Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Москвада кыздарды кордогондордун бири кармалды


Москвадагы кыргыздар
Москвадагы кыргыздар

Орусияда өздөрүн “Патриоттор” деп атап алган топтун мүчөсү деген шек менен Ош шаарынын тургуну кармалды. Ал жердеш кызын зордуктап, видеого тарткан деп шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Ош облусунун 28 жаштагы тургуну кыргызстандык кызды башка улуттун өкүлдөрү менен жакшы ымалада болгонсуң деп жыңалачтап видеого тартып алган. Милицияга кайрылса интернетке таратып жиберерин айтып коркуткан.

Жигиттин кармалгандагы видеосу интернетке тарап, “жарма патриоттордун” кылык-жоругу кайрадан талкууга алынууда. Ал өзү буларды айтып берген:

- Бир кыз менен жүрүп, ал полицияга арыз берип коюптур. Ал кыз менен кечээ жаттым эле, ошондо "сен мени тоготпой кетип атасың, өзбектериң бар да, ошон үчүн кетип атасың" деп катуу айткам. Анан "күзөтчүлөргө эмне дедиң" деп кыйкырдым эле. Экинчи күнөөм ошол. Жыныстык катнашта болгонбуз, бирок экөөбүз жакшы мамиледе болгонбуз. Эки тараптын макулдугу менен болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, 14-сентябрда 20 жаштагы кыргызстандык кыз кайрылып, Майрамбек аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

- Тиги кыздын өзбек, тажиктер менен байланышы болгон эмес. Бирок коркутуп, чечиндирип алып видеого тартып, "тажиктер менен болгом" деп айттырып, аны менен опуза кылып жатпайбы. "Мен чакырганда келип турбасаң же милицияга кайрылсаң интернетке таратып жиберем" деп коркутуптур. Бул бала кармалып, тергөө жүрүп жатат. Соттун чечими менен камалды, эч жакка чыкпайт. Ал өз жазасын алат деп ойлойм.

Шектүү жаранды Кыргызстан жана Орусиянын тартип коргоо органдары колго түшүргөн. Буга чейин жердеш кыз-келиндерге ушундай эле запкы көрсөтүп, видеого тартып, интернетке жайылткан балдар кармалганы айтылганы менен, бири да жоопко тартылган эмес.

Орусия милициясы кордолгон кыздардын биринчиси Сапаргүлдүн окуясы боюнча кыргызстандык "патриоттор" тобунун жети мүчөсү мекенине качып кеткенин кабарлаган болчу. Айрымдары далил жок деп койо берилген. Ал эми кыргыз милициясы окуя Орусияда болгонун айтышып, кыз-келиндерден арыз түшпөгөнүн белгилеп тим болушууда.

Москвадагы мигрант келиндер
Москвадагы мигрант келиндер

Санкт-Петербург шаарында адвокат болуп иштеген Мирбек Токтошев көп учурда кыз-келиндер укуктарын билбей турганын, билгендери ишти аягына чыгарбай, же болбосо ачык айтып чыгуудан жазганарын билдирди. Жергиликтүү менталитеттен улам “жарма патриоттордун” кордугуна туш болгон айрымдары көйгөйдү ичине “жутуп”, сыр катары калтырууну туура көрүшөт.

- Жабырлануучудан көп нерсе көз каранды. Эгер ал өз укугун коргоого аягына чейин аракет кылса жыйынтык болот. Биздин мекендештердин дагы бир катасы ушул. Алар кайрылышпайт, өз укуктарын билбейт, аягына чейин чуркашпайт. Экинчиден, кыска убакытка, иштегени келген үчүн өз укугун аягына чейин коргоого барышпайт.

Укук коргоочулар кыздарды кордогондор өз жазасын алмайынча мындай окуялар улана берерин айтып келишет. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова мунун артынан башка “жалган патриотторду” табууга аракет жасалышы керек деп эсептейт.

- Жигит Орусиянын аймагында кармалганына сүйүнүп жатам. Анткени Кыргызстанда кармалса тааныш, дагы башка деп чыгып кетиши мүмкүн эле. Тилекке каршы калпычы патриоттор, патриот деген атка жамынып алышып күч органдарынын колдоосу, үнсүз макулдугу, шыкактоосу менен алсыз аялдарды же чет элдик жарандарды кордоп келишет. Азыр кармалган баланын жакындары, шериктери ким, аны менен чогуу жүргөндөрдүн колунан жабыркагандар барбы, жокпу - мына ушуларды тактоо керек. Ага кыргыз милициясы да көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Аскат Алиев ушул багытта азыр иш жүрүп жатканын белгиледи:

"Азыр ошонун үстүнөн конкреттүү иш жүрүп жатат. Екатеринбургдагы топту кармайбыз деп иштеп жатабыз".

Өздөрүн “Патриот” деп атаган топтун тасмалары интернетте 2012-жылдын жаз айынан тарта пайда болгон. Андан бери бир канча тасма интернет аркылуу таратылса да, алардын ичинен эки кыз гана тартип коргоо органдарына кайрылган.

19 жаштагы кызды жылаңачтап алып, топ балдар суракка алган соңку видео интернетке 6-июлда жарыяланган. Бирок бирөө да буга чейин жасаган мыйзамсыз ишине жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG