуруучулар болгондо гана... Ар бир мектеп болобу, бала бакча болобу, анын лидери бардык жагынан жамаатта үлгү болушу керек. Тазалыктан да, билим берүүдөн да. Акыркы жылы, Атамбаевдин заманында КМШда эмес, дүйнө жүзүндө биринчи болуп эч кандай илимий даражасы жок кишилер министр боло баштады. Мисалы, Канат Садыков илимдин кандидаты, анын жада калса доценттиги жок болчу. Анан ал академиктерди, илимдин докторлорун башкарды. Андан кийин министр болуп келген Элвира Сариева өмүрүндө мектепти, бала бакчаны көздөй басып барган эмес. Программа менен окуу планынын айырмасын билбейт. Азыркы министр Гүлмира Кудайбердиева өмүрүндө бир илимий макала жазган эмес. Каяктагы сержант келип, генералдарды башкаргандай болуп атат да.

Гүлмира Кудайбердиеванын эмгек тажрыйбасына үңүлсөк, анын илимий даражасы жок. Ал 1966-жылдын 23-сентябрында Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарында төрөлгөн. Педагогикалык институтту орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. Кийинчерээк Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен “юриспруденция” адистигин алган. Эмгек жолун 1988-1989-жылдарда Фрунзе шаарынын №20 орто мектебинин мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Кийин он беш жыл бою медициналык окуу жайында окутуучу болуп иштеген. Бул иши менен кошо 1994-2000-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинде жетектөөчү адис, кийин башкы адис болгон.

2000-жылы Азия өнүктүрүү банкынын “Билим берүү системасын өнүктүрүү” долбоорунун жергиликтүү консультанты катары эмгектенген. 2000-2002-жылдарда Жогорку Кеңештин аппаратында депутаттын жардамчысы, 2002-жылы парламенттин мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болсо, 2005-2008-жылдарда Бишкек шаарынын Октябрь районун билим берүү борборун, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгын жетектеген.

2010-жылы өкмөткө өтүп, билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, андан соң кыска мөөнөттө президентке караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, ошол эле жылы президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал 2015-2016-жылдарда социалдык блок боюнча вице-премьер-министр, 2016-жылы декабрдан тартып билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келет. Кудайбердиева 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчи. Өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Гүлмира Кудайбердиева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шопуру, кийин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмиянов менен жердеш экени белгилүү.

Билим берүү чөйрөсүндөгүлөрдүн арасында министр мектептен эле келип, "жогорку окуу жайларынын ишин жакшы түшүнбөйт" деген сын да бар. Мурдагы министр Каныбек Осмоналиев жетекчилердин туура эмес дайындалышы билим берүү тармагын деградацияга кептеп жатат деп эсептейт:

Эптеп-септеп кандидаттыгын жактагандар, жактабагандары деле кафедра башчылыгын талашып, ага ээ болуп алып билген намазын окуп жатышат.

- Жетекчи өзүнө окшогондорду топтойт. Өзүнө окшогондорду ректор, проректор кылат. Азыр университеттерде илимдин доктору, илимдин кандидаты дегендер жаман сөзгө тете болуп калды. Эптеп-септеп кандидаттыгын жактагандар, жактабагандары деле кафедра башчылыгын талашып, ага ээ болуп алып билген намазын окуп жатышат. Студенттердин эч кандай мотивациясы жок. Илимдин жаш докторлору, профессорлор четке сүрүлүп калды. Дээрлик бардык университеттерде ушул көрүнүш.

Гүлмира Кудайбердиева ушуну менен төртүнчү премьер-министр менен иштешип жатат. Ал кызматка Темир Сариев премьер болгондо келип, өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков башкарганда да иштеди. Быйыл апрелде азыркы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамында да ордунда калды. Ал кызматка келгенден кийин билим берүү тармагында мугалимдерди аттестациялоо ыкмасы киргизилди. Жеке менчик мектептер, бала бакчалар көбөйдү.

Гүлмира Кудайбердиева аткарган иштери тууралуу журналисттерге анча ачыла бербейт. Ошентсе да акыркы жылдарда билим берүү тармагында жакшы жылыштар болгонун айткандар бар.

"Интербилим" коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева жылыштар менен кошо тармакта топтолуп калган маселелер толук чечилбегенин айтып, министрди элдин пикирин угууга чакырды:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Жылыш бар, бирок өтө аз. Ашып кетсе 10 пайыз десек болот. Көзгө көрүнөрлүк эмес. Балдардын баары мектепке чейинки билим алып жатат деп айта албайбыз. Ал эми мектептерде билим берүүнүн ыкмалары өзгөргөн жок. Эмнеге балдар 9-класстан кийин окубай жатышат? Айрыкча алыскы айылдарда 10-11-класста балдарды кармай албай жатабыз. 9-10-класста бирден класс эле калып жатат. Мектептер бош, окуучулар жок. Же мугалимдер начар, окута албай жатышат. Азыр министрлик мугалимдерге талапты күчөттү. Маянаны көбөйттү, алар кагаздан баш көтөрбөй, журналдарды толтуруп, аттестациядан өтүп атат. Бирок ал аттестация кайра коррупция болуп жатпайбы? Мугалимдерди көзөмөлгө алууну кайра коррупцияга айландырып койду го. Мисалы, комиссия райондорго келип мектептерди текшерет, акча берип койсо ошону менен кетет. Мугалимдер акча топтоп жатышат. Министрдин кызмат орду партияга байланбашы керек. Партияларга байланганы үчүн ушундай көрүнүштөр болуп жатпайбы. Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө ыңгайлуу адамдарды койбосо болот эле. Тармакты алдыга жылдыруу биринчи кезекте ким жетекчи болуп келгенине, кандай адис экенине байланыштуу. Экинчиден, жетекчи болуп дайындалгандар ошол тармакта мыкты адис болсо да бардык абалды жеринде көрүп, таанышып чыгышы керек. Жер-жерлерге барганда да билим берүү мекемелеринин жамааты менен эле жолукпай, эл, ата-энелер менен да жолугушуп, алардын ой-пикирин да угушу керек. Сиз кайсы бир министрдин ата-энелер менен жолугушканын көрдүңүз беле? Мен көргөн эмесмин. Ошко, Ысык-Көлгө жана башка жактарга барып жолукса болмок. Миң жолу кесипкөй болсо да эл менен баарлашуу жок болсо, анда кантип реформа жүргүзөт?

Гүлмира Кудайбердиева былтыр парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мугалимдердин айлыгы канча экенин так билбей ыңгайсыз абалда калган.

Жаңы иштеп жаткан мугалимдердин айлыгынын канча экенин “тактап айтайын” дегени коомдо бир топ сынга кабылган. Андан кийин министрлик "айлык 8 жарым миң сомдун тегерегинде" деген маалымат тараткан. Кудайбердиева өзү былтыр августта "Азаттыкка" келген учурда жогоруда айтылган сындарга минтип жооп кайтарган:

- Жогорку Кеңештин отурумунда мен орточо айлыкты 13 миң 800 сом деп так айттым. Бирок депутатты башка суроо да кызыктырды. "Мектепке жаңы келген мугалимдин айлыгы канча?" деген суроо берилди. Мен суроолорго жооп бергенде маалыматтарды так айтыш керек деп эсептейм. Залда журналисттер да отурган. Мугалимдин маянасы бир нече факторго байланыштуу. Мугалимдин саатынын көлөмүнө, ал иштеген мектеп кайсы жерде жайгашканына, тоолуу аймактын коэффициентине жараша болот. "20 саат сабак менен иштесе, орточо эмгек акы 8000-8500 сом болот" деп айтып койсом болмок. Бирок ал депутат аябай агрессивдүү сүйлөй баштады, мен калып калдым. Мен көздү жуумп "8-9 миң" десем болмок, антпей бөлүп түшүндүрүп айтып жаткам.

"Азаттыктын" клубу: Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева менен маек. 29-август, 2017-жыл

​Кудайбердиеванын бир катар демилгелери да коомдун талкуусуна түшкөн. Анын окуу жылынын башталышын 15-сентябрга которуу тууралуу сунушу быйыл кайра убактылуу токтотулду.

Министрликтин билим берүү мекемелеринде кыргыз тили, адабияты жана тарых сабактарын азайтуу боюнча чечимине дагы нааразы болгондор чыкты.

Коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов мурдагы министрлерге салыштырмалуу Кудайбердиева тиешелүү тармактан келгенин айтып, аны системаны жакшы билген киши катары мүнөздөдү. Ошол эле кезде ал тармакты реформалоодо мүчүлүштүктөр болуп жатканын айтты:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

- Ал системаны жакшы билгени менен, тармакты түп-тамырынан бери реформа кылуу, жаңы багытта жаңыча жолго түшүүгө келгенде дале бир топ алсыздык кылып жатат. Балким бул жалпы коомдун көйгөйү болсо керек. Албетте, өзгөчө тарых, кыргыз тили жана адабияты сабагына өгөй мамиле кылганы министрликтин ушул тарых, адабият, улуттук дух, ар-намыс жагын тарбиялоодо алсыз экенин көрсөтүүдө. Тарых сабагын жалаң эле мектептерде эмес, ЖОЖдордо да кыскартуу жагын карап, мамлекеттик экзамендерди кандайдыр бир деңгээлде алсыратуу аракети болгон. Жогорку окуу жайларында кыргыз тарыхы боюнча сабактар кыскарганы менен мамлекеттик экзамендер сакталып калды. Ал эми мектептерде кескин түрдө азайып кеткени - кыргыз тарыхына, өткөндү терең үйрөнүүгө, окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоого каршы кыянаттык иш. Бул кыргыз тилине, тарыхына терең маани бербегендик. Аны терең түшүнбөгөндүк деп кескин айтса болот. Себеби, кыргыз тили, кыргыз тарыхы аркылуу улуттук ар-намыс, менталитет, мекенчилдик калыптанат. Ушуга министрликте иштеп жаткандар, жалаң эле министр эмес, башкалар да кайдыгер мамиледе экенин көрсөтүп алышты. Билим берүү тармагында улутка кыянаттык кылган мындай көрүнүш алгылыксыз. Ага жол бербеш керек болчу. Балким бул маселени министр өзү билбей калгандыр? Себеби, ЖОЖдордо тарых сабагын кыскартып, аны географияга кошуу маселесин министр жокто анын орун басарлары чечип койгонун биз тактадык. Министр биздин көзүбүзчө "аны кайра калыбына келтиргиле" деп кескин түрдө тапшырма берген. Эми кол алдындагылардын эмне кылып жатканын эмес, мугалимдердин айлык-акысы канча экенин билбей калган министрге мындай жооптуу системаны башкаруу оор эле болот. Министр жалаң эле кол алдындагыларды эмес, өзү иштеген тармакты терең билиши керек. Айрым учурларда ыңгайсыз абалда калып жатканы ошону өтө терең билбеген себептүү болуп жатат.

"Министр системаны өзгөртө албайт"

Мурда ректорлук кызматты аркалап келген Алмазбек Акматалиев "кемчиликтер үчүн министр жооптуу" деген пикирлерге кошулбайт. Анын пикиринде, министрдин ыйгарым укуктары чектелүү жана көп маселелерди чечүү казына менен байланыштуу:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Азыр педагогикалык адистикке бюджетке тестирлөөдөн аз балл алгандар өтүп атат. Мисалы, 190-200 балл алып, президент алтын сертификат берген балдардын бирөө да педагогикалык адистикке барган жок. Алар экономика, укук, бизнес, эл аралык мамилелер деген адистиктерди тандады. 110-125 балл алгандар гана мугалимдик кесипке өтүп атат. Башкача айтканда, мектепти орто жана начар бүтүп, тестирлөөдөн аз балл алгандар ушул адистикти тандап жатат. Алардан жакшы деле адис чыкпайт да! Ушул нерсе билим берүүдө чоң көйгөй жаратты. Ал системаны өзгөртүшү керек. Муну министр чече албайт. Өкмөт аракет кылышы керек. Билим берүү жайларында орточо айлык 20 миң сом болгондо гана күчтүү адистер барат. Муну чечиш үчүн албетте, министрлик демилге көтөрүп турушу керек. Бирок министрде анчалык чоң функция жок. Анын иши, милдети - дүйнөлүк билим берүү системасындагы заманбап методикаларды, баалуулуктарды алып келгенге демилгечи болушу керек. Министрлик менен министрдин өзүнө гана көз каранды эмес. Ал үчүн жергиликтүү бийлик даяр болушу керек. Кыргызстандын бюджети ошого даяр болушу керек. Башкача айтканда, бул татаал маселе.

Министрдин өзүнөн анын дарегине карата айтылган сындар, алдыдагы иш-пландары, реформа тууралуу комментарий ала алган жокпуз. Мекеменин басма сөз кызматы ал ден соолугуна байланыштуу эс алууда экенин, тармактагы жүрүп жаткан иштер тууралуу кийинчерээк кенири маалымат берээрин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG