Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ала Тоого билим издеп келгендер


Нарындагы Агахан университети
Нарындагы Агахан университети

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 13 миңге жакын чет өлкөлүк студент билим алат. Жогорку окуу жайларда көбүнесе Индия, Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттер көп. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер да аз эмес. Бул жолу “Азаттык+” Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин жашоосу, маданияты тууралуу берүү даярдады.

Кыргызстанда Монголиядан келген жыйырмадан ашуун студент билим алат. 19 жаштагы Тцокгорель Бишкектеги Манас университетинин биринчи курсунун студенти. Анын атын кыргызчага которгондо “чок, ысык, жарык” дегенди билдирет. Теңтуштары аны Семетей деп атап алышкан.

Монголиялыктар салт- санаасын, тилин ыйык тутат. Өз өлкөсүндө дээрлик эне тилинде гана сүйлөшөт. Улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жайы-кышы дебей улуттук кийимдерин кийишет.

Студенттер күнүгө машыгууга барат. Мындагы ар бир монгол жигит баскетбол ойнойт. Спорттун бул түрү Монголияда өзгөчө популярдуу.

23 жаштагы Атакан Түркиянын Анталия шаарынан келген. Учурда психология адистигинде билим алууда. Өзгөчө туристтерге бай шаарда орус тилин билүү зарылдыгы пайда болгон. Мындан улам ал Кыргызстанга тил үйрөнүү үчүн келген.

Күнөстүү Анталияга анын сагынычы кышкысын өзгөчө күчөйт. Үч жыл жашаганына карабай Атакан кар менен суукка көнө элек.

Атакан башкалардай студенттик күндүн азабын тарткан эмес. Анын Кыргыз-Түрк окуу жайында билим алышы, шаардагы жык-жыйма түрк ашканасы жана дүкөндөрү бат эле көнүп кетүүсүнө шарт түзгөн.

Нарын шаары. Мындагы Агахан өнүктүрүү фонду курган Борбор Азия Университетинде 72 студент билим алат. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары.

Зарина Гафурова Тажикстандын Хужанд шаарынан келген. Ал бул окуу жайда масс-медиа жана коммуникация факультетинде билим алууда. Нарын шаарындагы БАУда окуган экинчи студент Пакистандын Карачи шаарынан келген Сайф ур Рекман. Окуу жай келерки жылдары миңден ашуун студенттерди кабыл алууну пландап жатат.

Ала-Тоого билим издеп келгендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:27 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG