Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:00

Бишкек-Анкара: Эрдоган "гүленчилер" маселесин көтөрдү


Режеп Тайып Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков. Анкара, 9-апрель, 2018-жыл

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий сапар менен барды. Ал түрк мамлекет башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече келишимге кол коюлду.

Жээнбековдун сапары акыркы эки жыл кыргыз-түрк мамилеси солгундаган учурга туш келди. Жолугушууда түрк президенти Кыргызстанды бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине каршы чара көрүүгө чакырды. Сооронбай Жээнбеков мындай чакырыкка расмий түрдө жооп берген жок.

Анкара визити былтыр ноябрда президенттикке киришкен Сооронбай Жээнбековдун КМШнын аймагынан тышкары чыккан алгачкы сапары болду. Ал эки өлкө ортосундагы мамиле кыйла солгундаган учурга да туш келди.

Буга чейинки өлкө жетекчилиги менен расмий Анкара ортосунда ачык кайым-айтыш орун алып, жогорку деңгээлдеги карым-катнаш начарлаган. Ошондуктан бул жолку сапар Түркиянын жогорку жетекчилиги менен саясий диалогду жакшыртуу максатын көздөөрүн дипломаттар белгилеп жатышты.

Президент Жээнбековду түрк тарап абдан жылуу тосуп алды. Жергиликтүү журналисттердин белгилешинче, бул жагынан өткөн аптада Анкарага келген орус президенти Владимир Путинди тосуп алгандагы деңгээлдей болду.

Анкара: кыргыз президентин тосуп алуу салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Кыргыз президенти сапардын алгачкы күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документке кол коюлду.

Эрдоган жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” деп билдирди.

Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды:

- Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү укук алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 251 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык.

Сооронбай Жээнбеков Гүлендин мектептери боюнча Эрдогандын чакырыгына жооп кайтарган жок, позициясын да билдирбеди.

Ал Анкарага сапары жемиштүү өтүп жатканын айтып, түрк президенти менен эки өлкө ортосундагы жана эл аралык олуттуу маселелерди талкуулаганын билдирди.

Президент Түркия менен кызматташтыкты күчөтөрүн белгилеп, бул жолку сапар эки тарапка тең жаңы дем бергенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков менен Тайып Эрдоган.
Сооронбай Жээнбеков менен Тайып Эрдоган.

Сооронбай Жээнбеков кол коюлган документтер арасынан социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге басым жасап, аны тарыхый документ деп атады:

- Бүгүн биз маанилүү эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Алардын ичинде тарыхый мааниге ээ болгон Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишим бар. Башкача айтканда эки жакта иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиленин начарлашына түрк бийликтери өлкөдө куралдуу козголоң уюштурууга айыптаган бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына байланыштуу талаш-тартыш болгон эле.

2016-жылы Түркия "гүленчилердин" таасири Кыргызстанда да күч экенин айтып, аларга тыюу салууну суранган. Ал кездеги кыргыз бийлиги Анкаранын суранычын аткаруудан баш тарткан. Алтургай мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түрк бийликтерин Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат деп сынга алып, каяша айткан эле.

Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси жергиликтүү уюм катары каттоодон өтүп, өткөн жылы аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн.

Мындан соң эки өлкө бийликтери ортосундагы мамиле кескин начарлаган. Буга чейин бат-бат катташып турган кыргыз-түрк мамлекет жетекчилери акыркы эки жылда такыр жолуккан жок. Ошондуктан Жээнбековдун Анкара сапарында негизги козголчу маселелердин бири Гүлендин Кыргызстандагы жолдоочуларынын маселеси экени айтылып жаткан.

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган.
Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган.

Бул багытта жаңы кыргыз бийлигинин позициясы мындан аркы кыргыз-түрк мамилелеринде маанилүү болорун эксперттер да белгилеп жатышат.

Маселен, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков бул жаатта президент жаңылбагандай чечим кабыл алыш керек дейт:

- Себат маселесин түрк тарап бир эсе сураныч, бир эсе талап катары айтты. Биздин тарап ага кандай жооп берет, ошого жараша мындан аркы мамиле өнүгөт. Эгерде биздин тарап макул деп койсо, ички саясатта президенттин кадыр-баркына доо кетет.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Чынында эле саясатчы белгилегендей, өлкөдө сапаттуу билим берүү мекемелери катары таанылган, ишкердик чөйрөдө ийгиликтерге жетишкен “Сапаттын» колдоочуларынын катары калың.

Ал эми саясий илимдердин доктору Орозбек Молдалиев бул жаатта жаңы кыргыз бийлиги кандайдыр бир мунасага барыш керек деген ойдо:

- Бул маселеде биз ийкемдүү болушубуз керек. Түркиянын бизге жардамы абдан эле чоң болуп жатат. Алар бизде иштеп жаткан билим берүү мекемелери менен катар соода борборлору, бейөкмөт уюмдар жөнүндө айтып жатпайбы. Эми алардын “Хизмет” кыймылын колдойбу, такташ үчүн Түркиянын маалыматын алып койсо ашыкча болбойт. Бул биздин да кызыкчылыгыбыз, чынын айтканда.

Акыркы жылдардагы мамиленин солгундашынан улам Түркия Кыргызстанда ишке ашырып жаткан Тарых музейин реконструкциялоо, Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасын куруу сыяктуу долбоорлор бүткөрүлбөй созулуп келет.

Буга кошумча 2015-жылы Бишкекте өтчү түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү улам кийинкиге жылдырылып келди. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүргөн эмес. Бул жолку жолугушууда ал саммитти быйыл сентябрда Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынганын түрк президенти Эрдоган билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун Түркияга сапары 10-апрелде да уланат. Анда түрк премьери жана парламент төрагасы менен сүйлөшүү өткөрүп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG