Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

“Сапат” мекемесин сактоо аркылуу жаңы сапатка


Балдар жасаган роботтордун фестивалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Бишкектеги "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" аттуу роботтор фестивалы өттү. "Сапат" мекемеси. 2018.

Кыргызстандагы “Сапат” агартуу мекемесинин болочокку тагдыры жаатындагы талкуудан чыккан ой.

Жакында белгилүү публицист жана жазуучу Олжобай Шакирдин өтүнүчүнө ылайык “Рух-Эш” интернет басылмасына ““Байкелик” кысымга алууга орун жок” деген темада блог жазып, Кыргызстандагы “Сапат” агартуу мекемесинин айланасындагы уу-дуу сөзгө карата өз оюмду билдирген элем.

Оболу ошол чакан макалама орун берейин

Кыргыз тарыхы дайыма тарыхый коңшу-колоңдор, тектеш элдер менен тыгыз карым-катнашта өнүккөн. Мындан ары да дүйнөлөшүү жүрүмү уламдан-улам күч алганына карабастан, дурус коңшулук жана тектеш элдер менен боордоштук алакалар Кыргызстан тарабынан үзүрдүү улантылат деп ишенем.

Бирок ишенич — бир нерсе, ошол ишеничти жүзөгө ашыруу үчүн жигердүү аракет кылуу — башка нерсе. Кыргызстан бийлиги ар дайым өлкөнүн эгемендигине шек келтирчү жагдайларды кылдат иликтеп, көрүнбөс жиптен тордолгон кылтактардан алыс болууга далаалат кылууга тийиш деп ойлойм.

Негизи, либерал демократиялык мамлекеттер тарабынан бирөөлөргө кысым жасоо аракеттери жокко эсе. Тигил же бул мамлекетте авторитардык режим чыңдала баштаса, андай мамлекеттеги режим өз өлкөсүнүн ичинде гана эмес, сырткаркы чөйрөдө да өкүм сүйлөөгө далаалат кылып калат.

Муну биз пост-ельциндик Орусиянын мисалында мыкты үйрөндүк. Советтер Биримдиги ыдырап жаткандагы КМШ боюнча шериктеш өлкөлөргө берген убадаларын унуткарып, бул мамлекеттин авторитардык режими Днестр бою, Кырым, Чыгыш Украина, Абхазия, Түштүк Осетия сыяктуу аймактарда жикчилерди колдоп келди.

Аз гана жерден Түштүк Кыргызстанда жикчилик очок түзүлүп кала жаздаган алааматтуу учурдан бери 8 гана жыл өттү.

Маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда да коңшуларга карата текебер мамиле байкалган. Эми жаңы президент Шавкат Мирзиёевдин либералдаштыруу саясаты кеңири тамыр жайып, мунун аркасында Өзбекстан коңшулары менен да таптакыр жаңы карым-катнаш сересине чыгып, өзбектерди гана эмес, Борбордук Азиядагы тарыхый коңшуларын да кыйла ыраазы кылууда.

1990-жылдардын башында Түркия демократиялык жүрүм жаатында пост-советтик Борбордук Азиядагы жумурияттарга салыштырмалуу ат чабым алдыда болчу.

Эми, соңку жылдары, бул өлкөдө авторитаризмдин карааны калдайып чыга келди. Айрым саясат таануучулар бул кубулушту “эрдоганчылык” деп атай башташты. Мен расмий Анкаранын “Сапат” агартуу мекемесине каршы кастар тигишинин башкы себебин ушундан көрөм.

Кыргызстан — эгемен мамлекет. Ал өз өлкөсүндө агартуу системасын кандай куруш керектигин өзү гана чечет. Түркиядан келип толук ыйгарым укуктуу элчи болуп иштей баштаган Женгиз Камил Фырат (Cengiz Kamil Fırat) мырза, менимче, абдан эстүү жигит. Ал Мехикодо 1970-жылы туулган, Батышта таалим алган, Европа Биримдигинин аймагында иштеп келген дипломат адис.

Түрк элчиси: “Себатка” альтернатива болчу мектептерди сунуштайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:29 0:00

Дал ушул элчинин оозу менен “Сапат” мекемесинин ордуна Түркиянын “Маариф” (Maarif Vakfı; “Агартуу”) фондуна таандык жаңы жана акысы арзаныраак окуу жайларын ачуу сунушунун Кыргызстан тарапка айтылышы — бул саясий режимдин буюртмасынын аткарылышы болду; бирок элчи мырза чын жүрөгүнөн бул сунушту колдобосо керек, деген жеке оюм бар.

XXI кылымдын башынан бери эки ирет элдик ыңкылап уюштурган кыргыз улуту калыптандырган азыркы бийлик өлкөдөгү демократиялык баалуулуктардан эч баш тартпайт жана тышкы саясатында ар кандай авторитардык өлкөлөрдүн “байкелик” (түркчө – агабейлик, орусча “старший брат” катары) сунуштары боюнча көз карандысыз, өз алдынча чечим чыгарууга кудуреттүү деп ойлойм.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин түздөн-түз көзөмөлүндө жана Кыргызстандын ички стандарттарына ылайык таалим-тарбия иштерин уюштуруп жаткан “Сапат” мекемеси ырааттуу реформалардын натыйжасында Кыргызстандын ички агартуу системасынын органикалык бир бөлүгү болуп калды.

Залкар ойчул Чыңгыз Айтматов “Сапат” таалим мекемесин ырааттуу колдоп келген. Азыр жазуучунун ысымын “Сапаттын” Бишкектеги бир мектеби сыймык менен алып жүрөт.
Залкар ойчул Чыңгыз Айтматов “Сапат” таалим мекемесин ырааттуу колдоп келген. Азыр жазуучунун ысымын “Сапаттын” Бишкектеги бир мектеби сыймык менен алып жүрөт.

Учурунда залкар ойчул, жазуучу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун (1928—2008) батасын алган бул агартуу мекемеси азыр да эл аралык агартуу системаларынын сынактарында көптөгөн таланттуу тарбиялануучуларынын ийгиликтери аркылуу Кыргызстандын туусун желбиретип, өлкө зоболосун көтөрүп келет.

Түркия биздин өлкөбүз үчүн ар дайым боордош элдин мамлекети катары өнөктөш бойдон кала берет. Айдыңдык (секулярдык) Кыргыз Республикасы да Түркиянын ички иштерине кийлигишпейт.

Дал ушундайча ички иштерге өз ара кийлигишпөө саясаты эки боордош мамлекеттин турмушунда кандайча жүзөгө ашырылып жаткандыгын даана аныктоо үчүн кыргыздын “Сапат” агартуу мекемеси кубулушка акыйкат баа берилчү лакмус кагазынын ролун аткарат десек жаңылышпайбыз.

Жаңы талкуулардан кийин

Жогорудагы “төө көзүндөй” чакан макалама удаа эле ар кыл басылмаларда жана интернеттеги коомдук тармактарда абдан кызыктуу жана талаш-тартыштуу макалалар жана пикирлер жарыяланды.

Алардын айрымдары Түркия Кыргызстанга таңуулагысы келген “Маариф” коруна байланган окутуу системасын Ай менен Күнгө жеткире макташса, айрымдары болсо Ататүрктүн доорунан бери алгачкы жолу бул өлкөдө секулярдык (айдыңдык) түзүлүшкө каршы чабуул болуп жатат; жаңы түзүлгөн “Маариф” системасы болсо чет өлкөлөрдө түркиялык секулярчы-ататүркчүлөрдүн эмес, исламчылардын гана рухун чагылдырган бир беткей окутуу усулун сунуштайт, - деп бул “Маариф” мектептерин сынга алууда.

Эгерде Кыргызстан “Маариф” корунун системасын атаандаш окутуу тармагы катары Кыргызстанда иш алып барууга уруксат кылчу болсо, анда оболу анын мектептеринин жадыбалын жана окутуу ураандарын терең талдаган адистик текшерүү уюштурушу абзел.

Бирок, Ала-Тоодогу агартуу адистери туура белгилешкендей, айрым Африка өлкөлөрүнүн кебетесин кийип, мурдагы “Себаттын” ордуна анын инфраструктурасын тартып алуу менен “Маариф” мектептерине механикалык түрдө өткөрүү далаалаты өтө чоң жаңылыштык болоор эле.

“Сапат” мекемеси өтө татаал реформалардан жана тынымсыз педагогдук мээнеттен кийин нагыз кыргыз агартуу мекемеси болуп кайра жаралгандыгын биз жакшы билебиз.

Алгачкы жылдары “Себаттын” мектептеринде жоолукчан (“бурка”) жүрүүгө шыктандырышып, бир эле учурда Түркиянын жана Кыргызстандын гимндерин ойнотушуп, бардык жерде Түркиянын рекламалык көрнөктөрүн илип келишчү.

Кийинчерээк бул мектептерде Кыргызстандын гана гимни ойнотулуп калды, мугалимдердин абсолюттук басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болуп, ал эми дагы эле иштеп жаткан калган-каткан түркиялык мугалимдер жана башка агартуу кызматкерлери бүт кыргыз тилинде түш жоруп калышты. Алардын айрымдары илимий диссертацияларын Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясынын талабына ылайык жакташып, жергиликтүү агартуучу жана илимпоз адистерге айланышты.

Негизи, бул мектептерде көп этностуу мугалимдер курамы калыптангандыгы да мыкты болду. Мындай мектептердеги мугалимдер бири-бирине эриш-аркак жана чыгармачыл демөөр менен иштеп келет.

Көптөгөн макалаларымда кайталаганымдай, ыраматылык Чыңгыз Айтматов атабыздын болочокко көрөгөчтүк менен айткан бир өтө маанилүү осуяты бар: “бүгүнкү кыргыз улан-кызы бери дегенде төрт тил билүүгө тийиш”.

“Сапат” мекемесинде тарбиялангандар ушул осуятты ырааттуу аткарышып, кыргыз, түрк, орус, англис тилдерин — бери дегенде төрт тилди — эптеп-септеп эмес, мыкты өздөштүрүшүүдө. Бул мектепте окугандар боорукер, ыймандуу, тартиптүү, ошондой эле жогорку атуулдук мүдөө үчүн интеллектуалдык мээнет төгүүгө дилгир болуп тарбияланып жаткандыгы анык.

XX кылымдын башында “жадитчилер” (“жаңы усул” окутуу системасын сунуштап, далай жаштарды илим-билимге, математика, технологияга чакырган ошол доор үчүн заманбап мектептерге тарткан түрк тилдүү мусулман агартуучулар) жүзөгө ашырган айдыңдык иш-аракетти эми XXI кылымдын башында “сапатчылар” жаңы деңгээлде жүзөгө ашырып жаткандыгын калыс баамдап-баалай алышыбыз керек.

Бул күндөр да өтөт.

Түркиянын өзүндө секулярдык либерал-демократиялык баалуулуктарды биринчи планга койгон саясий партиялар шайлоо жолу аркылуу кайра бийликке келген заманда Анкаранын “Сапатка” карата азыркы мамилесин Анкаранын өзү жылмаюу менен четке кага турган учур да болот.

Эсимде, коммунизмге жана социалдык теңдик идеяларына каршы күрөш урааны менен учурунда Түркияда акын Назым Хикмет (Nâzım Hikmet; 15.1.1902 — 03.6.1963) кыйла кодуланган, анан саясий баш паана таап, Советтер Биримдигине кеткен.

"Мен тууралуу гезиттерге чыгып жаткан макалаларды окуп, эч капаланганым жок. Адам катары мен өз эл-жеримди жакшы көрөрүмдү билем. 20, 50 жылдан кийин түрк эли ушакчылардын атын таптакыр унутуп коёт, бирок түрк улуту барда, менин түрк тилим жер үстүндө жаңырып турганда, мен ошол тилде, ошол эл жөнүндө эң чынчыл ырларды жазган адам катары жашап кала берем”, — деп Назым Хикмет түрмөдөн жубайына кат жазган.

Сөзү курч акын Назым Хикмет жалындуу калеми аркылуу:

Sen yanmazsan,

Ben yanmazsam,

Biz yanmazsak

Nasıl çıkar karanlıklar aydınlığa?

(Кыргызчасы

Эгерде мен күйбөсөм,

Сен күйбөсөм,

Биз күйбөсөк,

Караңгыдан жарыкка кантип жол табылаар?”), — деп таасын чакырык жасаган эмеспи!

Ал эми чыгаан түрк сатириги Азиз Несин (Aziz Nesin, туулгандагы аты-жөнү Мехмет Нусрет; Mehmet Nusret; 20.12.1915 — 06.7.1995) өз өлкөсүндөгү ашынган динчил түркөйлөрдүн кысымына калган учурлар да болгон. Түркия демократиялык жүрүмдү тездеткенде бул инсандардын чыгармалары түрк улуту гана эмес, жалпы адамзат кадырлаган айдыңдардын көөнөргүс мурасы катары баркталып келээри да маалым.

Бизде деле “заманачы”, "бай-манапчыл", "пантүркчү" деп жерилген далай мурастарыбызды пост-советтик эгемендик доорунда гана кайра акырындап актап алдык. Тагыраак айтканда, ошол мурасты калтырган бабалардын арбактарынын алдында катабызды оңдоп, өзүбүздү аруулап, актоого жетиштик. Алардын мурасы дайыма эле ак, аруу болчу.

Ушул тапта, демек, расмий Бишкектен кеменгерликти, көрөгөчтүктү, сабырды, буга чейинки агартууда жетишилген ийгиликти дипломатиялык арга аркылуу сактап калууга зарыл болгон саясий эркти күтүп жаткандарга тилектештик билдирээр элем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: инсандын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG