Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:06

Кыргызстанда балдардын эмгектенүүсүнө тыюу салынган менен базарларда, соодада, талаада жана тейлөө тармагында иштеген балдардын саны миңдеп саналат.

Кабыргасы ката элек балдардын иштөөсүнө эмне себеп? Кыргызстанда балдардын эмгектенүүсү кантип жөнгө салынат? Иштөөгө мажбур болгон балдардын үй-бүлө көйгөйүн чечүүнүн кандай жолдору бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев жана Билим берүү министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева катышты.

“Азаттык”: Гүлшан айым, Улуттук статистикалык комитеттин 2014-жылдагы иликтөөсү боюнча эмгектенген балдардын саны 2007-жылдагы иликтөөгө караганда бир аз төмөндөптүр. Бирок коркунучтуу деп эсептелген жумуштарда иштеген балдардын саны көбөйгөн экен. Ал кандай жумуштар жана эмне себептен көп болду?

Гүлшан Абдылдаева: Бул абалды Билим берүү министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү, Ички иштер министрликтери менен биргеликте изилдеп чыккан. Анда баланын организмине зыян келтирген оор жумуштар деп кенди иштетүүдөн калган зыяндуу калдык жайларында, оор жүк көтөргөн таштанды жайларда же базарларда бөтөлкө терген жумуштар экендиги аныкталган.

Андан тышкары балдардын көчөдө кайыр сурагандары да психикалык, моралдык жактан терс таасир бергендигинен улам оор жумуш деген топко киргизилген. Ошондуктан, билим берүү тармак өкүлдөрү ата-энелер менен алдын-алуу иштерди жүргүзүп, балдарды эң ириде окууга тартуу аракети жасалып жатат. Анткени, бала жакшы жумушта иштеп, жакшы акча тапса дагы жаштайынан окуудан калып иштеши анын келечек тагдырына жаман таасир тийгизиши мүмкүн. Себеби, биздин иликтөөлөр кылмыш чөйрөсүнө кириптер болгон адамдардын көбү бала кезинде мектепте билим албагандар, тарбия көрбөгөндөр болгондугун аныктаган.

Кээ бир учурда кылмышка барган адамдардын арасында таптакыр билими жок, айрымдары тамга тааныбай тургандыгы да аныкталган. Ошондуктан, баланын келечеги ата-эненин колунда деген милдет менен алдын-алчу иштерге көңүл буруп жатабыз. Жаш кезинде иштеген баланын ден соолугуна көп деле зыян келбегени менен анын моралдык, адеп-ахлактык жактан инсан катары толук кандуу жетилишине терс таасирин тийгизет. Мисалы, балдарды ишке тарткан айрым ишкерлер баланы иштеткен менен акчасын төлөбөй, тамак-ашын да убагында бербей коюшу мүмкүн. Айлык маяна алам деген кызыгуу менен бала алданып ачка болсо деле иштеп жүрө берип, айлыгынан куру калган учурлар жок эмес. Мындай учурда бала моралдык гана эмес, психикалык жактан да жабыр тартат.

Ал эми ишкерлер баланы иштеткенден кийин чоң кишилердей эле маянасын толук төлөп берүүгө милдеттүү. Бул жерде балдар өз укугун билбей жабыр тартып, адамдарга, коомго жек көрүү сезими күч алып кетиши да мүмкүн.

“Азаттык”: Жээнбек мырза, Кыргызстан гана дүйнө жүзүндө балдардын эмгектенүүсүнө эң ириде экономикалык кырдаал башкы себеп экендиги белгилүү. Бирок, менин оюмча буга жалпы Борбор Азиядагы тарбиянын өзгөчөлүгү да өз таасирин бериши мүмкүн деген пикир коомдо бар. Анткени, биздин региондо “баланы башынан” деп, кичинекейинен баштап эмгек менен тарбиялоо керек деген көз караш күчтүү эмеспи. Же мындай тарбия азыр баланы эксплуатациялоо деп эсептелеби?

Жээнбек Осмоналиев: Биринчиден, балдардын эмгеги деген эмне экендигин аныктап алсак. Муну төрт категорияга негиздеп туруп аныктай турган болсок, бул - баланын ден соолугуна зыян келтирген, билим алуусуна тоскоол болгон, балдардын аброюн кемсинткен жана балдарды эксплуатациялаган эмгек.

Ата-энелер жана жалпы эле коомчулук балдар эмгеги деген түшүнүк менен балдарды эмгекке тарбиялоо деген түшүнүктү ажырата билишпейт. Демек, кайсы учурда баланы эмгекке тарбиялоо болуп эсептелет, кайсы учурда балдар эмгеги деп бааланат дегенди ажыратып биле беришпейт. Мына ушундан улам балдардын эмгеги социалдык көйгөйгө айланып жатат.

Кайсы гана жумуш болбосун жогоруда аталган төрт критерий менен аныкталган жумуш балдардын эмгеги деп аныкталышы керек. Мисалы үчүн, балдарыбыздын мектепке баруусуна тоскоолдук жараткан иштерге тартсак, ден соолугуна зыян алып келип жатса, демек ал балдарды эксплуатациялоо деп эсептелет жана биз балдарды андай ишке тартпашыбыз керек.

Кыргызстан агрардык өлкө болгондон кийин жазында жана күзүндө балдарыбыз мектепке барбай талаа иштерине жардам беришет. Демек, алардын билим алуусуна тоскоолдук жаралып жатат. Андан тышкары баланы кемсинткен учурлар жок эмес. Бала болсо да коомдо балдардын өз аброю, моралдык баалуулуктары менен орду бар. Эгер алардын аброюн кемсинткен жумуштарда иштетип койсок, бала моралдык жактан басынып, психикалык жактан жабырланат.

Баланы иштетип коюп, бирок акысын бербесе, кийимин бүтөп мектепке керектүү нерсесин ала албай эле анын пайдасын башка бирөөлөр көрүп атса анык эксплуатациялоо болот. Албетте, баланы жаштайынан эмгекке тарбиялоо керек, бирок анын чегинен чыгып, иштетүүгө өтүп кетсе сөзсүз түрдө баланын эмгегине кирет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG