Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:49

Түрк элчиси: Кыргызстандан "Себат" боюнча жооп күтүүдөбүз


Женгиз Камил Фырат.

Түркия ушул аптада башкаруу системасын өзгөртүп, президенттик башкарууга өттү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Түркиянын жаңы системага өтүшү менен кыргыз-түрк мамилесинде кандай өзгөрүүлөр болот? Буга чейин эки өлкөнүн алакасынын солгундашына себеп болгон “Сапат” мектептери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдөбү? Бул суроолорго Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат жооп берди.

“Азаттык”: Элчи мырза, Түркияда ушул аптада маанилүү саясий окуя болду. Режеп Тайып Эрдоган кайрадан президенттикке киришти. Бул жолу Түркиянын башкаруу системасы өзгөрүп, президенттик башкарууга өттү. Мына ушул жаңыланууларды эске алганда Кыргызстан менен мамиледе кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?

Фырат: Түркияда башкаруу системасынын өзгөрүшү эффективдүү бийлик системасын түзүү максатын көздөйт. 26 министрликтен турган өкмөт 16 министрликке азайды. Президенттик башкаруу системасына өттү, бирок парламенттин кубаты да жогорулады. Мурун 550 депутат болсо, анын саны 600гө көбөйдү жана парламентке келген партиялардын саны артты. Дагы ыкчам, дагы чечкиндүү чечимдерди кабыл алчу бийлик системасы түзүлдү. Ошондуктан Түркияда жакшы бир өнүгүү мезгили башталып жатат деп ойлойм.

Ал эми сурооңуздун экинчи бөлүгүнө келсек, чынын айтканда Түркияда президент да, тышкы иштер министри да өз ордунда калып, ишин улантууда. Маанилүү болгону ушул нерсе. Алар Кыргызстанды абдан жакшы билишет жана кыргыз элин бир тууган, дос катары жакшы көрөт, урматтуу Жээнбеков мырза менен мамилеси жакшы. Президентибиздин Кыргызстанга карата көз карашы, мамилеси түз. Мындан улам эки өлкө ортосундагы алака мындан ары абдан жемиштүү жана жакшы болорунан күмөнүм жок.

“Азаттык”: Дипломатиялык тил менен эки өлкө ортосунда мамиле эң сонун, стабилдүү өнүгүп жатат деп сыпаттаганыбыз менен эки жыл мурун эле Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси солгундаганы белгилүү. Буга Түркиядагы акыркы саясий окуялардын таасири же Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары боюнча расмий Анкаранын суранычына ал кездеги кыргыз бийликтеринин оң жооп бербегени себеп болгон эле. Бул маселеде азыр бир пикирге келдиңиздерби?

Фырат: Түркия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш өлкөлөр. Стратегиялык мамилелерден да маанилүү бир тууган жана дос мамлекеттербиз. Муну тарыхый, маданий жана социалдык жагынан негиздесек болот. Мисалы, экөөбүз түркчө сүйлөшүп жатабыз. Бул деле бир окшоштук. Бир тууганбыз, доспуз. Туугандардын ортосунда деле айрым түшүнбөстүктөр болуп турат. Мен деле туугандарым менен кээде айтыша кетем, бирок тез эле элдешем. Мурдагыга караганда мамилебиз дагы да бекем болуп калат. Кыргызстан менен Түркиянын мамилесинде да ушундай абалды көрүп жатам. Биз сүйлөшүп, көрүшө берсек эле туугандар ортосундагы мамиле оңолот.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Ал эми эки жыл мурдагы окуяларды айрым саясий маселелерден улам деп айтканыңыз бир аз жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрүү аракет болуп калат. Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракети болду. Фетхуллах Гүлендин кыймылы Түркияда террордук уюм катары таанылган. Эгер жөнөкөй түшүндүрсөк, мисалы, дал ушул кишилер Ала-Арча тоолорунан Ми-29 үлгүсүндөгү тик учактарды минип келип, Жогорку Кеңештин имаратын бомбалай баштаса сиз кабарчы катары кандай абалда болот элеңиз?

Сиздердин мектептерде мугалим болуп эмгектенгендердин бири өзүн Куралдуу күчтөрдүн башчысы, экинчиси ички иштер министри, англис тили мугалими өзүн тышкы иштер министри деп жарыялай баштаса эмне болот эле? Түркияда параллель мамлекеттик система кургусу келген бул адамдар дал ушундай иштерди жасай башташты.

Бул төңкөрүш аракеттеринде 250 адам набыт болду, 2 миңден ашык адам жарадар болду. Ушундай кырдаалда кыргыз эли буга нааразы болбойбу?

Кыргызстанда эле эмес, бул мектептер же Гүлендин жолдоочулары иш алып барган уюмдар бир гана билим берүү системасында эмес, соода тармагында, башка тармактарга аралашып кеткен. Булар “алтын муун” деген адамдар тобун тарбиялап, "аскер, коопсуздук кызматкери же дипломат бол, убагы келгенде аларды басып ал" деп уюмдашкан. Түркияда муну биз башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан, биз дүйнөдөгү башка досторубузга, туугандарыбызга "ушул сыяктуу окуялардан сак болгула" деп эскертип жатабыз.

Кыргызстан менен да дал ушул маселе боюнча сүйлөшүп, маселелер, талаптарыбызды бири-бирибизге жеткирип жатабыз. Айрым учурда түшүнбөстүктөр да болушу мүмкүн, бирок анын баары өтөт.

9-июль, 2018-жыл.
9-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-11-апрелде Анкарага барып, биздин президент менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап да, түрк тарап да өз талаптарын айтышты.

Биз дипломат катары президенттер жана министрлер берген тапшырмалардын негизинде эки өлкө ортосундагы мамилени дагы оңдоп, өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз.

Президент Жээнбеков биздин өлкө башчынын ант берүү аземине чакырылып, ал аземге катышкан 50дөн ашык өлкө жана өкмөт башчыларынын бири болду. Муну менен Кыргызстан бизге дос жана боордош өлкө экенин билдирди десек болот. Бул абдан маанилүү белги.

“Азаттык”: Бирок кыргыз президенти деле Түркиядагы буга чейинки президенттик шайлоодо Эрдоган утуп чыккандан кийин жанында болуп, элге чогуу чыкты эле. Бул кийинки мамиленин бузулбай калышын шарттаган жок. Сиз жооп берип жатып ФЕТО же Гүлендин террорчул уюму деп жатасыз. Бул уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда ишмердик жүргүзүп жатабы? Кыргызстанда андай уюм жок да?

Фырат: Гүлендин уюмунун түзүмүнө карасак бул жерде соодада, билим берүүдө жана башка социалдык долбоорлордо ишмердик жүргүзүп жатат деп ойлойбуз. Биз булар боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүп жатабыз. Мисалы, “Себат” же азыр “Сапат” деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын күтүп жатабыз.

Ошол эле учурда биз кыргызстандыктардын билим берүү тармагындагы талабын эске алуу менен “Маариф” аттуу фонд жөнүндө маалымат берип жатабыз. Бул фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы - Түркиянын билим берүү министри. Башкача айтканда, мамлекеттик фонд. Дал ушул фонд келип, Кыргызстанда мектептерди ачсын деп сунуштап жатабыз. Мисалы, Бишкекте фонд мектеп ачса, шарттуу түрдө “Себат” мугалимдерге 30 миң сом айлык берсе, “Маариф” 40 миң сом айлык берет, “Себат” окуу үчүн ар бир окуучудан эки миң сом алса, бул мектептер миң сом алат.

Башкача айтканда кыргыз калкынын тандоосу үчүн альтернативалуу мектептерди ачууну сунуштайбыз. Эми бул боюнча чечимдер кабыл алынат. Алдыдагы мезгилде сентябрь айында биздин президент Бишкекке келет. Мына ошондо айрым маселелер чечилиши мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстанда “Сапат” мектептери абдан сапаттуу билим берген, саясаттан алыс жана келечек үчүн мыкты адистерди даярдаган мекеме катары таанымал. Анын тыюу салынган уюмга кандай тиешеси бар?

Фырат: Биз да мурун ошондой ойдо элек. Бирок кийин бул мектептин бүтүрүүчүлөрү өз элин бомбалады. Буга маани берип, көңүлгө алыш керек. Биз мунун терс жыйынтыгын көрдүк. Ошондуктан сиздерге эскертип, альтернативаны сунуштап жатабыз. Тандоону кыргыз эли кылат.

“Азаттык”: Бирок сиздер дал ушундай эскертүүлөр, билдирүүлөр менен Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жаткан жоксуңарбы?

Фырат: Ошондойбу? Мен сизден сурайын, ички ишке кийлигишип жатамбы?

“Азаттык”: Кыргызстандан мурдагы президенти дал ушундай баалаган эле...

16-июль, 2016-жыл, Стамбул.
16-июль, 2016-жыл, Стамбул.

Фырат: Сиз мага суроо бердиңиз, мен жооп берип жатам. Биз кыргыз элине абдан так жана ачык альтернатива гана сунуштап жатабыз. Ички иштериңиздерге кийлигишпейбиз. Муну кылгыла деп талап да койбойбуз. Мектептер дагы жакшы болсун, сапаттуу билим берсин деген Түркиянын атынан сунуштап жатабыз. Тандоо сиздики....

“Азаттык”: Демократиялык баалуулуктар үчүн бул сыяктуу мектептердин жабылышы, окутуучулар, мамлекеттик кызматкерлердин камакка алынышы терс реакцияларды жаратып жатат.

Фырат: Кайда? Түркиядабы?

“Азаттык”: Түркияда, Кыргызстанда да ошол сыяктуу сунуштардын болушу эмнеден кабар берет?

Фырат: Кимдин андай ойдо болуп жатканы белгилүү. Түркиянын калкынын саны 81-82 миллион адамга жетет. Чоң өлкө. Бул өлкөгө барсаңыз көчөгө чыгып, "бул мектептерди бүтүрүп, кайсы бир идеологияны кармагандардын кылган кылыгына жан тартасызбы?" деп сурасаңыз, 99 пайызы “жок” деп жооп берет. Ошондуктан, сиз айтып жаткан нерселер анчалык жөнөкөй эмес. Демократия деп, сырттан мектептер жабылып жатат деп айтышы мүмкүн. Бирок жабылган мектептер кандай экенин билип алышыбыз керек.

Экинчиден, Түркия бул мектептерди жабышы мүмкүн экен деген ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Мен бул жерде түшүндүрмө бере кетейин, урматтуу көрөрман жана угармандар, биз мектептерди жабууну эмес, альтернативаны сунуштап жатабыз. Биз “Себат” мектептеринде Түркиядан келген, Гүлендин кыймылы жиберген түрк мугалимдерди кабыл албайбыз. Ансыз деле саны азайып жатат. “Себат” мектептерин Түркияга өткөрүп берүү маселе боюнча кыргыз мамлекети чечим кабыл алат.

“Азаттык”: Сиз “Маариф” фонду жөнүндө айтып жатасыз. Бирок ал фонд ачкан окуу жайлар диний билим берет жана диний багытта иш жүргүзөт деген маалыматтар арбын.

Фырат: "Маариф" Түркияда биздин билим берүү министри камкорчулар кеңешинин төрагасы болгон, мамлекеттин колдоосун алган, өлкө сыртында мектеп ачууга укугу бар фонд. Аны мамлекет көзөмөлдөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG