Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

ЖОЖ: дипломдун "баасы" жана баркы


Кыргыз улуттук университети.
Кыргыз улуттук университети.

Кыргыз улуттук университетинин "акчага дипломдук иш жазып бергени" кабарланган мугалимдерине карата кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Интернетте тараган видеолордун биринде Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү дипломдук ишин "жазып берди" деген мугалимден беш миң сом сурап жатканын көрүүгө болот. Анда студент 16 миң сомго дипломдук иш даярдатып, бирок начар баа алып калганына нааразы болгону көрсөтүлгөн.

же, баары "төрт", "беш" алып жатат, мен 16 миң сом берип, "үч" алдым. Дипломдун ушундай жазылып калганына мен күнөөлүү эмесмин да?" – деген студентке мугалим бул кылыктар билинип калса, экөө тең окуу жайдан айдаларын түшүндүрүүгө аракет кылып жатат:

"Эми мен эмне кылышым керек? Эгерде сени "каза" турган болсо, сабакка келбей бүтүрүп жүргөнүң билинип калат".

Ал эми Интернеттеги экинчи видеодо ката жазылып калган дипломдук иш үчүн аны "жазып берди" деген мугалимден студент кайра акчасын сурап жатканы тартылган. Мында бүтүрүүчү даяр дипломдук иш үчүн 15 миң сом бергенин айтууда:

“Сиз "дипломдук ишти карадым" дебедиңиз беле? Мен талап кылганга укугум бар. Эртең дипломдук ишти коргойм, өтпөй калсам кийинки жылга калып калам”, - деп чырылдаган студентке мугалим бир түндө оңдоп жазып берээрин айтып жатат. “Мен түшүндүрүп берейин, сенде бир күн, бир түн бар, эмне эле дүрбөлөңгө түшүп жатасың?”

Социалдык тармактар аркылуу таратылган жогорудагы видеолорду ал студенттер жашыруун жаздырып алганы айтылат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги "акчага дипломдук иш жазды" деген окутуучулар окуу жайынын кызматкерлери экенин ырасташты. Ректораттын маалыматына караганда, алар тиешелүү факультеттердин телерадиожурналистика жана финансы кафедрларынын мугалимдери болгон.

Окуу жайынын басма сөз кызматкери Жээнбек Эралиевдин айтымында, учурда окутуучуларга карата кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Ошондой эле окуу жайынын жетекчилиги бул факты далилденсе мугалимдер иштен кетирилишин жана кылмыш иши козголушун туура көрөт экен:

- Бул тууралуу ректордун тапшырмасы менен декандар мугалимдерден түшүнүк кат алышты. Эгерде эки мугалимдин иши далилденсе, жумуштан айдалат. Ректор бул кызматкерлерге укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишинин козголушуна кызыкдар болууда.

Университеттин өкүлдөрү билдиргендей, окуя 2017-жылы болгон. Учурда андагы студенттер диплом алганы же албаганы такталып жатат.

"Сессия сезону"

Бул факт жогорку окуу жайларындагы коррупция тууралуу сынды күчөттү. Айрым окуу жайларында курстук, дипломдук иш, сессиянын бааларынын акчалай наркы бар экени көп жылдан бери айтылып келет.

Бишкектеги ЖОЖдордун биринде мурда иштеп кеткен жарандык активист Тимур Саралаев жаштар арасында билим эмес, эптеп диплом алып коюу тендециясы университеттерде паракорчулукту күчөттү деп эсептейт.

Саралаевдин пикиринде, акыркы жылдары ушул сыяктуу видеолордун социалдык тармактарга тарап, талкууланып жатканы параны азайтууга себеп болууда:

Тимур Саралаев.
Тимур Саралаев.

- Бул чыккан видео - миңдин бири. Бирок паракорлук мурдагыдан азайды деп айта алам. Азыр бүтүрүү убагында күч алат. Анткени бул тээ илгертен бери жазылбаган мыйзам болуп калган. Анан ыкчам маалыматтардын, ар кандай гаджеттердин чыгышы менен окуу жайларындагы паракорлук азайып бараткандай.

Бул окуя боюнча социалдык тармактарда "мугалимдер жоопко тартылышы керек" деген пикирлер талкууланып жатат. Билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Айгерим Тургунбаева мугалимдердин жумуштан алып же жоопко тартуу менен маселе чечилбейт деген пикирде. Ал өлкөдө билим берүү системасын реформа кылыш керек экенин айтты:

Айгерим Тургунбаева.
Айгерим Тургунбаева.

- Мунун эки жагы бар. Биринчи студенттер өздөрү мугалимдерди көндүргөн. Ал эми мугалимдердин айлыгы эч нерсеге жетпейт. Күнөө эки тарапта тең бар. Азыр эми бул мугалимдерди иштен алып, студенттерди жазага тарталы. Мугалимдер барып базарда соода кылып калат. Ал эми система калып, коррупция уланат. Ушул эскирген системадан арылышыбыз керек.

Бул Кыргыз улуттук университетиндеги чуулгандуу алгачкы окуя эмес. Былтыр анын айрым кызматкерлери окуу жайынын абалына көңүл бурууну, жетекчилигине чара көрүүнү суранып президентке, өкмөткө кайрылышкан. Алар мындай кайрылууну "университетте коррупциялык иштер, жөнү жок акча чогултуу көбөйүп, тууганчылык күчөдү" деп негиздешкен. Анткен менен окуу жайынын жетекчилиги мындай дооматты четке кагып жүрөт.

Андан мурун бул окуу жайынын ректорун шайлоо дагы бир топ чыр менен коштолгон. Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2017-жылы 27-майда шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп, анын негизинде өкмөт тарабынан бекитилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG