Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Улуттук университет күткөн ректор келеби?


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 27-майдагы ректор шайлоодо мурдагы билим берүү министри Канат Садыков көпчүлүк добушка ээ болду. Ал жакындан бери ректордун милдетин аткарып келе жаткан.

Эми добуштардын саны боюнча алдыңкы орунда турган үч талапкер өкмөттүн кароосуна жиберилет жана акыркы чечимди премьер-министр кабыл алат.

Мурдагы ректор Чынара Адамкулова башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деген жүйө менен апрель айында кызматтан бошотулган жана көп өтпөй Дипломатиялык академияга ректор болуп дайындалган. Адамкулованын тушунда анын ишмердигине байланыштуу бир катар нааразылык чыгып, реформасы сынга кабылган. Окуу жайда ошондой эле каржылык мыйзам бузуулар аныкталган эле.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен билдиришкендей, окуу жайда ректор шайлоо 27-майда өттү.

Ага каттоого алынган 1 344 шайлоочунун 1216сы катышты. Жети талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында ректордун милдетин аткаруучу, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков 776, проректор Таалайбек Каракеев 264 добуш, Туратбек Суранаев 66 добуш топтоп, алдыңкы үч орунду ээлешти.

27 адам баарына каршы добуш берген. Эми алдыңкы үч орунду алган бул талапкерлердин ысымдары өкмөткө жиберилет.

Эреже боюнча, Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет.

Кыргыз улуттук университетиндеги ректор шайлоодо Канат Садыков 63 пайыз добуш алды. Окуу жайдын профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков мурунку ректор Чынара Адамкуловага ачык нааразылыгын айтып жүргөн окутуучулардын бири. Ал жаңы ректор мурунку жетекчиликтин катасын кайталабайт деген ишеничин билдирди:

- Бул киши министр болуп иштеген. Билим берүү системасын жакшы билет. Тажрыйбасы мол, жетиштүү. Университетте буга чейин түзүлгөн кырдаалды да түшүнөт болуш керек. Ошол кырдаалды оңдоп, жамаатты ынтымакка, биримдикке келтирип, андан ары ишин улап кетет деп ойлоп жатабыз. Жаңы ректор мурдагы ректордун катачылыгын эске алат болуш керек деп ойлойм. Андай алешемдиктерге жол бербейт деп эсептейм. Реформа жамааттын пикири, жамааттагы кырдаал менен байланыштуу, системалуу болушу керек. Эми жаңы ректорго акыл айта албайбыз, өтө тажрыйбалуу, буга чейин жетекчилик органдарда иштеген. Ошондуктан жамааттын үмүтү акталат деп ишенем.

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Канат Садыковдун шайлоочулардын теңинен көбүнүн колдоосуна ээ болгонун жакшы көрсөткүч катары баалады:

- Улуттук университеттин шартында жаңы ректордун 63 пайыз добуш алышы өтө кыйын. Мурунку шайлоодо мындан төрт эсе азыраак добуш алган, добуштардын саны боюнча үчүнчү орунда турган адамды өкмөт ректор кылып дайындап койгон. Чуулуу иштин баары ошондо башталган. Мурунку ректор көпчүлүктүн добушун алган эмес. Ошондон улам жамаатта да ага ишенич болгон эмес. Азыр эми 63 пайыз деген жакшы көрсөткүч. Бийликти толук колуна алып, жумушка ишенимдүү киришип, ишти алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жакшы иштер, реформа жүрүшү үчүн албетте жамааттын ишеними керек. Экинчиден, өкмөттүн, бийликтин колдоосу керек. Канат Садыков бийликтин өкүлү, биз ал КСДПнын мүчөсү экенин билебиз. Министр болгондо да КСДП партиясынын атынан болгон. Ошондуктан азыркы бийлик, президенттик аппарат чынында жакшы колдосо, анда иш жылып кетет деп ойлойм.

Канат Садыков билим берүү министри болуп 2010-2014-жылдары иштеген. Ага чейин аталган министрликте, Улуттук университетте бир катар жетекчилик кызматтарда жүргөн.

Садыковдун аты министр кезиндеги айрым бир чуулуу иштерде аталган.

Кадр даярдоонун калпыстыктары

Кадр даярдоонун калпыстыктары

Жылына адистерди даярдоого мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын жүз миллион сомдон ашууну максатсыз чыгымдалат.

Эки жыл мурун Башкы прокуратура өкмөткө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча чара көрүүгө чакырган. Анда аталган окуу жайда 2011-2012-жылдары ондогон баланы мыйзамсыз, башкача айтканда, сынактан тышкары кабыл алганы, арасында тестирлөөдөгү баллы жетишсиздер да бар экени айтылган.

Ошондой эле мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетине бөлүнгөн гранттык орундардын эсебинен Медакадемияга беш абитуриент мыйзамсыз кабыл алынганы да маалымдалды. Анын алдында “Апрель баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча өлкө президентине кайрылуу жасаган. Алар баллы жетпеген абитуриенттерди Апрель окуясынын катышуучуларынын атын сатуу менен кабыл алган документтер боюнча ректор Ашыралы Зурдинов менен мурдагы билим берүү министри Канат Садыков ынандырарлык жооп бербей жатканын жүйө келтиришкен.

Андан бир жыл мурун, тактап айтканда 2014-жылы Канат Садыков министр болуп турганда Башкы прокуратура Садыков менен кыргыз-орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигинин кароого жана ээлеген кызмат ордунан алуу маселесин кароого чакырган. Анда алар мыйзам бузуу менен окуу жайга кирүүгө жетиштүү упай топтобогон 24 абитуриентти аталган окуу жайгакабыл алуу тууралуу чечим чыгарган деп шектелгени айтылган.

Бул фактылар боюнча өкмөт жумушчу топ түзгөн. Ошол жумушчу топтун мүчөсү, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев министрдин катышы бар-жогу такталган эмес деп билдирди:

- Чуулгандуу иштердин уландысы болгон эмес. Ошон үчүн канчалык деңгээлде министр өзү күнөөлүү экени такталбаган маалымат. Ошол кезде министр Эльвира Сариеванын өтүнүчү менен жумушчу топ түзүлүп, ошол иликтөөгө катышкан адамдардын биримин. Ошол жерде негизги күнөө министрде эмес, Славян университетинин жетекчилигинде болгон. Ошолор жооп бериши керек болчу, бирок окуу жайдын жетекчилиги тараптан эч бир жоопкерчилик болгон жок. Медакадемия боюнча, ал жерде мурунку ректору кызматтан кетпедиби. Мүмкүн ошол окуя дагы себептердин бири болгондур.

Ишенгүл Болжурова
Ишенгүл Болжурова

Мурдагы билим берүү министри, Улуттук университеттин экс-ректору Ишенгүл Болжурова болсо Канат Садыковдун министр кезиндеги ишин эстеди жана реформатор жетекчи катары коомчулуктун эсинде калбаганын белгиледи:

- Эми Улуттук унтверситет үч-төрт жылдан бери аброюн аябай кетирди. Ага караганда экинчи борбордогу Ош мамлекеттик университети, дагы башка университеттер бардык жагынан алдыга кетти. Улуттук университет кыйла эле артта калды жана улуттук деген наамына барабар иш жасалбай калды. Канат Садыковдун келиши менен үмүт бар. Бирок министр болгондо деле көрүнүктүү, көзгө басар иштер болгонбу, же болгон жокпу аны тарых көрсөтөр. Жамаатты оңдоп, бир нукка салып, жол көрсөтүү өтө оор. Бул жерде оюндарды, интригаларды жасоого болбойт. Бул жерде менин бир кооптонгонум бар. Ректордун илгертеден бери иштешкен, "шилекей алышкан" достору бар. Мен аларды новатор, реформатор деп айта албайм. Эгер ошолордун тилин угуп, ошолордун жолу менен кетсе анда университет баягы эле бечара абалында эле калат.

Кыргыз Улуттук университетинде буга чейинки ректор шайлоолор чуу менен коштолгон жана 2010-жылдан бери бештей жетекчи алмашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG