Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:55

Түркия "гүленчилердин" сары изине чөп салды


Сүрөттө: Түрк полициясы "гүленчилер" деп шектелгендерди кармап баратат

Расмий Анкара дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн Фетхуллах Гүлендин иши боюнча 45 тарапкерин Түркияга кайтарууну талап кылмакчы.

Анкара "Гүлендин тарапташтары жашырынып жүрөт" деп шек санаган өлкөлөрдүн тизмесинде Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу Түркиянын "Anadolu" агенттиги Түркиянын Юстиция министрлигине таянып маалымат таратты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы расмий Анкаранын бул суроо-талабы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бишкек Анкаранын талабын аткарабы?

Диний аалым Фетхуллах Гүлендин ишин караган Анкаранын соту дүйнөнүн 22 өлкөсүндөгү FETO уюмунун 45 мүчөсүн Түркияга кайтаруу боюнча маселе койду. Фетхуллах Гүлен баш болгон 15 адамдын чоң тизмеси АКШга багытталган. Мындай суроо-талап бир эле учурда Британия, Германия, Бельгия, Норвегия, Албания, Израиль жана Египет сыяктуу мамлекеттерге жөнөтүлгөн. Ошондой эле бул тизмеде Түркмөнстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан бар.

Түрк бийлиги буга чейин "Имам Балкан" деген ат менен белгилүү Мустафа Өзжанды Казакстандан кайтарууну талап кылган.

Ошондой эле Анкара бул уюмдун эки мүчөсү Осман Каракуш менен Хусейн Сарухан Кыргызстанда жашырынып жүрөт деп шекшийт. Кыргызстандын тиешелүү органдары Түркиянын бул суроо-талабы боюнча комментарий берүүдөн азырынча баш тартып атышат.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев кыргыз бийлиги расмий Анкаранын талабын териштириши керек экенин айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Гүлендин уюму боюнча ар кандай бүдөмүк ойлор көп. Бул маселени биздин мамлекет дагы караштырышы зарыл. Анан эми биз "Себат" мектептерин "Сапат" кылып өзгөртүп койгонубузга түрк бийлиги чынында тырчып жатат. Ошол үчүн Түркиянын элчиси "Кыргызстанда бир канча "гүленчилер" жашырынып жүрөт" деп, ал уюмдун мүчөсү катары биздин кээ жарандардын ысымдарын айтып, бизде түптөлгөн соода борборлорунун жана ишкердик жайларынын аттарын дагы атаган. Түркия бизге андай доомат коюп жаткан соң, биз мунун аягына чыгарышыбыз керек. Болбосо Түркия биз аларды атайын жашырып жаткандай кабыл алып жатат. Ошондуктан биздин тиешелүү бийлик органдары Түркиянын суроо-талабына карата айтылган материалдарды сурап, "биздин өлкөнүн ичинде териштирүү жүргүзөлү" деп сүйлөшүш керек.

Түрк бийлиги "Кыргызстанда жашынып жүрүшү мүмкүн" деп шекшиген FETOнун эки жетекчиси Осман Каракуш менен Хусейн Сарухан тууралуу саясий жана диний чөйрөлөрдө азыр эч кандай маалымат жок. Түрк бийлиги ал эки адамдын Кыргызстан менен кандай байланышы бар экенин ырастаган маалыматтарын буга чейин расмий түрдө далилдери менен жарыялаган эмес. Ошондой эле ал түрк жарандары буга чейин кыргыз жарандыгын алганы же Кыргызстандан утурумдук башпаанек тапканы да белгисиз.

Шайлоонун "желаргысы"

"Сереп" эксперттик-изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу расмий Анкаранын тараткан маалыматын шайлоону утурлаган популисттик саясат катары баалады:

Серепчи Искендер Ормон уулу
Серепчи Искендер Ормон уулу

- Түркияда 2019-жылы президенттик шайлоо өтөт. Мунун баары ошол шайлоо жакындап келе жатканына байланыштуу. Эрдоган баш болгон азыркы түрк бийлиги кайрадан шайланууга бел байлайт. Эгерде шайлана албай калса, алар менен эсептешүү башталат. Ошондуктан алар азыр ушундай маалыматтарды жайылтуу менен ички саясатка иштеп, электоратка күчтүү саясат жүргүзүп жатканын айтып, ынандырууга аракет кылып жатканы десек болот. Алар азыркы бийликтин душманы деп санаган тарапты эл аралык деңгээлде издеп таап, жоопко тартууга жөндөмдүү экенин көргөзгүсү келет. Ошондуктан ушундай популисттик кадамдарды жасап жатышат.

Буга чейин түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин идеясы менен негизделген "Себат" мектептерин жана жогорку окуу жайларын жабууну талап кылып, бир катар мамлекеттерге кайрылган болчу. Анын бул талабын Азербайжан, Тажикстан жана Түркмөнстан аткарса, Казакстан менен Кыргызстан алардын аталышын өзгөртүп, түздөн-түз Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө өткөргөн. Искендер Ормон уулу муну Анкаранын саясий эркин таңуулоо аракети катары сыпаттады:

- Былтыр Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу бир катар мамлекеттер өз алдынчалыгын көргөзүп, расмий Анкаранын суроо-талабына акыйкат жооп кайтарышкан. Анкара мектептерди жабууну талап кылып, өлкөлөрдүн ички иштерине чейин кийлигишкени маалым. Бул жерде укуктук негизде эмес, бир адамдын эркин чагылдырган авторитардык түшүнүктүргө гана таянып чечим чыгарган мамлекеттер гана Анкаранын суроо-талабын канааттандырбаса, өз алдынчалыгын сыйлай алган, демократиялуу өлкөлөр анын талабын аткарышпайт. Буга чейин ачык түрдө жана көмүскө да ошондой талаптар коюлганы жазылып жатты. Бирок жада калса биздин Кыргызстан дагы муну өз ички ишине кийлигишүү катары баалап, айыптап чыккан соң, эки тараптын мамилеси ошондон бери сууп калган.

Анкара Фетхуллах Гүленди "мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракеттенген" деп айыптап жүрөт. Гүлендин жактоочулары ал кандуу окуяны тескерисинче, түрк бийлигин өзү уюштурган деп шек санаган жайы бар. Түркиядагы былтыркы кандуу окуяда 246 адам каза таап, эки миңден ашуун адам жарадар болгон. Түрк бийлиги буга байланыштуу беш миңге чукул Гүлендин жактоочуларын камакка алган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG