Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Өкмөт: министр Садыковдун маселеси териштирилүүдө


Өкмөт билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана кыргыз-орус славян университетинин ректору Владимир Нифадьев боюнча Башкы прокуратуранын кайрылуусун карап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, азырынча кайрылуу өкмөткө келип түшө элек, бирок иш каралууда. Жакынкы аралыкта чечим кабыл алынмакчы.

Башкы прокуратура билим жана илим министри Канат Садыков менен Кыргыз-Орус славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароого чакырып, премьер-министрге кайрылуу жолдогон. Алар мыйзам бузуу менен Славян университетине 24 абитуриентти кабыл алуу тууралуу чечим чыгарган деп шектелүүдө.

Буга чейин бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге да кылмыш иш козголгон эле. Прокуратуранын жүйөсүндө депутат абитуриенттердин айрымдарынын ата-энесинен 14 миң доллар алуу менен министр жана окуу жай жетекчилигине аларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон.

Депутат Осмоналиев өзүнө карата кылмыш иш козгоого негиз жок экенин айтып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG