Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

"Сапат" кыргыз-түрк мамилесин сынайбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Балыкчы шаарында "Сапат" мектебин ачуу тууралуу сунуш карала элек экенин билдирди.

Анын алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчыда "Сапат" мектеби ачылса, бул эки өлкөнүн алака-катышына терс таасирин тийгизээрин айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары элчинин билдирүүсүн "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" катары баалап жатат жана кыргыз дипломаттары чукул арада жооп бериши керек деп эсептешет.

Кыргызстанда дээрлик 26 жылдан бери иштеп келе жаткан, былтыртан бери "Себат" аты "Сапат" болуп өзгөргөн, миңдеген окуучуларга билим берген бул эл аралык билим берүүчү мекеме кыргыз-түрк алака-катышын сынаган жагдай болуп калды.

"Маселе чечиле элек"

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 7-июнда түрк элчиси Женгиз Камил Фырат менен телефондон сүйлөштү. Мекеменин басма сөз катчысы Айзура Чыкынованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, анда министрликтин расмий түшүндүрмөсү айтылды:

- "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесин уюштуруу документтерине ылайык, жаңы билим берүү мекемелерин ачуу жөнүндө чечимди уюштуруучулар кеңеши кабыл алат. Уюштуруучулардын курамына Билим берүү жана илим министрлиги да кирет. Азыр уюштуручулар кеңешине жаңы лицей ачуу тууралуу сунуш түшө элек.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президентинин кеңешчиси Бактыбек Жекшенов Балыкчыда лицей ачууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өтүнүп жатканын айтып берди. Азырынча ал бул маселе бир өңчөй чечиле элек экенин бышыктады:

- Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары менен мэри "башталгыч мектеп ачып берсеңер" деген өтүнүч менен кайрылышкан экен. Биздин жетекчилик барып, депутаттар, мэр менен жолугуп, "жаңы лицей ачканга азыр каражатыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жок, силер берип жаткан имаратты оңдогонго көп каражат керек экен, эгерде муну оңдогонго макул болгон инвестор чыгып, имаратты оңдоп берсе анда ачуу маселесин карайлы" деген. Элчи мырзанын буга эмнеге анча күйүп-бышып жатканын түшүнбөй турабыз. Бүгүнкү күндө "Сапаттын" Түркияга эч кандай тиешеси жок. Кыргызстандын гана билим берүү мекемелери болуп саналат. Учурда 16 лицей, алты башталгыч мектеп жана бир ЖОЖ бар, кыргызстандык он миңге жакын бала билим алып жатат.

Буга чейин "АКИpress" маалымат агенттиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында "Себат/Сапат" мектебин ачуу боюнча нааразы болуп жатканын жазган. Анда элчи бул жагдай "Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сентябрь айындагы Кыргызстанга сапарына терс таасирин тийгизет, көрсөткөн жардамды кайра карап чыгуу зарылчылыгы туулат деп эскерткен.

Депутат жооп кайтарууга үндөдү

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев түрк элчисинин айткандарын "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" деп сыпаттады. Ал ТИМди чукул арада буга жооп кайтарууга чакырды:

- Түрк элчиси Балыкчыда ачыла турган мектеп боюнча “ал ачылса болбойт, кыргыз-түрк мамилелерине зыяны тийип калат” деп өтө одоно билдирүү жасаптыр. Бул дипломатиянын эрежелерине да, элчинин статусуна да туура келбейт жана ички иштерге кийлигишүү болуп эсептелет. Куруучулар жергиликтүү болсо, анын бир бөлүгү да мамлекеттештирилген болсо - эти да, сөөгү да биздики. Биздин Тышкы иштер министрлиги буга тез арада жооп бериши керек.

Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемелери тууралуу түрдүү пикир бар. Мурдагы билим берүү министри, профессор Ишенгүл Болжурованын баамында, "Сапат" мектептери кыргыз билим берүү системасында жакшы саамалык болгон:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

- "Сапат" билим берүү мекемеси балдарды эң эле жакшы окутканын көрүп жатам. Эл аралык предметтик олимпиадаларда Кыргызстандын атын чыгарып, желегин көтөргөн ушул лицейлердин балдары болуп жатат. Эгемендүү өлкө болгондон кийин бизге кайда барышыбыз, эмне кылышыбыз керек экенин өкүм кылып көрсөтүү дипломатияга жатпайт. Мекеменин бир эле идеологиясы бар - бул Кыргызстанда жашаган балдарга сапаттуу, дүйнөлүк агымга туура келген жакшы билим берүү. Бул билим берүү мекемесин бүткөн балдарды карап жатам - булар эң эле инновацияга жакын, Кыргызстан үчүн иштеп берели деген мекенчил балдар.

Саясат таануучу Орозбек Молдолиев эки өлкөнүн алака-катышын сынаган бул жагдай сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы керек деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Түрк элчисине "биздин лицейлердин программасы мына, окутуп жаткандары мына, дүйнөбий ыкма менен окутуп жатабыз, келгиле, чогуу карайлы" деп айтыш керек. Ортодо күдүк болгондон кийин муну эки мамлекет жакшынакай кылып сүйлөшүп чечпесе бул дагы ырбай берет. Түрк эле эмес, бардык мамлекет менен ынтымакта жашап, ортодо түшүнбөстүк болбошу керек. Бул биздин деле кызыкчылыгыбызга туура келет. "Кандайдыр коопсуздукка таасир эте турган жагдай болсо силер айтсаңар, биз чогуу иликтейли" деп ТИМ, керек болсо УКМК, баары чогулуп туруп муну сүйлөшүү керек. Мына, Казакстан деле муну жаап салган жок.

Жоопсуз калган чакырык

Мындан эки жыл мурун расмий Анкара диний аалым Фетхуллах Гүлен негиздеген кыймылга таандык билим берүү мекемелерин жабууну талап кылган. Расмий Бишкек буга каршы жооп берген жана "бул лицейлер өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет" деген дооматтарды чектке каккан. Бул окуядан кийин эки өлкөнүн алака-катышы сууй түшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Гүлендин кыймылы "Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин" айтып, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырган:

- 251 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап, тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "гүленчилер" тууралуу үн каткан эмес.

Анкара, 9-апрель, 2018
Анкара, 9-апрель, 2018

Ал арада социалдык тармактарда Бишкектеги окуу жайларынын биринде билим алат делген түрк студенттин видео блогдору кызуу талкууланып жатат. Анда ал "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелерин кыдырып, бул жайларды "Фетхуллах Гүлен түзгөн "Фето" кыймылына таанды, аны жабыш керек" деген мазмундагы пикирин билдирген. Кыргызстандагы тиешелүү органдардан буга байланыштуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси былтыр март айында "Сапат" деп өзгөртүлгөн жана мекеменин уюштуруучулар курамына Билим берүү жана илим министрлиги да кирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG