Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

ТүркПАнын баш катчылыгына Алтынбек Мамаюсупов шайланды


Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын баш катчылыгына Кыргызстан сунуш кылган Алтынбек Мамаюсупов шайланды. Мындай чечимди уюмдун Бишкекте өткөн жыйынында парламент төрагалары кабыл алышты. Мамаюсупов буга чейин ТүркПАда Кыргызстандын өкүлү болуп иштеп келген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Мамаюсуповдун ишин канааттандырарлык эмес деп тапканын жазып чыгышкан.

Бирок комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев мындай маалыматты четке кагып, комитет Мамаюсуповду ТүркПАнын баш катчылыгына сунуш кылганын билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму. (BkA)

XS
SM
MD
LG