Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстанда индиялык студенттер көбөйдү


Кыргызстанда окуган индиялык студенттер.
Кыргызстанда окуган индиялык студенттер.

Кыргызстанда медициналык билим алууну каалаган чет элдик жарандар арбын.

Соңку мезгилде Кыргызстанда жалаң чет өлкөлүк студенттерди окутууга ылайыкташкан жогорку окуу жайлары ачылып жатат жана дагы лицензия алуу үчүн арыздар берилген.

Ал арада Билим берүү министрлиги мындай окуу жайларга талапты күчөтмөй болду.

Кыялын Кыргызстанда ишке ашыргандар...

Индиялык Чинмей Бододекар Бишкектеги Эл аралык университетке караштуу Медицинанын эл аралык жогорку мектебинде билим алып жатканына төрт жыл болду. Ал Кыргызстанда дарыгерлик кесипти алгысы келген мекендештер жылдан жылга көбөйүп жатканын ириде окуу акысынын арзандыгы, билим алуунун жеңилдиги менен түшүндүрдү:

"Коррупцияны көрүп калдык. Бирок коррупция Индияда деле бар".

- Индияда дарыгерлик кесип абдан кадыр-барктуу, демек айлык акысы да жогору. Көпчүлүк ата-энелер балдарын медициналык окуу жайларга тапшыртат. Бирок атаандаштык катуу болгондуктан университетке өтүү абдан кыйын. Ал эми Кыргызстандын окуу жайларына өтүү анча кыйын эмес. Акчасы болсо бир топ эле арзан. Биздин студенттердин агылып келип жатканынын бирден бир себеби да ушул. Бирок диплом алып мекенибизге кайткандан кийин оор сынактарды тапшырабыз. Бул сынактан өтпөсөң анда ооруканада иштөөдөн үмүтүңдү үзүшүң керек. Кыргызстанда окуу бизге жеңил. Айрым мугалимдер англис тилин жакшы билгенибиз үчүн эле баа коюп берет. Анан албетте, акча сураган учурлар да кездешет. Коррупцияны көрүп калдык. Бирок коррупция Индияда деле бар.

Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектеби 2003-жылы ачылган жана ошол жылы 12 индиялык абитуриентти кабыл алган. Окуу жайда ушул тушта 2,5 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн индиялык жарандар түзөт.

Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинин проректору Сталбек Ахунбаев чет өлкөлүк студенттерди окутуу оңой-олтоң эместигин, ошондуктан студенттерди азайтуу аракеттери жүрүп жатканын айтып берди:

"Быйылкы окуу жылында бизге 1700дөй жаран кайрылды. Биз алардын ичинен 500үн эле тандап алдык. Окутуу, билим берүү оңой эмес".

- Биз Индия менен Пакистанда абитуриенттерди топтоп берген ири, белгилүү эки компания менен эксклюзивдүү келишим түзгөнбүз. Бирөө Индияда жайгашкан, анын 18 шаарда бөлүмү бар. Экинчиси Пакистанда. Анын Исламабад менен Лахор шаарларында бөлүмдөрү бар. Бирок биз соңку эки жылдан бери кабыл ала турган абитуриенттерди азайтып жатабыз. Мисалы, быйылкы окуу жылында бизге 1700дөй жаран кайрылды. Биз алардын ичинен 500үн эле тандап алдык. Окутуу, билим берүү оңой эмес. Индиянын мыйзамы боюнча медициналык окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриент 100 баллдан кеминде 50 балл алышы керек. Биз болсо биздин окуу жайга тапшыргандардын баллы 70тен кем болбосун деп көтөрүп койдук.

Сталбек Ахунбаев индиялык жарандарды Кыргызстандын окуу жайлары окуу акысынын арзандыгы менен кызыктырарын бышыктады. Ошондой эле, бул окуу жайды бүтүргөн студенттердин теңинен көбү өз өлкөсүндө экзаменди ийгиликтүү тапшырарын билдирди:

"Былтыр биздин окуу жайды бүткөн студенттердин 66 пайызы биринчи эле аракеттен ошол Медициналык кеңештин экзаменинен ийгиликтүү өттү".

- Индияда билим алуу өтө кымбат, орточо эсеп менен 18-20 миң долларга барат. Бизде болсо 4 миң долларды түзөт. Биз үчүн биздин окуу жайды аяктаган студенттердин өз мекенинде улуттук экзаменден ийгиликтүү өтүшү маанилүү. Ошол экзаменден өткөндөн кийин гана ординатурага окуй алышат жана кийин иштеп кете алышат. Мисалы, былтыр биздин окуу жайды бүткөн студенттердин 66 пайызы биринчи эле аракеттен ошол Медициналык кеңештин экзаменинен ийгиликтүү өттү. Пакистандык бүтүрүүчүлөрүбүз анча деле көп эмес эле, алардын 80ге жакын пайызы экзаменди бир тапшырганда эле ийгиликтүү тапшырды. Бул экзаменди тапшыра албай калгандар кийинки жылы кайра тапшыра алат.

Медицина боюнча жогорку мектеп буга чейин айрым кыйынчылыктарга кабылган. Мындан туура он жылдай мурда, тактап айтканда, 2006-жылы ошол кездеги Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги окуу жайын "талапка жооп бербейт" деген жүйө менен лицензиясын жокко чыгарган. Медицина боюнча жогорку мектептин жетекчилиги министрликти сотто утуп алган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушундай эле маселе мындан үч жыл мурун Кант шаарында жайгашкан Азия медицина институтунда да болгон. Билим берүү жана илим министрлиги "институтта окутуунун сапаты начар" деген негизде анын лицензиясын жокко чыгарган. Билим берүүнүн сапатына нааразы болгон студенттер да болгон. Ошол жылы ал окуу жайы биринчи бүтүрүүчүлөргө диплом бериши керек эле. Диплом албай калган бүтүрүүчүлөр нааразылык акцияларын өткөргөн. Азия медицина институту дагы сот аркылуу лицензиясын кайтарып алган.

Былтыр жалаң чет өлкөлүк студенттерди окутууга ылайыкташкан Эл аралык медициналык университет ачылып, лицензия алган. Окуу жайы Бишкектин четиндеги мурдагы ЕВМ заводунун имаратында жайгашкан. Ушул тушта мурдагы заводдун имараты жүздөгөн студентке ылайыкташкан жатакана болуп кайра курулуп жатат.

Университеттин ректору Жаркынбек Касымбековдун маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылында 320 чет өлкөлүк студент кабыл алынды:

- Биз азыр стоматология, дарылоо иши жана фармация деген үч багытта окутуп жатабыз. Бизде Индиядан, Пакистандан жана Бангладештен келген студенттер билим алат. Окуу англис тилинде болот. Негизи биз ачык болушубуз керек. "Билим берүү экспорту" деп коет. Ошол эле учурда бул биздин мамлекеттин атын чыгаруу да болуп эсептелет. Эгер биз чет өлкөлүк жарандарга сапаттуу билим бере алсак, кийин алар дүйнөнүн кайсы булуң-бурчу болбосун жакшы иштеп кете алса - анда Кыргызстанга эле жакшы.

Алардын миңден ашууну Ош мамлекеттик университетинде окуйт. Окуу жайдын ректору Каныбек Исаковдун айтымында, мындан үч жыл мурда эл аралык медициналык факультет ачылып, чет өлкөлүк студенттер өзүнчө окутула баштаган. Ага чейин чет өлкөлүктөр жергиликтүү студенттер менен чогуу билим алып келген.

Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

- Студенттер бизге бул жакка келишет, биз аларды экзамен менен иргеп алабыз. Эмдиги жылдан тарта ошол мамлекеттердин өзүнө барып тандап алуу боюнча долбоор даярдап жатабыз. Министрликтен уруксат алдык. Азыр эми бизге ички кыйынчылыктарга байланыштуу Пакистандан студенттер дээрлик келбей калды. Биз каалаган эле адамдар келе бербеши үчүн Индиянын медициналык кеңеши уруксат берген абитуриенттерден гана экзамен алабыз. Эгер өтпөй калса анда бизден бир жыл тил үйрөтүү боюнча даярдоо курсунан окушат. Биз лицензиялык талап боюнча жылына үч жүздөн ашуун студент кабыл албайбыз. Ошондуктан бизге келип батпай калгандар Жалал-Абад мамлекеттик университетине, дагы башка менчик университеттерге барышат.

Ош мамлекеттик университетинде окуу акысы эки миң долларга жакын. Жалпысынан мында студенттер алты жыл билим алат.
Билим берүү министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүн башчысы Нурбек Казиев талапты күчөтүү керек деген пикирде:

- Биз талаптарды кичине күчөтүү керек деген ойдобуз. Чет өлкөлөрдө медициналык билим берген окуу жайлардын баарынын студенттер практикадан өтө алчу клиникалары бар экен. Биз азыр ошол жагын караштырып жатабыз. Лицензиялоо тууралуу өкмөттүн токтому бар. Ошол жердеги жобого ылайык биз жеке менчик медициналык жогорку, орто-кесиптик окуу жайларга "клиникаңарды ачкыла" деп жатабыз. Алардын дээрлик баары эле ушундай клиника ачты. Бирок укуктук жактан иштери толук бүтпөй жатат. Себеби Саламаттык сактоо министрлиги өздөрү текшерип, аларга кызмат көрсөтүү боюнча өзүнчө лицензия бериши керек. Ошол учурда гана алар окуу жайдын клиникасы деп эсептелет. Азыр алардын клиникалары кайсы бир деңгээлде иштеп жатат. Биз азыр иштин кээ бир түрлөрүн лицензиялоо боюнча жобону өзгөртөбүз деп жатпайбызбы. Жобо өкмөттүн токтому менен бекигенден кийин ал клиникаларды окуу жайлары укуктук, практикалык жактан дагы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Анткен менен Кыргызстанда жогорку окуу жайлардагы окутуунун, анын ичинде айрыкча медициналык билим берүүнүн сапатына сын көп.
Мурдагы билим берүү министри, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова чет өлкөлүк студенттер көбөйүп жатканын колдойт. Бирок анын жыйынтыгын бааалаганга эрте деп эсептейт. Ошондой эле ал кыргыз билим берүү системасына доо кетирген жагдайлардын алдын алуу керек экенин айтты:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

- Чет өлкөлүк балдарды бул жакка алып келип окутуп, бюджетибизге салык төлөп турса - бул жакшы эле көрүнүш. Бирок чет өлкөлүк студенттерди окутууга азыр өтө жакшы же өтө жаман деп баа бербей турсак болот. Себеби биз жыйынтыгын азыр көрө элекпиз. Бул бизнес болуп жатат. Бирок бул жаман эмес. Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатына, аброюна доо кетпеши үчүн муну Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Бул жаңы көрүнүш. Аягы эмне болору азырынча билинбейт. Бирок эгер Кыргызстанга ушунча адам келип билим алып жатса - демек билим берүүнүн кадыр-баркы көтөрүлүп жатат, экинчиден, экономикага да кошумча болуп жатат.

Расмий маалымат боюнча, ушул тушта Кыргызстанда медициналык билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин жалпы саны беш миңге чамалайт жана дээрлик басымдуу бөлүгүн Индиянын жарандары түзөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 11 окуу жайы медициналык билим берүү боюнча лицензия алган, алардын төртөө мамлекеттик (Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академия, Кыргыз-орус славян университети, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттери), экөө мамлекеттик-жеке менчик (Эл аралык университеттин Медицина жогорку мектеби, Ататүрк-Ала-Тоо университети), калган бешөө (Илим жана бизнес боюнча эл аралык университет, Азия медициналык институту, Эл аралык медициналык университет, Илимий-иликтөө медико-социалдык институт, "Адам" университети) менчик болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG