Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Медведев мигранттарга жеңилдик сурады


Орусияда борбор азиялык мигранттардан түзүлгөн "ГТА" бандасынын үстүнөн сот башталды. Февралда төрт жашар наристенин өлүмүнө шектелген Гулчехра Бабакулованы орусиялык адистер оорулуу деп аныктады. Орус премьери Медведев Мамдумадан мигранттарга жеңилдик сурады.

Газета.ру Москва облусунда Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн “ГТА бандасы” кылмыштуу тобунун соту башталганын баяндайт.

Макалада бул кылмыштуу топтун колунан 2012-2014-жылдары 17 адам набыт болуп, дагы бир нече киши оор жаракат алышканы айтылат. Каракчылардын Москва облусунда чоң жолдордо айдоочуларга кол салып, унааларын уурдап кетишкендиги аныкталган.

Жалаң борбор азиялыктардан куралган банданы Ибайдулло Субханов башкарганы, ал эки жыл мурун топту кармоо учурунда өлтүрүлгөнү кошумчаланат.

Учурда камактагы тогуз жарандын үстүнөн сот иши жүрүп жатканы, ал эми банданын калган мүчөлөрү Тажикстанга качып кетишкени маалымдалган.

25-35 жаштагы айыпталуучулардын эки-үчтөн балдары бар экендиги, Орусияда көптөн бери жашап, айрымдары орус жарандыгын алганы да аныкталган. Алардын кээ бирлери банда мүчөлөрүнүн коркутууларынан же алардан акча алып карызын бербей калгандыктан кылмышка кириптер болушканын билдиришкен. Азыркы кезде айыпталуучуларга каракчылык, мыйзамсыз курал колдонуу, бандитизм жана адам өлтүрүү боюнча эркинен өмүр бою ажыратуу жазасы каралууда.

Лента.ру басылмасы февралда Москвада төрт жашар кыздын өлүмүнө шектелген Гулчехра Бабакулованы Орусиянын адистери оорулуу деп аныктаганын кабарлайт.

Өзбекстандык 39 жаштагы келин Москвада өзү баккан наристенин кесилген башын көтөрүп алып, көчөдө “Аллах акбар!” деп кыйкырып жүргөн кезинде кармалган. Сот залында Гулчехра Бабакулова аны дарыланууга Өзбекстанга жөнөтүүнү суранган. Бирок сот Бабакулованы 29-августка чейин камакка алуу чечимин узарткан.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Бабакулованын психикалык жактан оорукчан экендигин тастыктаган документтерди март айында орус тарапка жөнөткөн болчу. Анда келинди абактан чыгарышып, психиатрия ооруканасына жайгаштырышкан.

Регнум маалымат агентиги кыргызстандык Air Kyrgyzstan жана казакстандык SCAT авиакомпаниялары Москванын четине жаңы курулган “Жуковский” аэропортун колдонуудан баш тартышты деп кабарлайт. Эки авиакомпания мындай чечимин аэропорттун Москва шаарынан алыстыгы, жүргүнчүлөр үчүн транспорттук инфраструктуранын жоктугу жана аэропортко шаардык эмес, аймактык макам берилгендиги менен түшүндүрүшкөн.

Эң биринчи болуп Air Kyrgyzstan авиакомпаниясы 20-июнда Кыргызстандан жүргүнчүлөрдү алып келет деп пландалганы, бирок ушул күнгө чейин бир дагы учак жаңы аэропортко коно элеги айтылат. “Жуковский” аэропортунун курулушуна 2 миллиард рубль инвестиция жумшалган.

"КоммерсантЪ" басылмасы Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана Москва менен Ленинград облустарында миграциялык мыйзам бузган эмгек мигранттарына жеңилдик берүүнү тапшырганын баяндайт.

Макалада Медведев Мамдумага Орусиянын Административдик кодексинин укук бузуулар боюнча 18.8-беренесин өзгөртүү сунушун киргизгени айтылат. Бул беренеге ылайык, азыркы кезде Орусияда жүрүү эрежелерин бузган мигранттар сотто 5 миң рубль айыпка жыгылып, өлкөдөн беш жылга чыгарылып келет. Медведев болсо миграциялык мыйзамдарды сактабаган мигранттарды өлкөдөн депортациялоону токтотуп, жазаны айып пул менен чектөөнү сунуштап чыккан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG