Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Бала сатканы жаткан кыз кармалды


Орусия -- мигрант кыргыз кыз-келиндерин полиция текшерүүдө. Москва, 7-июль, 2011. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Орусия -- мигрант кыргыз кыз-келиндерин полиция текшерүүдө. Москва, 7-июль, 2011. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Самара шаарында 17 жаштагы кыргызстандык кыз 4 айлык чүрпөсүн сатып жаткан жеринен кармалганы ачыкка чыкты.

Бул тууралуу 14-августта Орусиянын ички иштер министрлигине шилтеме кылган бир канча маалымат булактары жазып чыгышты. Бүгүн болсо "Комсомольская правда" гезитинин интернеттеги версиясына бул кыз кыргызстандык өзбек тектүү кыз экени тууралуу маалымат чыкты. Гезит кыздын аты-жөнүн шарттуу түрдө өзгөртүп, Саодат Галиева деп берген.

Приволжсктин тергөө башкармалыгынын маалымат катчысы Дмитрий Захаров: "Кызыл жоолук жамынган бул кыз өзбек кызы болуп чыкты. Жанында эч кандай документи жок экен. Эми анын чыныгы аты-жөнүн жана ал сатмакчы болгон наристе чын эле анын баласы экенин аныктоо милдети турат. Ал баланы жөн эле уурдап алган болушу да мүмкүн", - деп айткан аталган гезитке.

Маалыматтарга караганда, Самарадагы дарыянын портунда 17 жаштагы кыз 4 айлык баласын сатып жаткан жеринен кармалган. Кыргызстандык кыздын бала сатуу ниетин мурдатан билген укук коргоо органдары алармандын ролун аткарышып, кызды кармашкан. Кармалган кыз өз чүрпөсүн 35 миң рубльга пулдап, ордуна Орусия паспортун алганы жатканын билдирген.

Бирок "Азаттыкка" Кыргызстандын Москвадагы элчиликтин консулдук бөлүмүнөн азырынча бул кыздын жарандыгы тактала электигин билдиришти.

- Ал кыз азыр биздин жаранбы, же жокпу тактала элек. Бизге алгачкы маалымат гана келди. Ал кыз оозеки түрдө кыргызстандыкмын деп айтыптыр. Кийин ал Орусиянын жараны болуп чыкса эмне кылабыз?

Орусиянын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кыргызстандык делген кыз азыр камакта.

Ал арада Москвадагы балдар үйүндө кыргыз тектүү 21 наристе бар экени аныкталып отурат. Аларды таштап кеткен энелери документине кыргыз деп жаздырышкан экен. Эми бөбөктөрдүн алтоо 16-августта Москвадан Бишкекке жеткирилет.

Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташтык жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Курманкул Жумалиев мындай деди:

- Балдардын баары оорулуу деп жатышат. Бирок анык диагноздорун эми чыгарып, көрөбүз кандай болоорун. Үч бала 2011-жылдын аягында, үчөө 2012-жылдын башында төрөлгөн. Эгер Кыргызстандын элчилиги, же консулдугу 6 ай ичинде аларга Кыргызстандын жарандыгын бербесе мындай балдар Орусиянын жарандыгын алып калышат.

Бул Москвада ташталган наристелер. Айрым коомдук уюмдар эгер Орусияда баш-аягы жарым миллион чамалуу кыргызстандык жаран, алардын тең жарымы кыз-келиндер экенин эске алганда, башка шаарларда да ташталган ымыркайлар аз эмес болушу мүмкүндүгүн боолгошууда.

Москвада кыргызстандык кыз-келиндердин укугун коргогон Жамийла Бегиева 21 наристе тууралуу балдар үйүнүн кызматкерлери билдиргенин айтат. Ал эгер кыргыз тарап расмий түрдө сураса, алар бүт Орусия боюнча ташталган кыргыз бөбөктөр тууралу так маалымат бермек деп эсептейт.

Жамила Бегиева акыркы жылдары Орусиядагы кыргыз кыз-келиндеринин төрөп таштап кетмейи өнөкөткө айланганын кошумчалады:

- Акыркы 6 айда Москвада эле 20-25 жаш курактарындагы үч кыз асынып өлдү. Эки кыз болсо боюн таштап жиберди, бирөөсү быйыл, экинчиси былтыр ноябрь айында. Дагы бирөө болсо төрөттөн кийин сепсистен каза болду. Биздин кыздардын абалы оор эле.

Орусиянын “Комсомольская правда” гезити болсо “Орусия гастарбайтерлердин төрөт үйүнө айланууда” деген макаласында жалаң кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу жазып, окуу жылы аяктаган маалда Кыргызстандын жаш кыздары Орусияга агылып келет деп жазганы бар...
XS
SM
MD
LG