Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

UNICEF: 259 миң баланын ата-энеси миграцияда


Люсио Валерио Сарандреа.
Люсио Валерио Сарандреа.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кеткен балдарга көмөк көрсөтүү багытында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен 800 миң евролук, үч жылдык долбоор баштады. Анын алкагында балдардын саламаттык, билим алуу боюнча укуктарын коргоо жаатында иштер жүрмөкчү.

Долбоордун максаты жана аны баштоого негиз болгон себептер тууралуу "Азаттык" үналгысына ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа айтып берди.

"Азаттык": Сиздердин уюм ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын акыбалын изилдептир. Кандай жаңы жагдайлар ачылды?

Л.В.Сарандреа: Биздин акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 259 миңдей баланын ата-энеси иш издеп, Орусия, Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө кеткен. Көпчүлүк балдардын атасы да, энеси да миграцияга кетип, балдар жалгыз калууда. Кыргызстандан сыртка чыккандардын 60 пайызы эркектер, 40 пайызы аялдар экен. Ушундан улам жүз миңдеген балдар ата-энеси кеткенде туугандарынын колунда калып, бир топ оор кырдаалдар түзүлүп жатат. Биздин уюмдар дал ушундай аяр топтогу балдарга колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

"Азаттык": Мигранттардын балдары учураган эң негизги кыйынчылыктар эмнелер? Зомбулукпу же дагы башка жагдайларбы?

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Л.В.Сарандреа: Ата-энеси алыстагы балдардын баары эле ар түрдүү багыттагы зомбулуктун курмандыгы болушу толук ыктымал. Алардын эң башында жыныстык зомбулук болоорун, жашы жете электе турмушка зордоп берген учурларды да аныктадык. Мигранттардын балдарынын көпчүлүк учурда билим алуу, саламаттык сактоо ж.б. укуктары бузулуп жатат.

"Азаттык": Мындай кырдаалда мамлекеттик органдар жана мыйзам чыгаруу бийлиги коомдун бул аяр катмарына кандай кам көрүшү керек? Кандайдыр сунуштарыңыр барбы?

Л.В.Сарандреа: Дал ушул суроодон улам биздин эки уюм үч жылдык долбоорду баштап жатат. Вице-премьер-министрдин, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жардамы менен биз балдарды алып калып жаткан туугандарга жардам берүү системасын киргизели деп жатабыз. Мунун башкы максаты - ата-энеси чет жакка кетип жаткандардын бардык балдары кандай болгон күндө да мыйзам алдында аларды багып, карай турган, жоопкерчилигин алчу, укуктарын коргой турган расмий өкүл дайындалышы керек.

Мындай системада ата-энеси өлкөдөн чыгып кете электе эле өз укуктары менен милдеттерин ошол баланы карай турган адамга тапшырып бериши менен башталат. Же бир жашы жетилбеген баланы жергиликтүү бийлик органдары көрүп, ага расмий эч кимдин жоопкерчилиги жок экени аныкталса, анда бийлик баланы бага турган органды же тууганын аныктап, ага бардык ыйгарым укуктарын тапшыруучу бир механизмди иштеп чыгууну көздөп жатабыз.

Дүйнөдө жана Чыгыш Европада дал ушундай механизм менен иштеген бир топ өлкөлөр бар. Биз Кыргызстандын жергиликтүү бийлиги менен макулдашып, эң эле оптималдуу өрнөктү алып, ошого жараша иш баштайлы деп турабыз.

"Азаттык": Анда балдардын укуктарын коргош үчүн кыргыз бийлиги менен тыгыз иш алып баруу зарыл болсо керек...

Л.В.Сарандреа: Албетте, бул биздин долбоордун өзөгүн түзөт. Ошондой эле балдардын кылмыштуу иштерге кийлигишүүсүнүн алдын алууну да колго алалы деп жатабыз. Кокус мыйзамды бузган учурлары болуп калса, алардын укуктарын ар түрдүү инстанцияларда коргоп, кайрадан кылмышка аралашуусуна бөгөт болуучу профилактикалык иш-чараларды да аткарууну максат кылдык. Бул сыяктуу иш-аракеттерди башка өлкөлөрдө да жергиликтүү бийлик менен кошо аткарганбыз. Жыйынтыгы абдан жакшы болгон эле. Өспүрүмдөр, балдар арасындагы кылмыштуулук таптакыр жоголгон натыйжага жеткен учурларыбыз да бар. Юридикалык инстанцияларга күнү түшүп, бирок адилеттүү жазалоо менен чектелген балдар арасындагы кылмыштуулук кайра кайталанган эмес.

"Азаттык": Сиздердин уюм миграциядан жабыр тарткан балдардын аймактарын да иликтептир. Кайсы облустарда балдардын ата-энесинин экөө тең миграцияга кеткен учурлар көп экен?

Л.В.Сарандреа: Миграция жакырлык менен тыгыз байланышта эмеспи. Биздин изилдөөдө өлкөнүн түштүк жагында жайгашкан Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынан көп сандаган эмгек мигранттары өлкөдөн чыгарын аныктадык. Мисалга алсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бир кыштакта эмгекке жарамдуулардын 80 пайызы миграцияда экен. "Айылда кары-картаңдар менен балдар эле калды" деген маалыматты алдык. Өзүм да бул кыштакты көрүп келейин деп жатам. Эми аймактарга бөлүү да бир чети кыйын. Талас облусунда да миграциянын көп экени билинди. Ата-энелер өзгөчө жайкысын, мектептер жабылганда иш издеп сыртка көп чыгышат. Мындай жагдай балдардын коопсуздугуна да коркунуч келтирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG