Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:53

Жаш кыздардын арасында төрөп, баласынан баш тарткандар көбөйүүдө. Алардын дээрлик баарынын “сүйлөшкөн жигиттери” таштап кетишкен. Адистер муну тарбиянын жана жаштардын сексуалдык сабаты жоктугунан көрүшөт.

Апасы да миграцияда, өзү да мигрант...

Бир аз күн мурда төрөп түшкөн, көзүнөн толгоонун азабы, жүзүнөн шишик кете элек 18 жаштагы кыз микрофонго сүйлөп бергиси келбеди. Ал тууралуу Бишкектеги “Балдарды коргоо” борборунун адиси Кумар Эргешова айтып берди:

- Бул кыздын эки бир тууган сиңдиси бар. Күн сайын биздин борборго келип, ысык тамак ичип кетишет. Бирөө 9-класста, экинчиси 4-класста окуйт. Атасы менен апасы ажырашып кетип, чоң энесинин колунда жүрүшүптүр. Апасы Орусияда иштейт экен. Чоң энеси каза болгондон кийин эки кыз бул "Дордой" базарынын жанында жашаган таежесинин колуна келишиптир. Ал жерден башка балдардан биздин борбор тууралуу угуп, бизге келип тамак ичип кетип турушчу. Ошолор аркылуу бул кызды таптык.

"Сүйөм дедиң..."

18 жаштагы Гүласел Москвада, жигити менен чогуу иштечү экен. Бири-бирин жактырып, анан батирге чогуу чыгып, жашап жүрүшкөн. Кыз кош бойлуу экенин билгенден көп өтпөй, жигити дайынын таптырбай кетип калган. Курсагы чоңойгончо иштеген Гүласел кыймылы оорлогондо Бишкектеги сиңдилеринин жанына, таежесинин колуна келген. Бир нече күндөн кийин төрөгөн.

Кумар Эргешованын айтуусунда, кыз кош бойлуу кезинде бир да жолу дарыгерге көрүнгөн эмес, ушундан улам төрөтү да оор болуп, ымыркайы да, өзү да алсыз. Баласы учурда шаардагы төрөтканалардын биринде дарыгерлердин кароосунда. Гүласел ооруканадан эки күн мурун чыккан. Баласын бир убак барып, эмизип келет. Башында баладан “бага албайм” деп баш тарткан эне, эмизгенден бери мээрими түшүп калганбы бизге “өзүм багам” деп жооп берди.

“Балдарды коргоо” борборунун адиси Кумар Эргешованын айтуусунда, кыздын таежесинен башка барар жери жок:

- Бул жерде кызга ким көмөк көрсөтөт? Баласы экөө эмне ичип-жейт? Ымыркай баланы бага алабы? Кийинки жашоосу кандай болот деген суроолор бар. Таежеси өзү да жаш аялмет экен, төрт баласы менен тар батирде турушат экен.

Кумар Эргешова кыздын Орусияда иштеген энеси каражатынын жоктугуна шылтоолоп, жардам бербей койгонун кошумчалады.

Мээримге тойбой, мээримсиз...

Адистер мындай жоопкерчиликсиз, турмушка жеңил караган кыз-жигиттердин көбөйүүсүнө үй-бүлөлүк баалуулуктардын жетишсиздигин айыпташат. Психолог Таалай Жакыповдун айтуусунда, бул кыз-жигиттердин дээрлик баары 90-жылдары, ички-тышкы миграция жаңы башталган учурда төрөлүп, ата-эненин тарбиясын толук көрбөй, өздөрү менен өздөрү кала берген жаштар:

- Булардын көпчүлүгү биринчи миграцияга кеткендер же ошол мезгилде баласына мээрим төгө албай, эртеден-кечке базарда жүргөндөрдүн балдар-кыздары. Азыр байкап көрсөңөр, 25-30 жаштагы ажырашып кетип жаткандар да балдарын карабай таштап кетип же туугандарына калтырып кетүүдө. Булардын дээрлик көбү өздөрү 90-жылдары ата-эне мээримине тойбой, тарбиясын албай калган балдар.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Адистердин билдиришинче, Кыргызстанда соңку жылдары өз баласынан баш тартып, балдар үйлөрүнө, интернатка калтырып кеткендердин саны көбөйүүдө. Мындан тышкары баласын төрөп, андан арылуу үчүн ар кандай мыкаачылыкка барган аялдар да катталган.

Жыл башында Токтогул районунда даараткана ичине ыргытылган ымыркай баланы сактап калышкан. Энеси табылып, ага кылмыш иши козголгон. Бишкекте бир нече жолу таштанды арасынан жаңы туулган наристелердин сөөгү табылган. 16-ноябрда Санкт-Петербургда таштандынын жанындагы желим чакада жаңы төрөлгөн ымыкайды таштап кетишкен. Териштире келгенде анын энеси кыргызстандык кыз болуп чыккан. Андан мурдараак, Екатеринбург шаарында кыргызстандык келин базардагы дааратканада төрөп, ымыркайды тумчуктуруп жатканын соода борборундагы кароолчу көрүп, Тез жардам чакырганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өткөн жылы ташталган наристелердин саны 95ке жеткен. Ушундан улам, Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды наристелерди аман алып калуу үчүн, аларды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгесин көтөрүп чыккан.

Сактанууну билгенден пайда барбы?

Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн айрым адистер улан-кыздарга мектептен эле кош бойлуулуктан сактануунун жолдорун үйрөтүү зарылдыгын айтышат. Биз "Дордой" базарында иштеген жаш кыздарды кепке тартып, кош бойлуулуктан сактануунун жолдору тууралуу сурап көрдүк. 16 жаштагы Сезимай мектепти бүтө элек болсо да, мындай маалыматтар менен тааныш экен:

- Мектептен андай сабак өткөнбүз. “Женсовет” деген бар, ошол жакта чоңдордун жашоосу тууралуу айтып, көрсөтүп, окуткан. Сактануунун жолдорун деле билебиз. Азыр заман, техника өнүккөн учур. Түрлөрү бар да. Сактанууга кыздар да, жигиттер да милдеттүү деп окуткан.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда түрдүү интернаттарда 20 миңдей бала багылууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG