Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:40

8-декабрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясынын жетинчи жыйыны өттү.

Казакстан тарап уюмдун алкагында бир жыл ичинде жасалган иштер боюнча баяндама жасап, ТүркПАга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз тарап уюмдун ишин жандандырууга умтуларын айтып, бул бирикме анын мүчөлөрүнүн улуттук мүдөөсүнө туура келерин белгиледи. Жыйында бул бирикменин келечек пландары бекитилип, аны эл аралык аренада таасирдүү уюмга айлантуу маселеси көтөрүлдү.

Уюмдун келечеги

Ассамблеяга кирген Түркиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын парламент жетекчилери алгач "Ата Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүндүн жана 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына тургузулган эстеликтерге гүл коюшту. Андан ары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ТүркПАнын кезектеги жыйыны башталды. Ага бул жолу уюмдун курамындагы төрт түрк тилдүү мамлекеттен тышкары Өзбекстан менен Венгриянын парламент өкүлдөрү дагы байкоочу жана конок катары биринчи жолу катышты.

Казак Мажилисинин төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева бул уюмдун келечектүүлүгүнө басым жасап, ал өз курамындагы өлкөлөрдүн жалпы мүдөөсүн чагылдыра турганын айтты:

Гүлмира Исимбаева.
Гүлмира Исимбаева.

- Түрк тилдүү элдердин парламенттеринин ассамблеясы эл аралык аренада келечеги чоң, максаты бийик, ири уюмга айланды. Биздин ассамблея ага катышкан мамлекеттердин орток мүдөөсү үчүн кызмат кыла турган эл аралык уюм экенин көрсөттү. Ошонун негизинде уюмдун кызматташтыгынын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин биримдиги жана ынтымагы артууда.

Ошол эле учурда казак парламентинин төрагасынын орун басары бир жыл ичинде ТүркПАнын алкагында жасалган экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий кызматташтыктын жыйынтыгына токтолуп, ага байланыштуу аткарылган иш-чаралар тууралуу айтып берди. Жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал адабияттын жана искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн эмгектери басмадан басылып чыгарылып жатканы белгиленди. Ошондой эле түрк цивилизациясын даңазалоо максатында 2016-жылы Стамбулда бүткүл дүйнөлүк түрк форуму жана Брюсселде белгилүү "Крас-Монтана" форуму өткөнү мисалга алынды. Жасалган иштер боюнча баяндамадан кийин Казакстандын парламенти ассамблеядагы төрагалыкты Кыргызстанга өткөрүп берди.

Кызматташтыктын платформасы

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков уюмдун биримдигин бекемдөө жоопкерчилигин белгилеп, бул платформаны өнүктүрүүнүн зарылдыгына токтолду:

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

- Мындан ары ТүркПАны өнүктүрүү жана бекемдөө жоопкерчилигин эске алуу менен биз ассамблеянын алкагында парламент аралык диалогду жана бир тууган элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарыш үчүн бардык аракеттерибизди жумшайбыз. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы - биздин өз ара кызматташтыктын жалгыз платформасы. Биз аны сактап, өнүктүрүп, бекемдешибиз зарыл.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлашынча, кыргыз парламентинин спикери Дастанбек Жумабеков ТүркПА “эл аралык деңгээлде бирдиктүү жана күчтүү бирикме катары чыгууга мезгил жетти” деп билдирген:

- Мен биздин парламенттердин биргелешкен аракети натыйжалуу боло турганына терең ишенем. ТүркПАнын келечеги кең. Ал саясий, экономикалык же аймактык кызыкчылыктардан улам түзүлгөн уюм эмес. Биз ата-бабабыз артында калтырган таберигин сактоого жана жайылтууга милдеткербиз.

Солгундаган мамиледен кийинки жагдай

Жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын баш катчылыгына Кыргызстан сунуш кылган Алтынбек Мамаюсупов шайланды. Ошондой эле баш катчынын Азербайжан, Казакстан жана Түркия сунуш кылган орун басарлары дайындалды. Мамаюсупов буга чейин ТүркПАда Кыргызстандын өкүлү болуп иштеп келген.

Мындан тышкары уюм катчылыгынын 2018-жылга жана 2019-жылдын биринчи жарым жылына карата бюджети каралып, кабыл алынды. Буга чейин бекитилген жобого ылайык, ТүркПАнын бюджетинин кырк пайызын Түркия тарап, калган орчундуу бөлүгүн Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мойнуна алган.

Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

2015-жылы Стамбулда болгон окуяга байланыштуу Түркия "Себат" мектептерин жабууну өтүнүп, бирок аны Кыргызстандын саясий жетекчилиги ички ишке кийлигишүү катары четке каккан.

Саясат талдоочулардын баамында, ошондон бери кыргыз-түрк мамилеси солгундап, Кыргызстандын ТүркПАдагы ишмердиги дагы басаңдап калган болчу. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Кечээ эки тараптуу жыйын да болду. Ошол жерде дагы ошондой орчундуу маселелер каралды. Анан эми биздин эки тараптуу же ушул уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыгыбыз солгундап кеткен деп деле айтууга болбойт. Бирок эми ар бир мамлекеттин өз саясаты бар. Ошого жараша мамлекет өз иш-аракеттерин алып барат. Эми тараптар мындан ары жалпы бир тил табышып, ортодогу маселелер боюнча иш алып барышат.

ТүркПАнын кезектеги жыйынын өткөрүү кезеги Кыргызстан тарапка 2015-жылы эле келген болчу. Бирок Кыргызстан тарап белгисиз себептер менен аны өткөрүү милдетин улам кийинкиге жылдырып келген. ТүркПАнын курамындагы мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да кабыл алып, уюмдун алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алышты. ​

ТүркПАнын өкүлдөрү менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугушту. 8-декабрь, 2017-жыл.
ТүркПАнын өкүлдөрү менен президент Сооронбай Жээнбеков жолугушту. 8-декабрь, 2017-жыл.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG