Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Рочева: Миграция эркекти агрессияга түртөт


Анна Рочева
Анна Рочева

Орусияда кыргызстандык кыз-келиндерге башка улуттун өкүлдөрү менен мамилеси үчүн кысым же зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар туруктуу көрүнүш болуп калды. Өткөн жумада интернетте мындай эки видео тараган.

Миграция боюнча изилдөөчү, социолог Анна Рочева келгиндер арасында агрессивдүү жүрүм-турумдун пайда болуу себеби жөнүндө "Азаттыкка" кеп салды.

Июлдун аягында интернетте Москвада кыздарды суракка алган белгисиз кыргызстандыктын видеосу таркаган. Тасмадан кыздар жол боюнда бир нече адам менен турганын көрүүгө болот. Тасмага тарткан бала кыздарды сөгүп жатканы даана угулат.

Көп өтпөй кыргыз кызы менен мамиледе болгондугу үчүн айыптап, бир баланы ур-тепкиге алган топтун видеосу социалдык тармактарда жайылган. Анда кыргызча-орусча сүйлөгөн балдар башка улуттун өкүлүнөн кыргыз кыздарга жолобошун талап кылып, уруп-сабап жатканы көрсөтүлгөн. Аны тартып, интернетке жайгаштыргандар ким экени жана сабалган кайсы улуттун жараны экени азырынча белгисиз.

Бул окуя боюнча Орусиядагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгүнөн маалымат берилбеди.

Ал эми миграция боюнча орусиялык изилдөөчү, социолог Анна Рочева мындай агрессивдүү актыларды социалдык, экономикалык жана психологиялык факторлор менен түшүндүрөт.

"Азаттык": Анна айым, сиз Орусиядагы кыргызстандык мигранттар арасында кыз-келиндерге карата кысым жөнүндө жакшы кабардар экенсиз. Мындай көрүнүштөрдүн себеби эмнеде?

Эркектер мындай агрессивдүү актылар менен миграцияда жоголгон социалдык ордун, күч позициясын көрсөтүүгө аракет кылат.

Анна Рочева: Биздин изилдөөлөр Москвадагы кыргызстандык мигранттарда өзүнүн этностук тегин аныктоо сезими жогору экенин көрсөткөн.

Мындай улуттук аң-сезимдин күчөшү Советтер союзу таркагандан кийин эгемендик алган бардык республикаларга мүнөздүү. Мындай коомдо тукум уулоо жана маданий каада-салттарды сактоо үчүн аялдардын ролуна өзгөчө маани берилет.

Адам эмгек миграциясында жүргөн кезде мурдагы карым-катнаштар токтоп, жаңы чөйрөгө түшөт. Бул жерде адамдын жүрүм-турумуна тааныш, туугандар аркылуу жасалган социалдык көзөмөл жоголот. Буга кошумча мигранттын энчисине айлыгы аз, оор жумуштар тиет, келе жатканда ойлогон ой-тилектери аткарылбай, психологиялык жактан көңүл калуу, иренжүү сезими пайда болот. Мындан улам адамдар мурда көнүп калган коомдук тартипти жана түзүлүштү бөтөн жерде сактоого аракет кыла баштайт.

Москвадагы кыргызстандык мигранттардын арасында башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курган кыз-келиндерге кысым же зомбулук көрсөтүү дагы ушундан улам десе болот.

Эркектер мындай агрессивдүү актылар менен миграцияда жоголгон социалдык ордун, күч позициясын көрсөтүүгө аракет кылат. Жергиликтүү коомдо, ошол эле укук коргоо органдары менен мамиледе өздөрүн алсызыраак сезгенден улам «менин да бирөөгө күчүм жетет», «бирөөнү баш ийдире алам», «менин колумдан келет» деген негативдүү түшүнүктөр пайда болушу мүмкүн.

"Азаттык": Мындай окуялар Орусияда, Москвада башка этникалык топтордун арасында катталганбы?

Москвада көчөдө калпак кийген, туунун сүрөтү тартылган кийимчен кыргызстандыктарды көрүүгө болот. Өзбекстандыктар менен тажикстандыктарда андай жок, бул өлкөлөрдө саясий жана социалдык абал башкача.

Анна Рочева: Муну көбүнчө адамдардын улутчулдук сезимдин кайрадан жандандыруу жана калыптандыруу аракеттери менен түшүндүрсө болот.

Кыргызстандыктар социалдык активдүүлүгү, өзүнүн этностук тегин жогору коюу сезимдери менен айырмаланат. Мисалы, Москвада көчөдө калпак кийген, туунун сүрөтү тартылган кийимчен кыргызстандыктарды көрүүгө болот. Өзбекстандыктар менен тажикстандыктарда андай жок, бул өлкөлөрдө саясий жана социалдык абал башкача. Бул факторлор адамдардын жүрүм-турумуна катуу таасир этет эмеспи.

Дагы айтсак, кыргызстандык мигранттардын 40 пайыздан ашууну аялдар. Өзбекстандыктар жана тажикстандыктар арасында кыз-келиндер аз, ошондой эле алар сөзсүз түрдө жакын тууганынын көзөмөлүндө болот. Ошондой эле эконимикалык фактор. Мисалы, тажикстандыктардын көбү жарандык согуштан кийин келгендер, алардын Орусияда тапканы мекенине караганда кыйла арбын, ошон үчүн алардын максаттары башка.

Экономикалык фактор да мигранттар арасында агрессияны пайда кылат. Тапканына алымсынбаган, социалдык статусу төмөндөгөн адамдар негативдүү сезимдердин ордун агрессия менен толтурууга аракет кылышы мүмкүн.

Белгилей кетчү нерсе, биз сурамжылоо жүргүзгөндө, кыз-келиндерге кысым аларды чет жерде коргоп, аларга көз салуу үчүн атайын жасаларын айткан мигранттар болгон. Мындай көрүнүштөрдү толук тыюуга, мындай көзөмөлдү башка чаралар менен алмаштырууга болот.

"Азаттык": Кантип?

Мигранттар социалдык байланыштарын кеңейтсе, мындай стереотиптик көз караштар, агрессиялык актылар азаймак.

Анна Рочева: Мындай нерселерди токтотуу үчүн стереотиптик көз караштарды азайтып, улуттар арасындагы мамилени жакшыртуу керек.

Психологияда «аут группа» же чоочундар деген түшүнүк бар. Улуттар ортосунда мындай негативдүү маанайды жоюп, ынак мамиле түзүүгө көмөктөшүү керек. Орусияда мигранттардын өз-өзүнчө топтошкон аймактары жок, бирок адамдар ич ара бөлүнүп, айылдаштар же жердештер менен бир тыгыз социалдык чөйрөдө гана баарлашып келет. Адамдардын баарлашуусу мындай түнт чөйрө менен чектелбеши керек. Башка чөйрөнүн, башка улуттагы адамдар менен да социалдык байланышты кеңейтүү керек.

Ар бир улуттун баалуулуктары, каада-салты болот. Бири-бирин кабыл алууга, урматтоого үйрөтүү керек. Мигранттар социалдык байланыштарын кеңейтсе, мындай стереотиптик көз караштар, агрессиялык актылар азаймак. Бул, албетте, эмгек мигранттарынын Орусияда интеграция болуу маселесине дагы байланыштуу.

Орусияда кыргыз кыз-келиндеринин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курганына каршы чыккан топтор 2012-жылы пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайгаштырган.

Акыркы кезде башка улуттун өкүлдөрү менен мамиледеги кыз-келиндерди фото-видеого тартып, социалдык тармактарда уяткарып, талкууга алуу туруктуу көрүнүш болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG