Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы


Kids club борбору
Kids club борбору

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Апам мени төрөдү, ак бешикке бөлөдү,

Атам мени чоңойтуп, Москвага жөнөттү.

Москвада бир кыз бар, чөнтөгүндө жылдыз бар,

Барайын десем акчам жок, салайын десем сумкам жок...

Бул ырды жатка айтып берген алты жашар Перизат Москвада кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн түзүлгөн Kids club борборунун тарбиялануучусу.

Кечке иш менен алек болгон мигранттардын балдарына тамга таанытып, жазганды үйрөтүп, мектепке даярдоо максатында ачылган бул борбор быйыл жайда ишке кирген. Англис тилинде ырдап, өз ара көбүнчө орусча сүйлөшүп, тили бурулуп калган бөбөктөр кыргыз тилин дагы унутушпаптыр.

Тарбиячы Нүргүл Эндешова акыркы кезде балдарын Москвага жанына алып келип иштеген кыргызстандыктар көбөйгөндүктөн, мигранттардын балдарына ылайыкталган бала бакчаларга муктаждык күчөгөнүн айтат. Бул борборду ал кесиптеши Айсулуу Тургунбаева менен бирге түзгөн.

- Биз Kids club борборун башында балдарды мектепке даярдоочу курс катары ачканбыз. Анда ата-энелер мектепке балдарын саат он экиден кечки саат алтыга чейин алып келишчү. Азыр жайында болсо, иштеген ата-энелерге жеңил болсун деп, эртең мененки тогуздан кечки алтыга чейин балдарды карап берип жатабыз. 1,5 -2 жаштагы бөбөктөрдөн өйдө алып жатабыз. Эми бала бакча катары карап беребиз. Бул жерде тамак ичип, тамга таанып, санаганды үйрөнүшөт, ойношот. Анан англисче, орусча жана кыргызча ырларды үйрөтөбүз.

Борбордо тарбияланган балдар.
Борбордо тарбияланган балдар.

Нүргүл баласын Кыргызстанга таштап, алыста иштеген мигрант эненин кайгысын жакшы түшүнөт.

- Менин өзүмдүн үч балам бар. Орусияда он жылдан ашуун иштеп жүрөм. Муну башында Айсулуу экөөбүз бизге эле окшогон мигрант энелерге жеңилдик болсун деп ачканбыз. Бул жакта жумушуң миң жакшы болуп, бирок балдарың Кыргызстанда калса, энелерге абдан кыйын. Сүрөтүнө жалдырап тиктеп, жүрөгүң кысылып, ыйлап, зарыгып, саргарасың. Алып келип алсаң, бала менен жумушка чыгуу да кыйын. Шаардагы бала бакчага берүү аябай оор. Жеке бала бакчаларга болсо, акчабыз жетпейт.

Москвада мамлекеттик бала бакчадан орун алуу оңой эмес, ал эми жеке менчик бакчалардын акысы мигранттын бир айлык маянасынан ашып кетет. Адатта мигранттар Кыргызстандан өспүрүм кыздарды алып келишип, балдарын батирде каратышат.

Балдар сабак окуп жатат
Балдар сабак окуп жатат

Борбордун жетекчиси Айсулуу Тургунбаева үй шартындагы бакчаларга караганда, атайын клуб – борборлор балдардын акылынын өрчүшүнө өзгөчө жардам берерин айтат.

- Биздин балдар клубунун бир айлык акысы 10 миң рубль. Бала бактыргычка үйгө каратсаң ошол эле акча кетет. Бирок ал баланы эшикке алып чыгып, тамагын берип, карап эле турат. Бул жакта болсо, балага билим берилип, аң-сезиминин өнүгүп-өрчүүсүнө шарт түзүлөт. Анан Москвада барыбыз эле батирдебиз. “Тынч отур, катуу сүйлөбө, кыйкырба” деп жатып, балдар чүнчүп кетет. Бизде болсо, башка балдар менен ойноп, достошушат. Эми жоктон көрө жогору да.

Москвада кыргызстандык мигранттардын балдарына ылайыкталып ачылган мындай борборлор, үй шартындагы бала бакчалар ондоп саналат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG